Жапаров Путин Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна уруксат бергенин билдирди

158
0

Жапаров Путин Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна уруксат бергенин билдирди

 Президент Садыр Жапаров Орусияга болгон сапарынын жүрүшүндө президент Путин Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна уруксат бергенин билдирди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине берген маегинде айтты.

Анын айтымында, буга чейинки жетекчилер Россия тарапка бул жолдун зарылдыгын түшүндүрө алышкан эмес.

«Кечээ жакында ЖККУнун саммитине барганда Владимир Владимирович менен жарым саат ушул темада сүйлөштүм. Акырында ал киши бул темир жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүнүп, эч каршылыгыбыз жок, силерге керек болуп атса сала бергиле деген позициясын билдирди. Кудай буюрса, быйыл долбоору бүтсө эмдиги жылы баштайбыз», деди Жапаров.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да долбоор күздө башталаарын айткан. Жыл сайын «эгемендүүлүктү» майрамдап, шаан-шөкөт өткөргөн кыргыз бийлигинин абалы мына ушундай болуп келген. Тагыраагы, өздөрү айтып жаткан аба менен суудай керек долбоорлорду да Орусиянын макулдугусуз ишке ашыра албайт. Демек, бүгүнкү күндө мусулмандар үчүн белгиленген чек аралар жасалма жана көз карандысыз атамалары үммөттү алдоодон башка нерсе эмес. Учурда бул жасалма чек аралардын үстүндө каапыр колонизаторлордун таасир талашуусу ачык түс алууда. Айрыкча, Украина кризисинин артынан Борбор Азиядагы таасир талашуу күчөп жатат.

Россиянын региондогу кызыкчылыктарына тескери келгени себептүү ушул кезге чейин ишке ашпай турган темир жол долбоору каршы болуп келген. Учурда Украина баткагына батып, Борбор Азия үстүндөгү таасирин Кытай менен бөлүшүүгө мажбур абалда. Кытай темир жол долбоору менен эле чектелбестен, региондо экономикалык, маалыматтык жана аскерий кызыкчылыктарын күчөтүүгө аракет кылууда.

Ал эми, АКШ расмий делегациясын аймакка жиберүү менен айрым өлкөлөрдөгү таасирин бекемдеп жатат. Айрымдары менен стратегиялык келишимдерди жаңылоо астында турат.

Демек, Борбор Азиядагы мусулмандар бул колонизаторлордун айла амалдарынан сак болуусу керек. Алардын өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу жолунда мусулмандардын малы-жанынын эч бир кадыры жок. Мусулмандардын коопсуздугу, ар-намысы жана мал-жаны бир гана үммөттүн амири болгон Халифа тарабынан корголот. Анткени, ал коргонула турган калкан! Андыктан, мусулмандар биригүүнүн жана ушул амирди шайлай турган мамлекетти тикелөөнүн үстүндө баш катыруубуз шарт. Ансыз бир колонизатордун колунан өтүп, экинчи колонизатордун зулуму астында күн кечирүүгө мажбур болобуз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here