Ошто казиного каршы акция өттү

287
0

Ошто казиного каршы акция өттү

30-майда Ошто казиного каршы тынчтык акциясы өттү. Катышуучулар “Кыргызстан казиного каршы”, “Ош казиного каршы” деген жазууларды кармап турушту. Акцияда чыгып сүйлөгөндөр өлкөнү өнүктүрүүнүн башка жолдорун издөөнү, казино динде арам экендигин айтып, мыйзамды артка кайтарууну талап кылышты. О.э президент Садыр Жапаровго кайрылып, чет элдик онлайн букмекерлердин жана казинолордун Кыргызстанда иштөөсүнө тыюу салуу, көмүскө иштеп жаткан казино жана кумарканаларды тез арада жабуу талаптарын коюшту.

Ал эми, депутат Дастан Бекешев Өкмөт сунуштап жаткан кумаркана мыйзамындагы өзгөртүүлөр балдарга да онлайн казино ойноого жол ачарын бүгүн 30-майда комитет жыйынында билдирди. Ал эгер сунушталып жаткан мыйзам азыркыдай мазмунда кабыл алынса казино оюндары чет өкөлүктөргө гана эмес, бардык кыргызстандыктарга, анын ичинде балдарга да жеткиликтүү болорун айтты.

Жогорку Кеңеш буга чейин чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон. Президент казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Казино боюнча мыйзам долбоору капиталисттердин кызыкчылыгын көздөп сунушталып жаткандыктан, бийлик аны алга сүрөп жатат. 2012-жылы Кыргызстанда 100 миңдеген адамдын колу менен демилгеленип, кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө, ал эми тотализатор менен букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. Буга карабай көпчүлүк кумарканалар жашыруун же башка аталыштар менен иштеп келген.

Учурда жетекчи топтун кайрадан аны ачуу аракети, сол чөнтөккө топтолгон каражаттарды казинолор аркылуу жууп чыгарууну көздөп жатканын түшүндүрөт. Анткени, кумарканалардын қоррупция жана экономикалык кылмышкерлерге карата мааниси өтө чоң. Ал жерлерде корупциялашкан мамлекеттик кызматкерлердин арамдан тапкан акчалары жуулат. Бүт дүйнөдө кумарканалардын негизги кирешеси, ушуга окшогон ыплас иштерди аткарып берүү менен өнүгүп барат. Демек, кумаркана мамлекеттик кызматкерлер үчүн коррупция иштерин өнүктүрүүдө өтө маанилүү тармак болуп эсептелет.

Баарынан маанилүүсү, кумар оюндары Аллах Таала арам кылган амалдардан. Мааида сүрөсүндө мындай делет: “Эй момундар, арак (мас кыла турган ичкилик ичүү), кумар (ойноо), буттар (аларга сыйынуу) жана таякчалар (башкача айтканда таякчалар менен төлгө ачуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, (тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула!”. (Мааида, 90-аят).

Андыктан, ар бир мусулман адам кайсы бир ишке кадам коёрдо анын шаръий өкүмүн билиши парз. Ал эми, президент баш болуп, айрым депутаттар төш болуп айтып жаткан “пайдалар” кумарды арамдыктан чыгарып коё албайт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here