Түркия “израил” менен сооданы токтотту

452
0

Түркия “израил” менен сооданы токтотту

         Түркия Газада кыргындар башталганына 7 ай өткөндөн кийин “израил” менен ар тараптуу сооданы токтотту. Соода алакасы уланышы үчүн Газага үзгүлтүксүз гуманитардык жардамдар башталышын шарт кылды. Бул тууралуу Түркиянын соода министрлиги билдирди.

         Министрлик жазуу түрүндө таркаткан маалыматта, Түркия 7-октябрдан бери ок атышууну токтотуу, инсандык жана материалдык жоготуулардын алдын алуу, эки мамлекет чечимин ишке ашыруу боюнча дипломатиялык аракеттерди жасап келгени айтылды.

Аталган билдирүүнүн артынан яхудий тышкы иштер министри Кац, Түркияны эл аралык соода келишимдерин бузууда айыптады.

Ал эми, Түркия президенти Эрдоган жума намазынын артынан журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мындай деди:

““израил” ушул күнгө чейин 40-45 миң палестиналыкты аёосуз өлтүрдү. Өлкөбүздө айрым партиялар шайлоо кампаниясы учурунда биздин “израил” менен түзгөн алакабызды өздөрүнүн кызыкчылыгына колдонду. Шайлоолор бүттү. Биз кадамыбызды таштадык. Эки өлкө ортосунда 9,5 млрд долларлык соода бар болчу. Бул эшикти жаптык”.

Комментарий:

Буга чейин, Түркия бийлигинин Газадагы кыргындарга карабай жөөт вужуду менен соода байланышты улантуусу жергиликтүү калктын катуу каршылыгына дуушар болгон. Айрыкча, экспорттук товардын ичинде мунай, болот, темир жана ок дарылардын болушу мусулмандардын ачуусун келтирген. Натыйжада, өткөн айда өткөн шайлоодо Эрдогандын “Адилет жана өнүгүү” партиясы добуштарын жоготту. Тагыраагы, бийликчил талапкерлер Стамбул сыяктуу негизги шаарларда жеңилүүгө мажбур болгон.

Түпкүлүгүндө, Түркиянын (израил) менен болгон соода жана дипломатиялык алакалары анык арам иш. Ханафий мазхабынын улуу факихтеринен болгон Маргуланий айткан:

“Согуштук абалда болгон калкка курал жана курал жасалуучу чийки заттар сатылбайт, азык-түлүк да жиберилбейт. Анткени, Набий (с.а.в) мындан кайтарган” (Иная, V, 461).

Бул жерде жеке компания болобу, мамлекеттик компания болобу, айырмасыз, жетекчи аны көзөмөлдөөгө тийиш. Анткени, жетекчи кол астындагылардан жоопкер. Буга кошумча, Түркия бийлигине жүктөлгөн шарий өкүм: согуш абалындагы жөөт вужуду менен бардык алакаларды токтотуп, казармаларда сактап жаткан армияларды – Америка кызыкчылыгы үчүн Ирак жана Сирияга жөнөтүүнүн ордуна – Газаны коргоо үчүн сапарбар кылуу болуп эсептелет. Анткени, күчкө каршы күч, армияга каршы армия коюлбаса, бул кыргындар токтобойт.

Аллах Таала айтат: “(Эй момундар), силерге эмне болду? Алла жолунда жана: «Раббибиз, бизди тургундары заалим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жибергин»,- деп жаткан эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечараларды азат кылуу жолунда согуш кылбай жатасыңар?!” [Ниса: 75].

Эй мусулман жетекчилери! Силер кыла турган иш – баскынчылар жана кан төгүүчүлөр менен алака орнотуу эмес, аларды жерлерибизден кубалап салуу! Алар менен диалог түзүү эмес, аларга каршы армияларды аттандыруу!

Куддус маселеси ал жерге Америка кызыкчылыгындагы эки мамлекетти пайда кылуу менен чечилбейт! Куддус маселеси «Куддус баскынчылар колунда болгон чакта бизге күлүү арам болсун!» деген Салахуддин сыяктуу жетекчилердин колу менен чечилет! Куддус каапырларга кызмат кылуудан аброй күткөн жетекчилер менен эмес, «Исламдан башка жерден аброй издесек Аллах бизди шерменде кылат» деген Умар (р.а) сыяктуу рошид халифа аркылуу куткарылат! Я Аллахым, Исламга жана мусулмандарга нусратыңды жакын кыл! Палестинадагы, бүткүл дүйнөдөгү зулум чегип жаткан мусулмандарга калкан боло турган Рошид Халифалык мамлекетин бизге насип эт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here