ХАЛИФАЛЫК КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЭҢ МЫКТЫ ЧЕЧКЕН

228
0

Халифалык көйгөйлөрдү эң мыкты чечкен

Азыркы капитализм доорунда элдин кызыкчылыгы четке сүрүлүп, жалаң гана байлардын кызыкчылыгы камсыздалган заман. Социалдык жаатта элге бекер кызмат көрсөтүлгөн (элге кам көрүлгөн) тармак жок. Капитал дегендей, бардык нерсе акчага барып такалат.

Мусулмандар Исламды толук колдонуп жана акимдери Исламды бекем карманышкан доорлордо көптөгөн тармактарда, айрыкча элдин кызыкчылыгы, байгерчилиги, коопсуздугу жаатында чоң ийгиликтерге жетишти. Бул Исламдын алтын доору деп аталды. Ушул ийгилик дүйнө калктарына четке каккыс үлгү болду. Мусулмандар бийлик элге кантип кам көрүүсү керектигин дүйнөгө тартуулашты.

Мамлекет жарандарынын көйгөйлөрүн чечиши керек жана бул милдет мамлекеттин эң башкы вазыйпаларынын бири болуп саналат. Алыс кетпей, өз журтубузду алып карсак, байлар гектар-гектар жерлерди алып коюп, пайдалуу болгон учурда сатып жыргап байып жатышат. Ал эми катардагы адамдар биртке жерге зар. Ислам бул маселени кантип чечти? Мисалы өлүк жерге ээлик кылууга маселесинде Пайгамбарыбыз салаллоху алайхи ва саллам айтты: «Кимде-ким өлүк жерди тирилтсе, ал жер ошонуку. Үч жыл (кароосуз) өткөн соң, жерди коргондогон адамдын ага акысы жок». Ушуга ылайык, ким кандайдыр бир жерди тирилтип, кийин үч жылдан ашуун аны кароосуз калтырса, мамлекет ал жерди тартып алып, башка адамга берүүгө укуктуу. «Сунанул Кубродо» мындай делет: «Бир күнү Билал ибн аль-Харис аль-Музаний Расулуллах салаллоху алайхи ва салламдын алдына барып, жер бөлүп берүүнү сурады. Расулуллах салаллоху алайхи ва саллам ага кең жер бөлүп берди. Умар разиаллаху анху бийликке келгенде, ал Билалга мындай деди: «Эй Билал, сага Расулуллах кең жер берди, Расулуллах бирөө бир нерсе сураса, жок деген эмес, колуңдагы жерге сенин күчүң жетпейт», – деди. Билал: «Туура айтасың», – деди. Умар: «Жердин күчүң жеткенин алып кал, күчүң жетпегенин бизге бер, биз аны мусулмандарга бөлүп беребиз», – деди. Билал: «Аллах акысы, Расулуллах салаллоху алайхи ва саллам мага бөлүп берген нерсени бербейм?», – деди. Умар: «Аллах акысы, албетте кайтарасың», – деп, жердин иштете албаган бөлүгүн алып, мусулмандарга бөлүштүрүп берди». (Байхаки, «Ас-Сунан аль-Кубро»).

Бүгүнкү күндө кен байлыктарыбыз да чоң көйгөй жаратууда, башкача айтканда элибиз кен байлыктардан пайдалана албай жатат. Чет элдик компаниялар кен байлыктарыбызды казып, ташып кетишүүдө, анын акысына болбогур салык төлөшүп актанышат. Ислам кен байлыкты элдин мүлкү деп белгилеген, эч ким, жеке тарап да, бирер мамлекет да бул кендерге ээлик кылууга акысы жок. Эгер кен байлыктар антип жеке тараптарга берилип кеткен болсо, кайрадан эл мүлкүнө кайтарылуусу шарт. Имам Тирмизий келтирген риваятта Абяз ибн Хаммалдан айтылат: «Бир күнү ал Расулуллах салаллоху алайхи ва салламдын алдына барып, туз чыккан жерди бөлүп берүүнү сурады. Расулуллах салаллоху алайхи ва саллам ага аны бөлүп берди. Абяз кеткен соң, олтургандардын бири Расулуллахка: «Ага эмнени бөлүп бергениңизди билесизби? Сиз ага түгөнгүс сууну бөлүп бердиңиз», – деди. Ошондо Расулуллах салаллоху алайхи ва саллам ага бөлүп берген нерсени кайтарып алды». Бул риваятта туз ири кен болгондуктан, ал сууга окшотулган. Пайгамбарыбыз салаллоху алайхи ва саллам ал түгөнгүс кен экенин, тагырак айтканда туз тоосу экенин билген соң, дароо өз чечиминен кайтып, бөлүнгөн нерсени артка кайтарды жана жеке адамдарга мындай нерселерге ээлик кылууга тыюу салды. Бул өкүм тузга гана чектелбейт, бардык жер асты жана үстүндөгү кен байлыктарды өз ичине камтыйт.

Халифалык жерлерди суугарууга, инсандар жана мал-жандыктар үчүн кудук казууга, суу тазалоого жана каналдарды курууга чоң маани берген. Тарых китептеринде келишинче, Умар ибн Хаттаб разиаллаху анху Египеттен түшкөн кирешелердин үчтөн бирин көпүрө, канал курууга жана суугаруу иштерин жолго коюуга сарптаган. (Абдулхай Катаний, «Ат-Таратиб аль-Идария»). Халифа Язид ибн Валиддин тушунда Ирак валийи Абдуллах ибн Умар ибн Абдулазиз эл талап кылган каналды курду, учурда бул канал «Амр» деп аталат, Харун ар-Рошиддин вазири Яхя Бармакий «Абу Жунд» деп аталган каналды куруу үчүн 20 миллион дирхам сарптаган, Халифалык доорунда Хижазда, Акик шаарында, Нил дарыясында жана башка жайларда көптөгөн плотиналар курулган, алардын айрымдары бүгүнгө дейре иштеп жатат. Ал эми, Валид ибн Абдулмаликтин доорунда Халифалык мамлекетиндеги бардык жолдорго таш жаткырылган, жол четине көрсөткүч белгилер орнотулуп, дем ала турган жайлар курулган. Мамлекет чөлдөгү жолдорго чоң маани берип, аларга таш жаткырган. (Юсуф Иброхим Юсуф, «Ан-Нафакат аль-Аамма Фи-л-Ислам»).

Бүгүнкү күндө көйгөйлүү болгон медицина тармагында да мусулмандар алдыда болгон. Белгилүү ислам аалымы Макризи айтат: «Султан Салахиддин Юсуф ибн Айюб оорулуу жана алсыз адамдар үчүн оорукана ачууга буйрук берди. Бул үчүн ал өзүнүн сарайынын жанынан имарат бөлүп, жумушчуларга эки жүз динар маяна белгиледи жана азык-оокат менен камсыздады. Ошондой эле, бул ооркунага белгилүү дарыгерлерди, атактуу хирургдарды жана кызматкерлерди дайындады. (Макризи, «Катаб аль-маваиз ва-ль-итибар би зикр аль-хитат валь-асар»). Ар бир майыптын жанында ага жардам берген бир кызматкер болгон, ар бир сокурдун коштоочусу болгон. (Табарий, «Тарих ат-Табари»). Харун ар-Рашид Багдад шаарында оорукана курдуруп, бир фармацевти башкы дарыгер кылып дайындады. Халифалар хижрий үчүнчү кылымдын аяктарынан тартып хижрий төртүнчү кылымдын башына (миладий 9-10-кылым) чейин көптөгөн ооруканаларды курушту. Муктадири ооруканасында иштеген дарыгердин маянасы 220 динар жана Саййида ооруканасында иштеген дарыгердин маянасы 600 динарга жеткен. (Ибн Абу Усайба, «Табакат уль-Атибба»).

Бул чындыкты-азиздикти а түгүл батыштыктар да ырасташат. Наполеондун окумуштууларынын бири Фальмиссо Гомар Египеттеги аскерий баскынчылык учурунда алты кылым мурун курулган ооркуна жөнүндө мындай дейт: «Ооруканага ооругандардын баары: жакыры да, байы да келген. Аларга Чыгыштагы эң мыкты дарыгерлер дайындалган жана белектер берилген. Ооруканада суусундуктар жайы, ар кандай жабдуулар жана дарыларга толгон дарыканалар бар. Ар бир оорулууга бир динар бөлүнгөн, эки киши анын кызматында болгон. Ал эми, жин оорулуулар өзүнчө бөлмөдө болушкан, атайын бир адам аларга ар кандай икаяларды айтып турган. Ден соолугу оңоло баштаган оорулуулар башка оорулуулардан бөлүнгөн. Ооруканадан чыгып бараткан ар бир пациентке – ооруканадан чыгары менен эле жумуш кылууга мажбур болбостугу үчүн – беш алтын тыйын берилген».

Умар разиаллаху анху доорундагы социалдык бакубатчылыкты карагыла. Умар разиаллаху анху деван уль-Жунд, деван ур-Расаил, деван уль-Жибая, деван уль-Ата бөлүмдөрүн түздү. Алардын деван уль-Атасы аялдарга жана балдарга жөлөк пул берген. Халифа Умар разиаллаху анху аялдар жөлөк пул алуу үчүн балдарын эрте эмчектен чыгарып жатышканын угуп: «Балдарыңарды эрте эмчектен чыгарбагыла, Исламда төрөлгөн ар бир балага жөлөк пул берилет», – деп жар салды. Ушул күндөн баштап бүткүл Халифалык аймагындагы ар бир төрөлгөн балага жүз дирхамдан, бала чоңойгондо эки жүз дирхамдан бериле баштады жана бала мектепке бара турган жашка жеткенде жөлөк пулдун көлөмү көбөйтүлдү. (Маварди, «Ахкам ас-Султания»; Балазари, «Футух аль-Бульдан»).

Ал эми, бешинчи рошид халифа деп атыккан Умар ибн Абдул-Азиз Ирактагы Абдулхамид ибн Абдуррахманга кат жөнөтүп, адамдарга акыларын берүүнү буйруду. Абдулхамид: «Адамдарга акыларын бердим, байтулмалда каражат артып калды», – деп кат жөнөттү. Умар ага: «Карап көр, ким ысырапкерчиликке жол бербестен карыз болгон болсо, анын карызын төлө», – деп кат жиберди. Абдулхамид: «Карыздарды төлөп койдум, байтулмалда дагы каражат артып калды», – деп жазды. Умар: «Кара, үйлөнмөкчү болгон, бирок, акчасы жок бойдоктор болсо, аларды үйлөндүрүп кой», – деп кат жазды. Абдулхамид: «Андай адамдардын баарын үйлөндүрдүм, байтулмалда дагы каражат артып калды», – деп кат жиберди. Умар: «Кара, эгер жизя төлөй албай жаткандар болсо, ишине жардам болушу үчүн аларга алдын ала карыз берип тур. Анткени, алар бизге бир же эки жыл үчүн гана керек эмес», – деди. («Аль-Амвал»).

Халифалар ушинтип элге жоопкерчилик менен кам көргөнү тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды. Ал кезде биз кандай элек, азыр кандайбыз. Биз Исламды мыкты колдонгон, башчыларыбыз Ислам туусун көтөргөн замандарда ушундай азиз элек, дүйнөгө өрнөк элек. Ошондуктан, эгер кайра ошол азиздикти, улуулукту кааласак, булагыбызга – Исламыбызга кайтуубуз керек. Бир гана Халифалык бизди бул кордуктан алып чыгат!

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here