Соодагерлер кайрадан ККМге каршы митингге чыгышты

159
0

Соодагерлер кайрадан ККМге каршы митингге чыгышты

30-майда Өкмөт үйүнүн алдына Көзөмөл кассалык машиналардын орнотулушуна каршы соодагерлер пикетке чыгышты. Нааразы тарап салыкчылар текшерүүсүн күчөткөнүн, ККМ жокторго айып салуу тууралуу билдирмелер келип жатканын айтышууда.

Ишкерлердин талаптарын угуу үчүн чыккан Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов текшерүүлөр убактылуу 10 күнгө токтотулуп турарын билдирди.

Президент 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт. 2023-жылга чейин Кыргызстандагы бардык соода жайлар кассалык машиналар менен иштөөгө өтмөкчү.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг өткөрүшкөн. Анткени, жаңы салык патентке кеткен акчадан алда канча көп. Ошол эле учурда салыктардын бардыгы толук төлөнгөндө товарлар кымбаттайт. Себеби өзүнүн кирешесине 12% кошумча нарк салыгы кошулат.

Кошумча нарк салыгы (КНС) – бул өлкө аймагына ташылып келинген, башка аймакка жеткирилген товарларга салынат. Маселен, сиз бир дүкөн ачып, үй буюмдарын сата баштадыңыз. Бир жылдык товар айлантууңуз 30 млн сомдон ашканда мыйзамга ылайык, КНС салыгын төлөөгө милдеттендирилесиз. Натыйжада салык кызматында КНС салыгын төлөөчү болуп катталасыз жана ар бир айдын 15-күнү отчёт берүүгө милдеттендирилесиз. Эгер отчёт берилбесе кийинки айда 23 миң сом айып пул төлөйсүз. Эгер бир жылдын ичинде төлөбөсөңүз кылмыш жоопкерчилигине тартылуу коркунучу бар. Мындан да кызыгы, ишкер бардык товардын турган баасы үчүн 12% төлөйт. Мисалы, сатылган товардын суммасы 30 млн сомду түзсө, 1 млн 200 миң сом салык төлөйт. Мамлекет бул салыкты сиздин товарыңызды элдин алуусуна шарт түзүп бергени үчүн гана алат. Натыйжада, сиз товардын өздүк баасына 1,2 млн сом салыгыңызды кошуп коёсуз. Ошентип, бул товардын салыгын эл төлөп калат. КНС салыгынан айрым гана товардын түрлөрү ажыратылбаса, дээрлик баарынан алынат. КНСтен ажыратылган товарларга негизинен, аскердик куралдар, айыл-чарба азыктары, илимий китеп-журналдар кирет. Жалпысынан КНС салыгынан жылына 67,4 млрд сом чогулат. Бул өлкөдөгү салыктардын 48 пайызын түзөт.

Жаңы кодекс боюнча жогорудагы КНС салыгынан башка дагы алты түрү бар. Алар: киреше салыгы, пайда салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы. Ал эми жер салыгы мүлк салыгы менен бириктирилди.

Капиталисттик мамлекеттерде бюджет негизинен салыктардын эсебинен толтурулат. АКШда 90%дан ашса, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө 100%га жетет. Ал эми Кыргызстанда салыктар бюджеттин 75%ын түзөт. Калган кирешени, гранттар, чет элдик мамлекет жана уюмдардан алган карыз, кредиттер, дивидендден, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар түзөт. Өкмөт салык системасын өзгөртүү менен бюджетти толтурууну көздөп жатат. Башкача айтканда, ККМди киргизүү менен көмүскө экономиканы ачыкка чыгармакчы. Анткени, Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли 130 млрд. сомго жетет. Бул жалпы салыктардын дээрлик 90 пайызын түзөт. Расмий эмес сандар мындан да жогору экени талашсыз. Эл аралык эсептерге караганда бизде бизнестин 40% көмүскөдө, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 60-70% компаниялар ачык-айкын иштешпейт. Түпкүлүгүндө, мындай ишкерлер өз максатын ишке ашырууда бийлик өкүлдөрү менен чөнтөктөш болушат. Натыйжада, коррупционерлер атайын схемалардын негизинде иш алып барышат.

Ал эми ири мамлекеттерде көмүскө экономиканын ордун монополисттер ээлешет. Алар ири салык төлөөчү катары бийлик менен келишкен абалда майда компанияларды банкротко учуратышат же майда ишканалар банкрот болууга мажбур болот. Монополисттер болсо, бийлик адамдарынын шайлоо чыгымдарын, эс алууларын камсыздап турушат.

Мамлекетке кол астындагы кызматкелердин эсебинен салык төгүп турат. Учурдагы бийлик мына ушул жолго карай багыт алууда. Кыргызстанда ар бир кыбыр эткен иш салыксыз калбашы керек жана ошондой эле аз салык төлөп калбашы керек. Мына ошондуктан да, мурунку патенттик система жоюлууда. Блогерлерге, интернет дүкөндөрүнө, таксисттерге киргизилип жаткан салыктар ушуга мисал болот. Булардын баарын ишке ашыруу үчун салык кызматына укук коргоо органдарынын укугу берилүүдө. Б.а. финансылык полиция болууда. О.э. салык кызматы чогултулган салыктын 3%ын алат. Бул дегени салыкчылардын айлыгынын көбөйүшү анын чогулткан салыгына байланыштуу болот дегени. Муну менен салыкчылар каяктан болбосун көп салык чогултууга аракет кылышат. Натыйжада, калктын жашоосу азыркыдан да оорлошот.

Мына ушундан көрүнүп тургандай, капитализмдеги бюджет элдин эсебинен толтурулат. Бийлик өкүлдөрү болсо болушунча казынадан уурдап калууга, өзүнүн ишкерлик тармагына көбүрөөк бөлүп алууга жандалбас урат. Ошондой эле, бюджетке жеткирбей, сол чөнтөктөрүн толтурушат.

Мунун каршысында Ислам байлыктын бир ууч капиталисттердин, монополисттердин колуна топтолуп калышына да, карапайым калктын салык төлөп калышына да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлардан алып муктаждарга бөлүштүрүү менен коомдогу бакубат жашоону, тең салмактуулукту камсыздап берет!

Түркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here