Политехника университетиндеги Ал-Ваъй тобу туткундар менен тилектештик демонстрациясына катышты

145
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Политехника университетиндеги Ал-Ваъй тобу  туткундар менен тилектештик демонстрациясына катышты

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестинге караштуу Ал-Ваъй тобу туткундар менен тилектештик демонстрациясына катышты. Ал-Ваъй тобу демонстрацияда «Туткундар маселеси биздин акыйдабызга о.э. Пайгамбарыбыз ﷺдын Исра жери болгон мубарек жерге тиешелүү болгон негизги маселебиздин уландысы» деген аталышта сөз сүйлөштү.

Баянда негизинен ушулар тууралуу болду: мубарек Фалестин жери – бүткүл мусулмандарга тиешелүү жер. Демек, анын бир сөөмүнөн да баш тарткан кимсе Аллахка, Расулуна жана момундарга кыянат кылган болот.

Фалестин калкынын күрөш оту эч качан өчпөйт. Душмандарыбыз өздүгүн жоготкон жана Исламдан алысташкан муунду өстүрүп чыгармайын баскынчылардын вужудун коргоо мүмкүн эместигин түшүнүштү.

Акса жана туткундардын азаттыгы Салахиддин жолун ээрчүү менен гана болот. Башка жолдор чалгытуу-адаштыруу болуп, берилген курмандыктарды текке кетирет, малайлардын душмандарыбыздын кызыкчылыгына кызмат кылуусун күчөтөт.

Сөздүн аягында дагы ушулар айтылды: туткундар маселесин Акса жана Исра жайы маселесинен өзүнчө бөлүп болбойт. Себеби, алар бир маселе. Умматыбыздын жаштары бул маселеге нусрат берүү үчүн аракет кылууга жана жан берүүгө даяр. Бул милдет Ислам Умматынын жана армияларынын мойнунда да бар.

Демонстранттар көтөрүп чыккан плакаттардагы ураандар: «Акса жана туткундардын азаттыгы Салахиддиндин жолусуз ишке ашпайт», «Акса жана туткундар Умматка жана армияга кайрылууда», «Акса азаттыгы эл аралык токтомдор менен да, тынчтык жараяны менен да, жасалма сүйлөшүүлөр менен да ишке ашпат».

 

Роя гезити, №412, 2022-жыл, 12-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here