Орусия менен Кытай лидери Америкага каршы билдирүү жасады

2258
0

Орусия менен Кытай лидери Америкага каршы билдирүү жасады

Орусия президенти Владимир Путин 16-17-майда мамлекеттик сапар менен Кытайга барды. Путин жаңы түзүлгөн өкмөттүк делегация менен жасаган сапардын алкагында, Кытай лидери Си Цзиньпин менен тар жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын артынан эки өлкө лидери Стратегиялык кызматташуу жана көп тармактарды камтыган өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Билдирүүдө Американын аскерий үстөмдүк үчүн кылып жаткан аракеттерине көңүл бурулду. Башкача айтканда, АКШнын эл аралык ракетадан коргонуу системасын космоско жана дүйнөнүн ар бир бөлүгүнө жайгаштыруу иштери тынчсыздандырып жатканы айтылды.

Мындан тышкары, Путин менен Си Евразия экономикалык биримдиги менен Кытайдын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү багытында макулдашты. Ошондой эле ЕАЭБ менен Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагындагы пландарды интеграциялоого келишишти.

Белгилүү болгондой, Америка Орусияны Украина баткагына тартуу менен аны саясий, экономикалык, аскерий жактан сындырууга аракет жасап келет. Согуштун шылтоосу менен Европа мамлекеттерин Орусиянын арзан газ жана мунайынан баш тартууга көндүрдү. Натыйжада, Орусия негизги соода алакасын Кытайга бурууга мажбур болду. Согуш башталгандан бери эки өлкөнүн соода алмашуусу өсүп, 2023-жылы 227 миллиард долларга жетти. Муну менен Кытай Орусиянын негизги соода өнөктөшүнө айланды. Ал эми, Кытайдын соода өнөктөштөрүнүн тизмесинде 4-орунга чыкты. Кытай Орусияга автоунаа, смартфон жана кош багытта колдонулчу буюм-тайымдарды экспорттойт. Ал эми, Орусиядан негизинен газ менен мунайды импорттойт.

Буга чейин Америка Кытайды Орусияга жакындоо позициясынан эскертип, бул анын Батыш менен болгон алакасына зыянын тийгизерин билдирген. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Видант Пател: “Эгер Кытай Европа жана Америка менен жакшы мамилени сактоону кааласа, Европага негизги коркунуч болгон Орусия менен алакасын өнүктүрбөшү керек”, – деген.

Америка муну менен эле чектелбей, санкция тизмесиндеги товарларды экспорттогону аныкталса, Кытайдын банк жана компанияларынын эсептерин жабуу менен коркутуп келет. Мындан улам, Путин мамлекеттик сапардын алкагында айткан Кытай менен Орусиянын банк институттарынын ортосундагы байланыштарды бекемдөө аракеттери натыйжалуу болушу арсар. Буга кошумча, пайда-зыян жагынан Американын бул коркутуусу Кытай менен Орусиянын ар кандай келишиминен кубаттуу болуп эсептелет. Анткени, Кытайдын Америка менен соода алакасы приориеттүү абалда. Бул эки өлкөнүн жылдык соода жүгүртүүсү 610 млрд долларды түзөт.

Американын мындай басымдары Кытайдын Орусияга жакындыгы себептүү жасалган жок. Тескерисинче, буга Кытайдын Америка менен эл аралык майдандагы атаандаштыгы себеп болууда. Ошондуктан, Америка Кытайдан импорт кылынган товарларга мезгил-мезгили менен бажы төлөмдөрдү көтөрүп келет. Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбооруна каршы өзүнүн “Өнүгүү жолу” жана “Индия-Европа коридору” долбоорун алга сүрүүдө.

“Өнүгүү Жолу” долбоорун ишке ашырууга жалпысынан 17 млрд доллар жумшалып, 2028-жылы бүткөрүү пландалган. Долбоор Басрада “Фав” портунан башталып, Багдат аркылуу Түркияга, андан ары деңизден Жейхан порту аркылуу жана кургактыктан Стамбул аркылуу Европага улашмакчы. Ошентип, бул коридор Булуң өлкөлөрү менен Еропа ортосундагы соода айланууну күчөтүшү күтүлүп турат.

Ал эми, “Индия-Европа коридору” долбоорун АКШ президенти Жо Байден G20 саммитинде жарыялаган. Аталган долбоор Индияны Жакынкы Чыгыш жана Европа менен байланыштыра турган темир жол жана жүк ташуу коридорун камтыйт. Муну менен Америка Кытайдын Европаны камтыган “Бир алкак – бир жол” долбооруна тосук коюуну каалап турат. Кытай аталган долбоор үчүн дээрлик 150 мамлекет менен келишим түзүп, буга 1 триллион доллар каражат салган.

Буга кошумча Америка Тайван маселеси жана Японияны кайрадан куралдантуу аркылуу Кытайга аскерий жактан да тоскоолдук кылып келет. Мына ушул тоскоолдуктардан улам Кытай менен Орусия убактылуу кызыкчылыктын алкагында Батыш лагерине каршы бирдиктүү туруу позициясын карманууда. А бирок, бул кызыкчылык пайда-зыяндын өлчөмүнө карай ар качан өзгөрүп кетүү ыктымалы жогору. Мындай өзгөрүүнү биз Кытайдын Украина согушу башталгандан бир жыл өтүп, согушту токтотуу планынан байкаганбыз. 12 пункттан турган бул планда Кытай Орусияны назарда тутуу менен мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү, эгемендиги кепилденишине, айрым өлкөлөрдүн коопсуздугуна олуттуу мамиле жасоого чакырган. Кытайдын бул чакырыктары Украина согушу башталган учурда Россиянын жанындагы ордунан алыстаганын көрсөткөн. Тагыраагы, Россиянын согушта алсырап баруусу, Кытайды артка кадам таштоого жана Батыштын талаптарына жакын позицияны карманууга мажбур кылган.

   Жыйынтыктап айтканда, Кытайдын позициясы негизинен өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарынан келип чыгат жана астейдил аракет кылат. Ал эми, Орусия Батышка каршы күрөштө Кытай менен алакасын бекемдөөгө муктаж. Мунун каршысында, Америка дүйнөлүк лидерлик макамын сактап калуу үчүн бүткүл мүмкүнчүлүктөрүн сарптап, бул жолдо өзү чакырган демократиялык баалуулуктарын да тебелеп-тепсеп барууда. Муну биз Газадагы кыргындарда, жөөттөрдүн кылмыштарын колдоп-кубаттоосунда ачык көрүп турабыз. Демек, бул колонизатор кафир мамлекеттер дүйнөгө жакшылык алып келүү үчүн эмес, жамандык жана зыян алып келүү үчүн өз ара күрөшүүдө. Бузгунчулук таратууну көздөгөн бул мамлекеттер үчүн канчалык кан төгүлүшүнүн – бул нерсе алардын кызыкчлыктарын жүзөгө чыгарса – эч кандай мааниге ээ эмес… Өтмүштө Перс жана Рим мамлекеттери өз ара күрөшүп, бири жеңип, экинчиси жеңилгендей, тарых кайталанып барууда. Бул абал Аллах Таала чындык жана адилет ээлери болгон Ислам Үммөтүн жеңиш жана фатх менен сыйлаганга чейин созулган. Аллахтын уруксаты менен дагы ушундай болот.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here