Аял кишинин урмат-сыйын жана укугун коргоонун жалгыз жолу – Исламды колдонуу

147
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Аял кишинин урмат-сыйын жана укугун коргоонун жалгыз жолу Исламды колдонуу

Бүгүнкү күндө Батыш жана башка жерлердеги либерал мамлекеттер кризис артынан кризиске батуу менен бирге, курч социалдык жана ахлакый проблемаларда жүз тутуп жатат. Буга аялдардын зомбулукка учурашынан тартып, үй-бүлөлөрдүн бузулушу цунамисине чейин мисал кылуу мүмкүн… Меселен, Европа Союзундагы ар үчүнчү аял зомбулукка дуушар болууда… Европа Союзундагы ар экинчи аял жыныстык тийиштиктин курманы болууда (Еврокомиссиянын билдирүүсү). Францияда ар үч күндө бир аял мурунку же учурдагы шериги тарабынан өлтүрүлүүдө. («Гардиан» 2019-жыл). АКШда ар үч күндө бир аял үй-бүлөлүк зомбулук себептүү өлтүрүлүүдө. (АКШ Адилет бьюросу).

Булардын алдында ушуларды айтабыз, аял киши үчүн жаркыраган келечек куруунун жолу бирөө гана. Ал да болсо, Исламды толук жана туура колдонуу. Ар кандай адам ушул түзүмдү колонизаторлордун жомок жана жалгандарысыз объективдүү үйрөнсө, ишеничтүү жана узак жылдар тажрыйбада сыналган жолго ээ болгонун түшүнүп жетет. Анткени, бул түзүм аял кишинин коомдогу урматын дагы да күчөтүп, зомбулуктан сактайт. О.э. саясат, экономика, таалим, укук жана ижтима сыяктуу тармактарда Аллах Субханаху ва Таала тартуулаган укуктарынан пайдаланышын кепилдейт. Ислам өкүмү менен өкүм жүргүзүп жаткандар бул укуктардан баш тартуулары таптакыр жаиз эмес. Себеби, аларды Аллах Таала Өзү белгилеп берип, талкууга орун калтырбаган.

 

Роя гезити, №412, 2022-жыл, 12-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here