Константинополдун фатхы

239
0

Константинополдун фатхы

Адамзат тарыхында миңдеген, балким миллиондогон согуштар болуп, дагы мындан көп баатырлар, кол башчылар өткөнү талашсыз. А бирок, анын айрымдары гана тарыхта алтын тамга менен жазылып, тарыхый бурулуш жасаган. Алардын бири Мухаммад Фатихтин согушу. Расулулла с.а.в бул фатхтын кол башчысы менен кошуунуна мактоолор айтып мындай деген: «Анык, Константинополь фатх кылынат. Анын амири кандай гана ажайып амир жана анын кошууну кандай гана ажайып кошуун».

Константинополь Византиянын борбору болуп, анын фатх кылынышы тууралуу Расулулла с.а.в. башарат берген. Бул шаарды Византия императорлорунун бири Кунстантиния куруп, өз наамы менен атаган. Ал православ агымын кабыл алып, православ канисасы ага караган. Константинополь диний мааниге ээ жана стратегиялык жактан маанилүү шаар болгон. Ал үч тарабы суу менен: Босфор булуңу, Мармара деңизи жана Алтын шах менен оролгон бекем шаар. Алтын шах шаарга кире турган жолдордун бирин түзөт. Анын шаарга кире беришинде үлкөн темир чынжырлар оролгон. Византиялыктар борборго бирер кооп-кокрунуч болгондо Алтын шахка кире турган өткөөлдөрдү ушул чынжырлар менен кулпулашчу.

Табигый деңиз коргоосунан тышкары шаардын сыртында эки дубал болгон: Тышкы дубалдын бийиктиги жыйырма беш метрге жетип, анын үстүндө аскерлерге толгон имараттар курулган. Бул дубал шаардын биринчи коргоо сызыгы болуп саналат. Бул коргондон кийин кеңдиги алтымыш метрдей боштук жер болуп, ал хандак көрүнүштө болгон. Бул хандактан кийинки дубалдын бийиктиги кырк метрге жеткен. Бул болсо, шаардын экинчи коргонуу сызыгын түзгөн. Шаар тууралуу тарыхчылар: «Эгер дүйнө бир мамлекетке топтолгондо, Константинопол аларга борбор болор эле», – дешкен. Имам Ахмад риваят кылышынча, Абдулла ибн Амр ибн Аас мындай дейт: Биз Расулулла с.а.в айланасында жазып отурганыбызда кимдир бирөө: Кайсы шаар биринчи фатх кылынат: Константинополбу же Римби? – деп сураган эле, ошондо Расулулла с.а.в: «Хиракл шаары (т.а. Константинополь) биринчи фатх кылынат», – деди (хадис Даримий «Муснад»ында келген).

Ровий айтат: Мени Маслама ибн Абдулмалик чакыртып, хадисти сураган эле, ага айтып берген элем, кийин ал Константинополго чабуул кылды.

Мусулмандардын көптөгөн жетекчилери Расулулла с.а.в фатихтер жөнүндө айткан мактоолорго ээ болуу үчүн Константинополду фатх кылууга урунушкан. Алардын биирнчи урунуулары Муавия ибн Абу Суфян доорунда хижрий 44-жылы болгон. Улуу сахаба Абу Аюб Ансарий ошол аракетке катышып, аны камоого алып турганда дүйнөдөн кайткан. Ал кишинин мүрзөсү шаардын дубалына жакын коюлган. Адамдар аны азырга чейин зыярат кылып турушат. Константинополду фатх кылуу үчүн мусулмандар он бир жолу аракет кылышкан. Алла аны фатх кылууну султан Мухаммад Фатихке насип кылды. Ал бул улуу фатх сыймыгына жетишти. Андыктан, бул сыймыктуу кол башчы тууралуу учкай айтып өтөлү.

Мухаммад Фатих Усманийлер тукумунан болгон Фатих султандардын жетинчиси. Жакшы иштери көп болгондуктан «жакшылыктардын атасы» деп аталып кеткен. Ал атасы Мурад экинчинин өлүмүнөн кийин 1451-жылы, 18-февралда бийликке келген. Ал ошондо жыйырма эки жашта эле. Атасы аны өзүнөн кийин башкарууга даярдап жүргөн. Илимдүү жана күчтүү шахсияга айланышы үчүн аны жетекчилерди окутуу жана даярдоо үчүн курулган «амирлер» медресесине киргизди. Ал көп илимдерде теңтуштарынан озуп кетти. Кийин аны атасы Магнесияга валий кылып жиберди. Роббаний аалымдардын бири улуу аалым Ахмад Исмаил Куронийди да ага кошуп  жиберди. Ал фазилаттуу, шаръий өкүмдөргө коркпостон баш ийүүчү болгондуктан, султан жана амирлер аны менен жолугушканда урмат үчүн колун өбөт эле.  Ал Мухаммад Фатихти даярдап берүүнү өз мойнуна алды. Атасынын өлүмүнөн кийин башкаруу анын колуна өткөндө жоопкерчиликти өз мойнуна алып, аны жакшы өтөдү. Мамлекетти башкарууну кайрадан тартиптештирди. Финансылык иштерге, каражаттарды тартипке салууга да көңүл бурду. Шаан-шөкөт, ысырап, оюн-күлкүлөрдүн бардык көрүнүштөрүн тыйып койду. Негизги этибарды кошуунга каратып, аны бөлүмдөргө бөлүп чыкты. Аскерлер жана алардын камсыздалышы үчүн атайын жобо иштеп чыкты, деңгээлин көтөрдү, кошуунду өзүнүн доорундагы эң жаңы курал-жарактар менен камсыздады. Замбирек иштеп чыгаруучу «Урбан» аттуу эң таанымал усталардын бирин Венгриядан алдырды. Ал чоңдугу жүз өгүз тарта турган замбирек жасап берди. О.э. аскерлерди жихадга үндөө жана алардын туйгуларын жалындатуу үчүн тандалган аалымдар жана факихтерди аскерлердин арасына таркатты. Вилаяттарды башкарууну жогорку баскычка көтөрүү үстүндө иш алып барды. Кайдыгерлик же катага жол койгон валийлерди иштен четтетти. Аларды маал-маалы менен өзү көзөмөлдөп, окуучулар жана мугалимдер менен отуруп талкуулашып турган. Султан Мухаммад Фатих араб жана перс тилдерин кудум түрк тилин билгендей жакшы билер эле. Ооруканаларды ачып, аларга эң мыкты табыптарды дайындады. Алардын ар биринде хирург, дары даярдоочу, бир канча кызматкер жана дарбан (эшиктин тазалыгын кароочу кызматкер) болор эле. Табыптын мойнуна оорулууну бир күндө эң кеминде эки жолу барып көрүү жүктөлгөн. Ашпозчуга болсо, оорулууга ылайык тамак бышырып берүүгө көңүл бурушу шарт кылынган. Кыскача айтканда, Мухаммад Фатих такыба жана жөндөмдүүлүктү өзүндө топтогон.

Константинополь фатхы үчүн даярдануу:

Султан Мухаммад Фатих роббаний аалымдардан кеңеш сурачу. Алардын бири улуу аалым Мухаммад ибн Хамза Дамашкий болуп, лакап аты «Ак Шамсиддин». Мухаммад Фатих Магнисияга амир болгон убакта ал султанды даярдоону көзөмөлдөп турган аалымдардын бири эле. Бул аалым Мухаммад бийликке келишинен мурда да, кийин да Константинополду фатх кылууга үндөп, ага кызыктырчу. Ошентип, анын дилинде бекемдикти пайда кылды. Ал тургай, шейх Ак Шамсиддин «Константинополдун маанавий фатихи» деп айтылат.

Султан Истамбулду фатх кылууга токтом кылган убакта бир катар саясий жана аскерий иштерди жасады. Мисалы, Божар жана Бундукия (Венеция) менен келишим түздү. Бул экөөсү коңшу насроний королдукка моюн сунуучу аймактардан болгон. Аскерий тармакта болсо султан Мухаммад кошуунду даярдоо жана куралдандыруу үчүн өтө көп күч сарптады. Кошуундун санын эки жүз элүү миңге жеткирди. Аларды өз доорундагы заманбап курал-жарактар менен камсыздады. Алар болсо, анын чабуул кылуу туурасындагы буйруктарын сабырсыздык менен күтө башташты.

Султан Босфор кысыгынын европа тарабындагы эң тар чекитине карама-каршы кылып чеп курду. Бул чеп Босфордун чыгыш тарабынан батышына чейин кемелер өтүшүн көзөмөлдөгөн. Император Константинополь финансылык каражат акысына султанды чеп куруу пикиринен кайтармакчы болду, бирок, максатына жетише албады. Анткени, султан аны катуу четке какты.

Ошентип, Фатих султан деңиз флотуна катуу көңүл бурду. Аны күчөтүү жана ар түрдүү кемелер менен камсыздоо үстүндө иш алып барды. Чоң замбиректерди ташуу үчүн аларды иштеп чыгарылып жаткан Эдирнеден Константинополго чейинки жолдорду оңдоого буйрук берди. Анткени, айрым замбиректердин оордугу жүздөгөн тоннага барабар эле. Аларды султан тандаган жерлерге жеткирүүгө эки айча убакыт кетти.

1453-жыл, 6-апрель бейшемби күнү Фатих Султан башчылыгында Усманийлер кошууну Константинополь дөңсөөлөрүнө жетип келди. Ошондо Султан алардын ичинде күчтүү сөз сүйлөп, аларды Алла жолунда жихад кылууга, жеңишке жетишүү же шейит болуу үчүн ниетти калыс кылууга үндөдү. Аларга жихад жана сабырга үндөөчү Куран аяттарынан окуп, Расулулланын Константинополдун фатх кылынышын башарат кылган жана аны фатх кылган кошуун жана анын амиринин артыкчылыгы жөнүндө айткан хадистерин келтирди. Ошондо аскерлер такбир жана тахлил айтып Алладан нусрат жана туруктуулук сураган абалда жооп кайтарышты.

Кийинки күнү Султан кошуунду шаар айланасына бөлүп, аны кургактык тараптан бекемдеди. Чоң замбиректерди коргондорго карама-каршы кылып орнотту. О.э. күзөтүү үчүн бөлүмдөрдү шаарга жакын түрдүү дөңсөөлөргө коюп чыкты. Кемелерди болсо шаардын айланасын ороп турган сууларга жайгаштырды. Деңиз флоту Мармара деңизиндеги «Умаро» аралдарын басып алууга жетишти. Ошол убакта византиялыктар шаарды коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн ишке салышты. Аскерлерин коргондордун үстүнө жайгаштырып, чептерин күчөтүштү. Камоонун биринчи күнүнөн баштап кошуундар ортосунда чыныгы согуш башталды. Өтө көптөгөн мусулмандар шейиттикке жетишти. Султандын замбиректери күнү-түнү коргондорду кулатуудан токтошподу. Византиялыктар болсо ан кайра оңдоого шашылышат эле.

Исламий кошуун катуу чабуулга өтүп, византиялыктар болсо катуу коргонууга өтүштү. Император султанды пикиринен кайтарууга урунуп, эгер шаарды камал кылуудан кайтып кеткидей болсо, ага чоң каражат төлөөнү, ага итаат кылып, бардык талаптарына көнүүнү сунуштады. Султан «Император мага шаарды тапшырсын кошуунум эч кимдин жанына же мал-мүлкүнө же намысына кол салбайт, кимде-ким кааласа шаарда калып, тынч-бейпил турмуш кечирет, кимде-ким шаардан чыгып кетүүнү кааласа, тынч чыгып кетет» деп сөз берди. Согуштар күнү-түнү, кургактыкта да сууда да улантылды. Усманийлердин деңиз флоту «Алтын шах»ка бастырып кирүүгө урунду. Аны менен коргонууда тургандар арасында өтө катуу деңиз согушу болду. Усманийлер флоту «Алтын шах»ка кире албады. Ушул согуштан эки күндөн кийин айрым насроний падышалыктар камалдагыларды тамак-аш жана курал-жарактар менен камсыздоо үчүн өз кемелерин «Алтын шах»ка киргизүүгө мажбур кылды. Ошондо мурункусунан да күчтүүрөөк дагы бир деңиз согушу болуп өттү. Султан флот командачысы Абу Балтага «же ушул кемелерди багындырасың же чөктүрүп жибересиң, болбосо, тирүү абалыңда алдыбызга кайтып келбе» деп буйрук чыгарды. Флот командачысы насроний кемелерди камалдагыларга жардам берүүдөн кайтаруу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн сарптады. Бирок, айрымдары кутулуп чыгып, камал кылынган шаарга жетип алууга үлгүрдү. Ошондо султан аны иштен четтетип, ордуна жаңы флот командачысын дайындады.

Шаарды камоого алуу күн сайын уланды. Мухаммад Фатих башчылыгындагы мусулмандар Расулулланын мактоолоруна жетишүүгө ашыкса, император Кустантиния башчылыгындагы византиялыктар акыркы деми чыкканга чейин шаарды коргоону каалашчу.

Мусулмандар усталык менен пландарды түзүштү. Болуп көрбөгөндөй жаңы аскерий тактика колдонулду т.а. жер астынан жол казышты. Бул ишти үзгүлтүксүз улантышкандыгы себептүү коргондордон да өтүп кетишти. Муну византиялыктар сезип калышып, алар да карама каршы жер астынан жолдор казышты. Мусулмандар алар казган жол астындагы жолго жетип келишкенде, аны «шаар ичкерисине жеткирүүчү жер төлөө» деп ойлошту. Ошндо күтүлбөгөн жер астындагы катуу согуш башталды. Мусулмандардан шейиттик насип кылгандар шейит болушту. Мусулмандар үмүтсүздүккө түшпөстөн түрдүү жерлерден жер астынан жолдорду казууну токтотпой уланта беришти, византиялыктар «качан буттары астынан жер жарылып мусулмандар кошуну чыгып келет» деп ойлоп калышты. Бул нерсе аларды алсыратып, дилдерине үмүтсүздүк уругун чачты.

Султан Мухаммад Фатих дагы бир жолу чабуул кылды. Жыгачтан бийиктиги Константинополь дубалынан бийигирээк чеп курууга буюрду жана ага тери каптатып, отко чыдамдуу болушу үчүн үстүнө суу септирди. Ичин аскерлерге топтуруп, алдына жүргүзө турган дөңгөлөктөр жасалды. Ал чепти дубалга алып барып такады. Византиялыктар бул ишке таң калып калышты. Чеп алдыдагы дубал үстүнө барып кулаганда, дубалдын бир бөлүгү оодарылып түштү. Султан муну көргөндө, эртең ушуга окшош төртөөсүн курабыз, деди.

Султандын чоң замбиректери Константинополь дубалдарын күнү-түнү талкалай берип, акыры анын бир бөлүгү кулап түштү. Султан алсыроо эмне экендигин билбей турган момундардын эрдиги менен: «Эртең ал жерде менин турак-жайым же мүрзөм болот», – деп кат жазды.

Мусулмандардын бийик добуштарда айткан такбирлери византиялыктардын жүрөгүнө замбиректерден да көбүрөөк коркуу салар эле. Бирок, насронийлерге «Алтын шах» аркылуу жардам келип жаткан. Усманийлер флоту ага кирүүгө бир нече жолу урунуп көрдү. Бирок, анын өткөөлүн кулпулап турган чоң темир чынжырлар буга тоскоолдук кылар эле.

Фатих Султан эмне кылып болсо да флоту менен «Алтын шах»ка кирүүнү өз алдына максат кылып койду. Себеби, бул Константинополдун өтө оор абалда калышын түшүндүрөт. Ошондо анын оюна мурда эч ким колдонбогон бир аскерий тактика келет. Бул тактика болсо, бир канча кемени Босфордогу «Бешикташ» портунан кургактыкка алып чыгып, «Алтын шах»тын темир чынжырлар менен кулпуланган жана Византия флоту менен корукталып жаткан жайынан узагыраак жайга алып барып түшүрүү эле. Ал дубалдардагы эң күчсүз чекит «Алтын шах»ка түшө турган мына ушул жай экендигин жакшы билген.

Басып өтүлмөкчү болгон кургактыктагы аралык алты чакырымга жакын болуп, тегиз жер эмес эле. Фатих аларды тегиздөөнү буюрду. Жыгач такталарды алып келип, жерге салууга жана алардын үстүндө кемелер жеңил сыйгаланышы үчүн аларды майлоого буйрук берди. Кийин Исламий кошуун жана алардын күчтүү адамдары кемелерди Босфордон тартып алып келип, «Алтын шах»тын коопсуз жерине түшүрүштү. Булардын баары бир түндө ишке ашырылды. Таң атышы менен Султан байрактары «Алтын шах»тагы жетимиш эки кеме үстүндө желбиреп, анын үстүн тиш-тырмагына чейин куралданган аскерлер Алланын нусраты менен кубанып, такбир айткан абалда толтуруп турат эле. Византиялыктар муну көрүшкөндөн кийин таң калышып, коркууга түшүп калды. Усманийлер флотуна чабуул кылууга урунушту, бирок, жексен болгон абалда чегиништи. Шаарды коргоодо катышкан Венеция кемелеринин биринде дарыгер болгон «Николо Барбару» аттуу насроний бул окуяны: «Мусулмандар Византия чабуулуна болуп көрбөгөндөй кайрат менен киришти. Чабуулга бел байлап, Византиянын бир канча кемелерин чөктүрүп жиберишти. Ошентип, «Алтын шах»тагы өкүмдарлык алардын колуна өттү», – деп сүрөттөйт.

Византиялык тарыхчы флоттун кургактык аркылуу алып өтүлгөнү жөнүндө: «Адаттан тышкары мындай нерсени мурда көргөн да, уккан да эмеспиз. Мухаммад Фатих жерди деңизге айлантууда. Кемелери толкундар ордуна тоолордун чокуларынын үстүндө сүзүп жүрөт. Ал бул иши менен чоң Искендерден озуп кетти», – деген.

Ошентип, Фатих шаарды кургактыктан да, суудан да катуу камал кылды. Замбиректери түнү-күнү дубалдарды жексен кылса, аскерлердин «Аллаху акбар, Аллаху акбар» деген кыйкырыктары насронийлердин маанайын түшүрөт эле. 27-май жекшемби күнү султан кошуун ичинде хутба кылып, аскерлерди таат-ибадат, намаз окуу жана ниетти калыс кылуу аркылуу Аллага жакындашууга буюрду жана аларды сабырдуулукка үндөдү. Дубалдарды күзөтүп, жардыруу үчүн атайын орундарды белгиледи. Кийинки 28-май күнү замбиректер катуу аткылады. Аалымдар да аскерлердин арасында Алла жолунда согуш кылууга үндөөчү аяттарды окуп, шейиттердин артыкчылыгы менен Алланын алдындагы улуу соопту эстетүүдөн токтободу.

Фатих Султан шейшемби күнү кечинде чоң командачылар менен жолугушуп, аларга таасирдүү хутба кылды. Аларга Русулулланын Константинополду фатх кылуу жөнүндөгү хадистерин эстетип, өзү жана аскерлери ушул сыймыкка ээ болушун чын жүрөктөн тилеп Аллага дуба кылды. Хутбасында мындай деди: «Улуу жеңиш Исламдын кадыры жана сыймыгын көтөрүшүн аскерлерибиздин ар бирине жеткиргиле. Демек, ар бир аскер шарияттын көрсөтмөлөрүн көз алдыларына коюулары керек. Алардын бири да шариятка тескери иш кылбасын. Каниса жана монастырларды талкалабасын. Жаш баланы да, карыяны да, аялды да, өзүнүн алачыгында турган рохибди да өлтүрүшпөсүн. Эгер Кайсарды туткун алышса ага жакшы мамиледе болушсун».

29-май шейшемби күнү эртең менен султан аскерлерине буюрду. Алар намазды окушуп, чын жүрөктөн дуба кылышты. Намаз бүтүшү менен чабуул такбир жаңырыктары астында башталды. Тынымсыз чабуул кылышып, коргонуудагыларды оор абалга салып коюшту. Ислам аскерлери дубал үстүнө чыгып, «Эдирне дарбазасы» регионундагы коргонуу мунараларын ээлешти жана ал жерге султан байрактары орнотулду. Император Констинапол өлтүрүлдү. Анын өлүмү византияликларга чагылгандай таасир кылды жана коркууга түшүп калышты. Алар өз үйлөрүнө кача башташты. Ислам аскерлери такбир айткан абалда аларды кубалашты. Пешинге жетпестен эле Фатих султан Византия борборунун ортосунда атынын үстүндө айланып жүрдү. Жеңишке жетишкен кошууну такбир жана тахлил айткан абалда анын айланасын ороп алышты. Алар султанды куттукташып, султан болсо аларды куттуктап: «Аллага мактоолор болсун. Алла шейиттерди рахматына алсын. Мужахиддерге атак-даңк жана улуулук тартууласын. Исламий Үммөткө да атак-даңк жана мактоолор болсун», – дешти. Кийин атынан түшүп бул улуу нусратка шүгүр кылып Аллага сажда кылды.

Султан Ая Сафия чиркөөсүнөн крестерди алып таштоого жана сүрөттөрдүн үстүн боёп таштоого буюрду жана ал жерде миладий 1453-жылдын 1-июнунда жума намазын окуду. Андан кийин ал жерди беш убак окула турган мечитке айлантты. Ая Сафияны мечитке айлантканы үчүн Рим папасы коркутуп ага кат жиберген эле. Фатих ага: «Чындыгында Ая Сафияны мечитке айлантуу сыймыгына жетиштим. Эгер Алла мени кудуреттүү кылса сен турган жерди да атканага айландырам», – деп жооп кайтарды.

Фатих султан бул улуу фатх менен эле чектелип калбастан, «Эски дар»да башка бир кошуун даярдоого буйрук берди. Кошуунга өзү командачылык кылуу үчүн ал жерге барды. Ал Расулулланын:

«اِسْتَعِينُوا عَلَى قَضَاءِ حَوَائِجِكُمْ بِالْكِتْمَانِ»

«Муктаждыгыңардын өтөлүшүн жашыруун сурагыла», – деген адатын аткарат. Ушул себептүү, ичиндеги нерселерин да, пландарын да эч кимге айтпастан душманга кокусунан чабуул кылып, аны ушундай бир катуу кооп-коркунучка салып койчу. Кыскасы, ал ниетин да, бул кошуун менен жол алмакчы болгон тарабын да эч кимге билдирбеген. Өз ниетин да, казат кылмакчы болгон тарабын да эч кимге айтпай туруп, ажал аны алып кетти. Айрым тарыхчылар бул кошуундун санынын көптүгүнөн, даярдыгынан жана ага Фатихтин өзү жетекчилик кылышынан «Пайгамбарыбыздын экинчи мактоосуна жетишүү үчүн Римге казат кылып, аны фатх кылууга жол алган болсо керек» деп божомолдошту. Бирок, бул улуу сыймык – анын болушуна шек-күмөн жок – башка бир Фатихке сактап коюлган. Бул нерсе Аллага кыйын эмес.

Сөзүбүздүн аягында улуу амирдин өз уулуна кылган осуятын келтиребиз:

«Эй уулум, мына мен өлүп жатамын. Бирок, буга өкүнбөймүн. Себеби, артымда сендей орун басарды коюп кетип жатамын. Адилеттүү жана мээримдүү бол. Жарандарды ажыратпастан аларды коргооңо ал. Ислам динин таркатуу үстүндө иште. Себеби, бул халифалардын жер жүзүндөгү милдети. Ислам ишине болгон аракетти бардык нерсенин алдына кой. Аны үзгүлтүксүз аткаруудан эринбе. Дин ишине этибар бербей турган адамдардан пайдаланба. Бидъаттардан сактан. Мамлекет майданын жихад аркылуу кеңейт. Байтул мал каражаттарын сапырылып кетүүдөн сакта. Колуңду жарандардын бирөө-жарымынын малына созуудан сакта. Кембагалдардын муктаждыктарын камсызда. Мамлекеттин күч-кудурети солих аалымдар. Аларга сый-урмат көрсөт. Кайсы бир өлкөдө бирер аалым бар экендигин угуп калсаң, аны алдырып сый-урмат көрсөт.

Эй уулум, менин бул насааттарымды кулагыңа куюп ал. Анткени, мен бул өлкөгө кичине кумурска сыяктуу болуп келген элем, Алла мага бул үлкөн неъматтарды тартуулады. Эми, менин жолумдан жүрүп, менден өрнөк ал. Бул динди ыйыктап, анын калкын урмат кылуу үстүндө иште. Мал-мүлктү шаан-шөкөт же оюн-күлкүлөр үчүн сапырба. Зарылдык өлчөмүн ылазым тут. Анткени, ысырап менен кекирейүү кыйроонун эң чоң себептеринен болуп саналат».

Алла султан Мухаммад Фатихти рахмат кылып, бейиштин эң жогору жайларынан насип кылсын жана ал кишини набийлер, сыддыктар, шейиттер менен бирге кылсын. Алар кандай гана ажайып достор. Эй Аллахым, мусулмандарга кошуундарды башкарып, чегараларды коргой турган, фатхтарды ишке ашырып, анын ичинде Римди да фатх кылып, шариятты коргой турган туура жолду тутуучу Халифаны тартуула.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here