ӨЗГӨРТҮҮНҮН КАТА УСЛУБДАРЫ

394
0

بسم الله الرحمن الرحيم

ЖОЛ

5-бөлүм

 ӨЗГӨРТҮҮНҮН КАТА УСЛУБДАРЫ

 Белгилүү болгондой, ири өзгөртүү талап кылынып жаткан болсо жана өзгөртүүдөн улуу максат көздөлгөн болсо, мындай өзгөртүүнүн бекем жана өмүрү узун болушуна муктаждык да ошончолук чоң болот.

Биз ишке ашырууга умтулуп жаткан өзгөрүү Үммөттү өзгөртүү жана аны төмөндүктөн бийиктик чокусуна алып чыгуу болгондуктан бул өзгөртүүнү кантип ишке ашырууну жакшылап үйрөнүшүбүз керек. Адашуудан, ийгиликсиздиктен этият болушубуз керек. Ошол себептен өзгөртүүнүн айрым ийгиликсиз услубдарын карап чыгабыз.

Өзгөртүүнүн ийгиликсиз услубдарынын маанилүүлөрү:

  1. Маддий шыктандыруу (сыйлык берүү) услубу.

Бул – адамды өзгөрүшү же өзгөртүү жараянына кошулуусу үчун бирер маддий нерсе берүү аркылуу кызыктыруу услубу. Бул услуб ийгиликсиз. Себеби, анын таасири убактылуу болуп, сыйлык бүтөрү менен ал адам да өзгөртүүнү токтотот. Мисалы, ата окуучу уулун тырышып окушу же айрым жаман адаттарды ташташы үчүн, же болбосо адеп-ахлактуу болушу үчүн сыйлык берип турса,мындай абалда уулу өзгөрөт. Бирок, анын бул өзгөрүүсү убактылуу болуп өзгөртүүгө үндөп жаткан аамил жоголору менен ал да жоголот. Бул аамил т.а. сыйлык же маддий шыктандыруу ар дайым эле боло бербеши табигый көрүнүш. Мунун натыйжасында алууга үйрөнүп калган сыйлык же маддий шыктандыруу алынбай калса, иш тескери карай кетет. Ошондуктан, мындай услубдардан четтеш керек. Себеби, анын ийгиликсиздикке дуушар болору анык.

  1. Маддий же маънавий жазалоо услубу.

Бул «камчы жана кант» же «кызыктыруу жана коркутуу саясаты» деген аталыш менен белглүү болгон услуб. Белгилүү болгондой, бул услуб адамды ишеним пайда кылган пикирлерин жана ушул пикирлерге негиизделген жашоо таризин өзгөртүүгө мажбурлоо үчүн маънавий же маддий зомбулукту ишке салууда көрүнөт. Бул услубдун натыйжасы да жогорудагы услуб сыяктуу убактылуу жана кооптуу. Себеби, мындай негизде өзгөртүлгөн адам камчы тийбей калары менен же берилип жаткан маддий неъмат түгөнөрү менен дароо жаманыраак көрүнүшкө кайтат. Бул услуб биз умтулуп жаткан максатка ылайык келбегендиктен мындан да баш тартышыбыз керек.

  1. Мектеп услубу.

Бул услубдун жогорудагы эки услубдан да жараксыз экендиги анык. Себеби, талаба экзамен бүтөрү  менен окуган нерсесин эсинен чыгарат. Буга “медресе услубу т.а.  түшүнүп алуу үчүн эмес, экзаменди жакшы тапшыруу үчүн окуп-үйрөн”  деген услуб себепкер.

  1. Бардык түрдөгү маалымат каражаттарынын услубу.

Массалык маалымат каражаттары белгилүү бир өзгөртүүгө алып барса да, бул өзгөртүү узак мөөнөттө ишке ашат. Ошол себептен, бул нерсе биз көздөп жаткан өзгөртүү үчүн жарабайт.

Мындай ийгиликсиз услубдар көп болсо да, өзгөртүүгө аракет кылууда аларга таянып калуудан сактануу үчүн айрымдарын гана мисал келтирдим. Бирок, алардын кээ бирлеринен кийинки бөлүмдө баяндала турган эң туура жолго жардамчы аамил катары пайдаланууга болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here