Фикрий китептерди кандай түшүнүү керек

224
0

Бисмиллахир рохманир рохиим

Фикрий китептерди кандай түшүнүү керек

Фикрий китептер дегенде акыйкаттарды түшүнүп жетип, ошол негизде жашоосун тартиптештирүүсү, каталарын оңдоосу үчүн адамдарга жеткирүү назарда тутулат. Ал китептер акыйкаттарды жеткирүү менен бирге акыйкатсыздыктарды ачып берүүнү да көздөйт. Кимде-ким кайсы бир тармакта акыйкаттарга жетүүнү кааласа, адашып калбайын десе, ошол темадагы фикрий китептерге кайрылуусу эң туура жол болот. Ал эми фикрий китептерди окууда туура түшүнүү үчүн жогорку деңгээлдеги маалыматтарга ээ болгон адис менен окуу максатка ылайык болот. Мисалы, медицина тармагында врачтын жардамында, телефон тармагында телефон программистин жардамында туура натыйжага жетишүү мүмкүн болот. Өз алдынча окуу менен өмүрүнө же телефонуна кооптуу аракет кылып коюшу ыктымалы бар. Ошондуктан, фикрий китептерди, айрыкча жашоо таризине тиешелүү фикрий китептерди адис (мушриф) менен окуп чыгуу шарт. Антпесе, өз алдынча окуу менен ката түшүнүү, жашоосу изден чыгуу коркунучу бар. “Өз алдынча окуп чыгуу жетиштүү”, – деп Исламдан кабарсыз, жахилдер же дин душмандары айтышы мүмкүн, себеби бул Ислам акыйкатына каршы, аятка каршы келген фикр болуп, ал эч кандай экиленбестен четке кагылышы керек. Себеби, Аллах Таала эч качан күмөнгө түшүү жаиз болбогон акыйкаттарды баяндаган Куръанды да араб тилинин устасы болгон арабдардын өз алдынча түшүнүп алышына жол бербеди, тескерисинче Расулуллах с.а.в.ды баян кылып берүүчү кылып жиберди жана анын сыймыктуу милдети кылды, Аллах Таала айтат:

وَأَنزَلْنَا إِلَيْكَ الذِّكْرَ لِتُبَيِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ إِلَيْهِمْ وَلَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ

“Сага болсо адамдарга түшүргөн нерселерди (шарият өкүмдөрүн) баян кылып беришиң үчүн жана балким ойлонушар, деп бул эскертмени – Куранды түшүрдүк”. [16:44].

Сахабаларга карата да акыйкаттар баян кылынган аяттарды түшүнүү үчүн алгач билген адамдан жакшылап үйрөнүү шарт экенин жана бул нерсе жихаддан да зарылыраак иш экенин түшүндүрүүчү аят түшүрүлгөн:

وَمَا كَانَ الْمُؤْمِنُونَ لِيَنفِرُوا كَافَّةً ۚ فَلَوْلَا نَفَرَ مِن كُلِّ فِرْقَةٍ مِّنْهُمْ طَائِفَةٌ لِّيَتَفَقَّهُوا فِي الدِّينِ وَلِيُنذِرُوا قَوْمَهُمْ إِذَا رَجَعُوا إِلَيْهِمْ لَعَلَّهُمْ يَحْذَرُونَ

“Бардык момундар (согушка) чыгуулары зарыл эмес, Акыры алардан ар бир топтон бир тайпа адамдар (согуш үчүн) чыгышпайбы?! (Калгандары болсо Мадинада) динди үйрөнүп, (согушка кеткен) коомдору алардын алдына кайтып келген чактарында, ал коомдорду Алланын азабынан сактануулары үчүн эскертип туруу үчүн (калышпайбы)?!” [9:122].

Алар арабдар эле, Куръан алардын тилинде түшүрүлгөн болчу т.а. алар мужтахиддер эле. Ошого карабастан, Куръанда түшүрүлгөн акыйкаттарды Расулуллах с.а.в.дан үйрөнүшкөн. Түшүнүп, анык билип алышкандан кийин башкаларга жеткирүүнү буйруп жатат. Төмөндө “Тафкир” китебинен алынган фикрий тексттерди түшүнүү туурасындагы фикрлерди – айрым түшүндүрмөлөр менен – келтиремин:

Фикрий ибараларда аклий билимдер негиз болот жана эң биринчи маанилерге этибар каратылат. Фикрий ибара бул акылдын тили, туйгунун тили эмес. Андан фикрди, айрыкча, акыйкаттарды жеткирүү көздө тутулуп, билимди иштетүү жана акылдарды таасирлендирүү максад кылынат. Андагы сөздөр жана сүйлөмдөр дыкат коюу, аныктоо, терең үйрөнүү менен ажыралып турат. Ал туйгуларга карабастан, акылга негизделген о.э. фикрий акыйкаттарды жаюуга жана терең үйрөнүүгө жетишүүдө мухтаж болуна турган билимдерге негизделген. Ошондуктан, фикрий ибаралар адабий ибаралардан бүтүндөй айырмаланат. Мунун себеби, адабий ибара акыйкат жана билимдерге терең токтолбойт жана андан акылды фикрлер менен азыктандыруу көздөлбөйт, балким, мына ушул акыйкаттарды зээнге жакындаштырууга аракет кылынат. Бирок, акыйкаттардын эң маанилүүсү жана көрүнүктүүсү тандалат. Башкача айтканда, жашыруун же ачык сүйлөмдөр аркылуу мүмкүн болушунча ачып берүү менен, таасирлене турган жана ишке киришиле турган нерсе тандалат. Бул фикрлерди берип жаткан сөздөр жана сүйлөмдөр окурманды да, тыңдоочуну да толкундантып, туйгуларын козгой турган, кубануу жана ыраазылык, же ачуулануу жана нааразылык сыяктуу иш талап кыла турган туйгуларды пайда кылгыдай таризде болот.

Фикрий ибара болсо андай эмес. Фикрий ибарада – туйгуну козгошу же козгобошуна карабастан – акылды фикрлер менен азыктандыруу б.а. акыйкат жана билимдерге токтолуу максад кылынат. Анда фикрлерди жакындаштыруу эмес, аларды ачык көрсөтүү көздө тутулат. Фикрлерди көркөм баян кылуу эмес, аларды жакшы ачып берүү назарда тутулат, нааразы же ыраазы болуу, кубануу же ачуулануу сыяктуу туйгуну козгой турган нерселерге этибар берилбейт, балким, фикр кандай болсо ошондой баян кылынат. Ушул жактан фикрий ибараларды түшүнүү адабий ибараларды түшүнүүдөн бүтүндөй айырмаланат.

Фикрий ибаралар туурасында фикрлөө т.а. аларды түшүнүү ибаралардын мавзусу жөнүндө собик маалыматтан (ар бир сөз жана алардын бирикмесинен пайда болгон сүйлөм жөнүндөгү жетиштүү маалыматтардан) пайда болот. Эгер собик маалымат болбосо, ибараны түшүнүү мүмкүн эмес. Мисалы, медицина туурасындагы фикрди түшүнүү үчүн медицина илиминен кабардар болушу, компьютер жөнүндөгү фикр үчүн ошол жөнүндө жетиштүү маалымат болушу керек. Себеби, бул ибара белгилүү бир вакиъликти түшүндүрөт. Эгер инсанда мына ушул вакиъликти тафсирлей турган сабик маалыматтар болбосо, ар кандай абалда да бул ибараны түшүнүшү мүмкүн эмес.

Фикрий ибаралар туурасында фикрлөө т.а. аларды түшүнүү ибаралар темасы жөнүндөгү сабик маалыматсыз болбойт. Эгер ушул маалымат болбосо, ибараны түшүнүү мүмкүн эмес. Себеби, бул ибара белгилүү бир вакиъликти түшүндүрөт. Эгер инсанда мына ушул вакиъликти тафсирлей турган сабик маалыматтар болбосо, ар кандай абалда да бул ибараны түшүнүшү мүмкүн эмес. Фикрий услубду түшүнүү үчүн сабик маалыматтарды мадлул-далалаты менен бирге түшүнүү зарыл. Эгер сабик маалыматтар болгону билип гана коюлуп, бирок, алардын вакиълиги идирек кылынбаса жана далалаты элестетилбесе, ал вакиълик тафсирлене турган сабик маалымат болуп эсептелбейт. Ал жөн гана билим болуп, анын фикрий ибараны түшүнүүдө пайдасы жок. Ошондуктан, фикрий ибараны түшүнүүдө сабик маалыматтын болушу эле эмес, балким, анын вакиълиги идирек кылынган, далалаты элестетилген болушу да шарт. Мисалы, сиз бир фикрий китепти окуп жатасыз. Китептин ибаралары бирер фикр же маселе жөнүндө болуп, арабча жазылган жана сиз да араб тилин билесиз. Бирок, арабчаны билишиңиз сөздөр жана сүйлөмдөрдүн маанисин түшүнүшүңүзгө жардам берсе да, бирок, мына ушул сөз жана сүйлөмдөр менен жазылган фикрлердин далалаттарын түшүнүүгө жардам бербейт. Бул фикрлердин далалаттарын түшүнүү үчүн сизде албетте сабик маалыматтар болушу керек жана бул маалыматтардын вакиълиги идирек кылынып, далалаты элестетилген болушу зарыл. Антпесе, фикрлерди тилдик (лингвистикалык) жактан түшүнүп аласыз да, мындай түшүнүү кээде фикрлер далалат кылган нерсеге дал келсе, кээде ага тескери келет. Ар кандай абалда да, фикрди эмес, тилди түшүнгөн болосуз.

Мисалы, мына бул ибараны окуп жатасыз: «Саясий аң-сезимдүү шахс түшүнүктөрүнө тескери болгон бардык түшүнүктөргө, багытына тескери болгон бардык багыттарга каршы күрөшкө киришүүсү керек. Ошол эле учурда, калкка өз түшүнүктөрүн жана багытын орнотууга киришиши зарыл». Бул ибара фикрий ибара. Анын маанисин түшүнүшүңүз үчүн араб тилин билишиңиз, сөздөрү жана сүйлөмдөрүнүн далалаттарын изилдешиңиз жетиштүү болбойт, балким, сизде албетте белгилүү бир бурчтан келип чыккан саясий көз караш ачык-айкын болушу зарыл.

Бул үчүн дагы сизде багыттардын вакиълиги идирек кылынган жана алар далалат кылган нерселер элестетилген болушу керек. О.э. бул багыттарга каршы өз багытыңыздын күрөшүнүн вакиълиги, өз багытыңызды инсандар арасында орнотуунун вакиълиги идирек кылынган жана далалаты элестетилген болушу керек. Башкача айтканда, бул ибараны түшүнүү үчүн, саясий аң-сезим, күрөш, багыттар жана түшүнүктөр жөнүндө мурунку маалыматтар болушу жана алардын вакиълиги идирек кылынган, далалаттары элестетилген болушу зарыл. Ушул нерсе болбосо, маалыматтар маалымат бойдон гана калып, вакиълиги идирек кылынбаган, далалаты элестетилбеген болсо, бул ибараны түшүнүү мүмкүн эмес. Түшүнүлбөгөндөн кийин, аны миң жаттасаң да пайдасы болбойт. Ошондуктан, фикрий ибаралар бир имаратка окшош болот, андан бир кыш сууруп ташталса, имараттын сүрөтүн ошондойлугунча калтыруу мүмкүн болбогондой, ибарадан да бир харфты алып, башка жайга коюу, же бир сөздү башкасына алмаштыруу мүмкүн эмес, балким, ибара кандай болсо ошондойлугунча толук сакталыш керек. Себеби, ирада кылынган вакиълик т.а. аткаруу болжолдонгон фикрдин вакиъси белгилүү бир вакиълик, далалаты белгилүү бир сүрөт болуп, вакиъликтен же сүрөттөн бир нерсе өзгөрсө, түшүнүү да бүтүндөй же кысман өзгөрүп кетет. Демек, фикрий ибараны түшүнүү анын вакиъсин идирек кылууну, далалатын элестетүүнү талаб кылат, ал эми, вакиъликти идирек кылуу жана далалатын элестетүү болсо, сөздөр жана сүйлөмдөрдүн сакталышын талап кылат

Фикрий ибара кээде адабий ибара cыйгасында (формасында) берилиши мүмкүн. Анда акыйкаттарды жакшы билүүгө кошумча түрдө туйгуларга таасир  этүү да болжолдонот. Бирок, ал кандай болгондо да адабий ибара эмес, фикрий ибара болот. Фикрий ибаранын шарты туйгуларга таасир кылбоо эмес, балким – туйгуларга таасир этеби-жокпу, айырмасыз – акыйкаттарга жетишүү. Ошондуктан, фикрий ибаранын туйгуларга таасир этиши аны фикрий ибаралыктан чыгарып койбойт, ал фикрий ибара бойдон калат. Ырас, этибар фикрге берилген соң жана ибаранын башкы максаты фикр болгон соң, ошондой болот. Мейли, фикрий ибара туйгуларды козгоп жатса да, бирок, аны түшүнүү туйгуларды козгобогон башка ибараларды түшүнүүдөн айырмаланбайт. Мындай ибараларды түшүнүү үчүн фикрлер жөнүндө сабик маалыматтар болушу керек о.э. фикрлердин вакиълиги идирек кылынып, далалаттары элестетилиши керек.

Туура, фикрий ибараларды ар бир инсан түшүнүшү мүмкүн жана анда – сакофаттары кандай болушуна карабастан – бардык инсандарга фикрлерди жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар. Канчалык терең болбосун, аны бардык адамдар түшүнө алышы мүмкүн. Бирок, адамдардын түшүнүү деңгээли айырмалуу болгондуктан, мындай терең ибараларды бардык адамдар түшүнө бербейт, ар бир инсан өз деңгээлине жараша гана түшүнөт. Ооба, инсандар фикрий ибараны кудурети жетишинче түшүнүшөт, бирок, ар бир инсан эле ушул ибаралар жөнүндө фикрлей ала турган же толук түшүнө ала турган боло бербейт. Себеби, фикрий ибараларды сабик маалыматтарсыз түшүнүп болбойт, ал эми, ал сабик маалыматтар болсо өз деңгээлинде болушу керек. Б.а. ал сабик маалыматтардагы фикрлердин вакиълиги идирек кылына турган, далалаттары элестетиле турган деңгээлде болбосо, анда алардан пайдалануу мүмкүн эмес жана алардан фикр келип чыкпайт. Ар кандай инсандын бул ибараларды түшүнүү кудуретине ылайык түшүнүүлөрү – ар бир инсан бул ибараларды түшүнө алат дегени эмес. Сабик маалыматтары өз деңгээлинде болбогон кишилер бул ибараларды түшүнө алышпайт.

Кээде ушундай делиниши да мүмкүн, “фикр пайда болушу үчүн сезүү пайда болгон кезде сабик маалыматтардын болушу жетиштүү. Демек, фикрий ибараны түшүнүш үчүн, ибара өз ичине алган вакиъни тафсирлей турган маалыматтардын болушунун өзү эле аны түшүнүүгө жетиштүү го”. Мунун жообу мындай, сабик маалыматтар дегени – ушул ибара өз ичине алган вакиъликти тафсирлеген маалыматтар. Ал эми вакиълик сабик маалыматтар өз деңгээлинде болсо гана тафсирлениши мүмкүн. Эгер сабик маалыматтар өз деңгээлинде болбосо, анда тилдик маалыматтар гана болуп калат да, алар тил жагынан тафсирлөөгө гана жетиштүү болуп, фикрди тафсирлөөгө жетиштүү болбойт. Бийлик (хукм) жөнүндө “ал кубат” деген сабик маалымат болсо, бирок, ал бийликтин маанисин түшүндүрүүгө жетиштүү эмес. Тескерисинче, анын маанисин түшүнүүдө адаштырып коюшу да мүмкүн. Эгер коом жөнүндө “ал инсандар жана алакалардан турат” деген маалымат болсо, бул да коомду өзгөртүү же коргоо үчүн жетиштүү болбойт, анткени, бул маалымат коомдун маанисин түшүндүрө турган деңгээлдеги маалымат эмес. Ошондуктан, фикрий ибараны түшүнүш үчүн, сабик маалыматтар – жөн эле билим болбостон – фикр деңгээлинде болушу лазым.

Кээде мындай деп айтылышы мүмкүн. Эгер фикрий ибараны түшүнүү үчүн сабик маалыматтар өз деңгээлиндеги фикр даражасында болушу шарт болсо, анда ибаранын вакиъсин идирек кылуу жана далалатын элестетүүнүн шарты кандай болот? Мунун жообу мындай, фикрий ибараны түшүнүүдөн максад – лаззаттануу да, маанисин билүү да эмес – балким, ал амал кылуу үчүн түшүнүлөт. Мындай болбосо, андан пайда жок, анын кыйматы да калбайт. Фикрди түшүнүү – билүү үчүн эмес – амалга алуу үчүн керек. Фикрди алуу болсо вакиъни идирек кылып, далалатын элестетүү аркылуу жетишилет. Ушул жактан, сабик маалыматтарга кошумча, фикрий ибараны түшүнүүдө үч шарт бар: Биринчи, сабик маалыматтар өз деңгээлиндеги фикр болушу лазым. Экинчи, анын вакиълиги аны аныктап турган, башкасынан айырмалап турган абалында, кандай болсо, ошондойлугунча идирек кылынышы лазым. Үчүнчү, бул вакиълик чыныгы сүрөттү көрсөтө турган даражада туура элестетилиши зарыл. Мына ушул үч шарт камтылбаса, фикрий ибараны түшүнүү мүмкүн эмес, башкача айтканда, аны алуу мүмкүн эмес. Себеби, фикрди түшүнүү – аны билип коюуну эмес – алууну түшүндүрөт. Буга эң жакшы мисал Исламдын акыйдалары жана ахкамдарынан турган фикрлери. Булар арабдарга окуялардын садыр болушуна карап бөлүк-бөлүк болуп түштү. Арабдар аларды түшүнүп кабыл кылышканда, араб тилин билгендиги мүмкүнчүлүк бергени үчүн эмес, балким, ахкам жана акыйдалардын вакиъсин идирек кылышып, далалаттарын элестетишкени үчүн кабыл кылышты. Ошондуктан, бул фикрлер таасир этип, аларды бүтүндөй өзгөрүп жиберди, натыйжада, алардын назарында нерселердин кыйматы өзгөрүп кетти. Айрым нерселердин кыйматы ашса, айрымдарыныкы түшүп кетти. Алардын назарында жашоо үчүн зарыл нерселер башкача болуп калды. Бирок, арабдар фикрлердин вакиълигин идирек кыла албай, далалаттарын элестете албай калган убакта, бул фикрлерди түшүнө албай калышты. Б.а. алар бул фикрлерди кабыл алышпады жана ал фикрлер таасир этпей калды. Акыйкатта болсо, ал арабдардын арасында Маликтен аалымыраак мухаддистер, Абу Ханифадан чыгааныраак фукахалар жана Ибн Аббастан билүүчүрөөк муфассирлер бар. Бирок, алардын эч кимиси – Маликтин тушунда Мадинада жашаган, же Ибн Аббас кылымында Мадинада жашаган, же Абу Ханифанын доорунда Мадинада жашаган – адамдардын деңгээлине жакындап да койбойт. Буга фикрлерди түшүнүүдөгү шалаакылык себеп болгон жок, балким, алардын вакиълиги идирек кылынбаганы жана далалаты элестетибегени себеп болду. Ошондуктан, фикрий ибараларды фикрлөө үчүн сабик маалыматтардын өз деңгээлинде болушу эле жетиштүү болбойт, балким, буга кошумча алардын вакиълиги идирек кылынышы жана далалаттары элестетилиши лазым.

Фикрий ибараларды түшүнүү аларды кабыл алуу үчүн гана болгонун түшүндүрбөйт, балким, аларды четке кагуу жана айрым учурларда аларга каршы күрөшүү керектигин да түшүндүрөт. Кабыл алуу – максад. Эгер ибара кабыл алынбаса, демек, ал таштала турган жана ага каршы күрөшүлө турган нерсе деп каралат. Эгер ибаранын вакиълиги идирек кылынбай, далалаты элестетилбесе, анда адашылат да, натыйжада, каршы күрөшүү лазым болгон нерсе кабыл алынып, алынышы лазым нерсе болсо ташталат, же болбосо, кабыл да алынбаган жана ташталбаган дагы жөн эле билим болуп калат. Ошондуктан, фикрий ибараларды түшүнүп алып, ага карата – аны кабыл алуу керекпи же аны таштоо жана каршы күрөшүү керекпи – деген мамилени  белгилеп алуу кааланса, анда анын вакиълигин идирек кылып, далалаттарын элестетип алуу зарыл. Фикрлердин вакиълиги аны так аныктаган жана аны башкасынан айырмалап турган деңгээлде идирек кылынышы о.э. анын далалаттары даана элестетилиши шарт, ошондо бул шарт фикрди катадан жана адашуудан сактайт о.э. инсандын бул фикрге карата туура мамилени белгилеп берет.(Ошондуктан фикрий китептерди мушриф менен окуп чыгуу шарт кылынган).

Антпесе, бул фикрлердин зыяны билимге эле тийип калбастан, балким, аларды кабыл кылган шахсты кээде турмуштагы негизги иштерден буруп коёт, катага, тайылууга кириптер кылып, адаштырышы мүмкүн. Юнан фалсафаларын, капиталисттик жана коммунисттик фикрлерди үйрөнгөн мусулман перзенттеринин абалы буга жаркын мисал болот. Булардын баары вакиълик идирек кылынбаганы жана далалаттары туура элестетилбегени акыбетинде болот.

Мисалга юнан философиясын алып көрөлү. Бул философия Шам жана Ирак насранийлеринде бар эле. Мусулмандар ошол насранийлерге Ислам даъватын жеткиришет эле. Айрыкча, насранийлер Исламдын башкаруусу жана салтанаты астына кирген убакыттарында, мусулмандар менен кылган талкууларында юнан фалсафасын (философия) жана юнан мантыкын (логика) иштетишет эле. Насранийлерге раддия берүү үчүн мусулмандар да – бул философия камтыган фикрлерди түшүнбөй эле жана логикадагы карама-каршылыктарды көрбөй эле – ушул философия жана логикадан пайдаланышты. Натыйжада, Исламды жаюу максадында үйрөнүлгөн мына ушул билим мусулмандарды ушундай абалга салып койду дейсиң, бир тайпа мусулмандар бул философияны андан лаззат табуу үчүн үйрөнүшсө, дагы бир тайпа насранийлерге раддия кайтаруу жана ислам фикрлеринин тууралыгына хужжат келтирүү максадында үйрөнүштү. Биринчи тайпадагы аалымдар юнан философиясы жолунан жүрүп, ошол философияны кабыл кылышты жана бул философия алардын сакофаттарына айланды, Исламга ушундай философиялык фикрлерге ылайык карап калышты. Ошондон мусулман философтору пайда болду. Алардын арасында катага түшүп, жолдон тайылгандар болду, кээ бирөөлөрү туура жолдон бурулуп, ачык адашууга кирип кетти. Кыскасы, ар эки тайпа тең, жолдон тайылгандар да, адашууга кеткендер да Исламды таштап, кафирге айланышты.

Ал эми, юнан фалсафасы жана юнан мантыкын үйрөнгөн экинчи тайпадагы мусулман аалымдары экиге бөлүнүшөт: Бир бөлүгү юнан философиясын негиз кылып, Ислам фикрлерин ошол философияга ылайыкташтыруу үчүн таъвил кылган жана философиялык фикрлерди Исламдын фикрлерине колдонгон кишилер, алар муътазилалар. Дагы бир бөлүк ошол фикрлерге каршы чыгып, аларды сындаган жана аларды оңдоого урунган кишилер болуп, алар ахли сунналар. Ошентип бул эки фирка ортосунда тартышуулар келип чыкты жана алар тартышуулар менен алек болуп, Исламий даъватты жеткирүүдөн алек кылып койду жана Аллах фарз кылган негизги иштерден буруп жиберди. Бул иштер гойримусулмандарга Ислам даъватын жеткирүү жана мусулмандардын акыйдаларын оңдоого урунуу эле. Алар акыйдаларды оңдоодо Ислам фикрлеринин жарактуулугуна хужжат келтирүү үчүн юнан философиясынын фикрлерин иштетишти. Алар инсандарды бир нече муунга, бир нече кылымдарга ушул нерсе менен алек кылып коюшту. Алар мусулман болушса да, бирок, юнан философиясы себептүү Ислам даъватын жеткирүүдөн бурулуп кетишкен. Мунун акыбетинде Жабария, Муржиия, Кодария ж.б.у.с. жамааттар пайда болду. Бул болсо мусулмандар арасында ар түрдүү агымдар, фиркалар, фикрлер жана жамааттарды вужудга келтирди. Акыр акыбет мусулмандар ондогон фиркалар жана ондогон мазхабдарга бөлүнүп кетишти. Булардын баары Ислам өлкөлөрүнө юнан философиялары кирип келиши жана көпчүлүк мусулмандар ошол философиялардын фикрлерин айырмалай билбестен, далалаттарын элестете албастан таалим алуулары акыбетинде жүзөгө келди. Эгер Исламдын өзүнүн кубаты болбогондо о.э. Ахли Сунна вал жамаанын садык жана ыхластуу позициясы болбогондо, иштер башкача болмок. Алар фикрлер далалат кылган вакиъликти баян кылышты жана далалаттарды туура сүрөттөп берүү менен ошол фикрлерге каршы күрөшүштү. Алар ушундай фирка жана мазхабдарга кылыч жылаңачтабаганда – юнан философиясы себептүү жана ал пайда кылган фикрлер акыбетинде – Ислам кайтып келбеген жана текке кеткен болор эле.

Ал эми, капитализм жана социализмдин коркунучу хис аркылуу ачык мушахада кылынып турат (б.а. ачык сезүү менен күбө болуп турабыз). Алардын залалаттуу фикрлери көпчүлүк мусулмандарды ээлеп алды, ал тургай, алардын ката түшүнүктөрү бардык мусулмандарга жайылып кетти. Буга далил келтирүүгө мухтаждык жок. Айрыкча, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Ислам өлкөлөрүндө ушул фикрлер мусулмандардын акылдарын канчалык кыйратканы, аларды Ислам жолундагы амалдардан буруп жибергенин көрүнүп турат.

Ошондуктан, фикрий ибаралар жөнүндө фикрлөөнү жакшы билүү лазым, бул ибараларга сабик маалыматтардын өзү жетиштүү эместигин билиш керек, балким, бул маалыматтар албетте өз деңгээлинде болушу, алардын вакиълиги идирек кылынып, далалаты туура элестетилген болушу лазым.

Туура, Ислам фикрий таалимден кайтарбаган, фикрлерди алууну тыйбаган, балким, урухсат берген. Бирок, Исламий акыйданы фикрлерге негиз кылып, аларды алуу жана таштоого өлчөө кылган. Демек, акыйдага тескери фикрди камтыган ибараларды окууга урухсат берсе да, бирок, фикрди алууга урухсат бербейт. Ошондуктан, фикр бу фикрий коидага (б.а. негизге) тескери же дал келиши идирек кылынмайынча, ага карата мамиле белгилөө мүмкүн эмес. Бул үчүн фикрдин вакиълигин анык идирек кылуу жана далалаттарын мыкты элестетүү лазым болот. Антпесе, аны фикрий коида менен өлчөө, ага карата туура мамиле (позиция) белгилөө мүмкүн эмес. Ошондуктан, фикрий ибаралар жөнүндө фикрлөөдө сабик маалыматтар өз деңгээлиндеги фикр болушу жана фикрдин вакиъси идирек менен түшүнүлүшү, далалаттары чыныгы элести (сурат) бере турган сахих элестетүү болушу зарыл.

Муфаккир Муслим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here