Адамдын чектүү акылынан келип чыккан конституциялар өзгөрүлөрү анык

229
0

Адамдын чектүү акылынан келип чыккан конституциялар өзгөрүлөрү анык

Кыргызстан парламентинде конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо уланууда. Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети кечээ күнү макулдаган.

Бир катар депутаттар конституциянын жаңы долбоорун жазган авторлордун аты-жөнүн ачыкка чыгарууну талап кылышты. 

Депутаттардын айтымында, конституциянын жаңы редакциясы президенттин ыйгарым-укуктарын кеңейтет.  О.э. премьер-министрдин ыйгарым-укуктары кыскартылып, өкмөттү президенттик админстрациянын башчысы башкарат жана президент аткаруу бийлиги жоопкер болот.

Парламенттин спикери Талант Мамытов конституция долбоорун талкуулабай, референдумду дайындоого чакырды. Референдумду 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.

 Комментарий: Коммунизмдин Жаратуучу бар экендигин моюнга албай турган жана демократиянын Жаратуучунун дүйнө иштерине байланышын четке кага турган идеологиясында мыйзамдардын булагы болуп эсептелген конституцияны түзүү жана мыйзамдарды чыгаруу укугу адамга берилди. Аталган эки түзүмдөгү конституциялар адамдын чектүү акылынан келип чыккандыгы себептүү ар дайым өзгөртүүлөр жана кошумчаларды киргизүүгө, карама-каршылыктарга дуушар болуп келди. Бул түзүмдөрдө конституция ар дайым бирер жетекчи топтун, же бийликтеги адамдын каалоосуна  карай өзгөртүлөт же кошумчалар киргизилет. Кыргызстан конституциясы да мындай өзгөртүү жана кошумчалардан четте калбады. Ошентип, Кыргызстан “эгемендүүлүк” алган 30 жылдан бери “баш мыйзам”га  10 жолу өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилди. Алгач, 1993-жылдын 5-майында “легендарлуу парламент”мамлекетти социализмден капитализмге алып өткөн конституцияны кабыл алды.

  Андан кийин Кыргызстан конституциясына өзгөртүүлөр алгачкы жолу 1994-жылы киргизилди. Бул аркылуу президент Аскар Акаев ыйгарым-укуктарын кеңейтип, 105 адамдан турган “кол бала” кош палаталуу парламентти алып келүүгө жол ачты (ага чейинки 350 депутаттан турган “легендарлуу парламент” таратылды).

 Экинчи өзгөртүү 1996-жылы киргизилди. Бул аркылуу президент министрлерди, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн өзү дайындоо жана парламентти таратып жиберүү укугуна ээ болду.

 Үчүнчү өзгөртүү 1998-жылы ишке ашырылды. Бул өзгөртүүдө жер жеке менчик катары бериле турган болду. Бул нерсе социализмден капитализмге баскычма-баскыч өтүү долбоорунун алкагында ишке ашты.

  Төртүнчүсүндө т.а. 2001-жылдагы өзгөртүүлөрдө негизинен орус тили расмий тил болуп киргизилди. Бул өзгөртүү Россияны түздөн-түз кожоюн катары моюнга алуу жана ушул аркылуу аны ыраазы кылуу ниетинде ишке ашырылды.

 Бешинчи т.а. 2003-жылдагы өзгөртүүлөр боюнча, жарандардын митинг-пикеттерге чыгышына чектөөлөр киргизилди, экс-президентке кол тийбестик макамын берүү маселеси кабыл алынып, экс-президенттин жакындары мамлекеттик бюджеттен камсыздала турган болду. Мындан тышкары, президент катарынан эки жолудан ашык шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул болсо, Акаев президенттиги үзгүлтүксүз уланышын түшүндүрөт эле. О.э. парламент 90 депутаттан турган бир палаталуу парламентке айланып, партиялык система менен шайлана турган болду. Бул өзгөртүүлөр да Акаев үй-бүлөсүнүн өкүмдарлыгына кызмат кылат эле. Буга эл каршы чыгып, 2005-жылдагы төңкөрүштө Акаев куулуп, бийликке Бакиев келди.  

 Бакиев бийликке келгенде анын алгачкы доору “конституциялык күрөш” жылдары болду. 2006-жылдын эки айында (ноябрь-декабрь) конституцияга эки жолу (алтынчы жана жетинчи) өзгөртүүлөр киргизилди. Буга бакиевчилер менен анын оппоненттери ортосундагы келишпестиктер себеп болду. Бир жылдан кийин, 2007-жылы жаңы конституция кабыл алынып, ушул себептүү 2005-жылы шайланган парламент таратылды. Болуп өткөн парламенттик шайлоолордо Бакиевдин “Ак-Жол” партиясы жеңип чыкты.

 2010-жылы Бакиев кулатылгандан кийин дагы кайрадан жаңы конституция кабыл алынды. Бул конституция Кыргызстанга Россия колонизатордугуна каршы Батыш колонизаторлорунун кирип келиши алкагында болду. Себеби, Батыш колонизаторлору Россияга каршы күрөштө “демократияны өнүктүрүү”, “айкындуулук”, “сөз эркиндиги”, “адам укуктары”, “парламенттик башкаруу” деген сыяктуу пикирлерди ишке салып келет. Батыш булар аркылуу Россиянын колонияларына карата зулумдарын ачып таштады. Ошентип, 2010-жылы бийликке Батышка ыктаган саясатчылар келип, конституцияны ошолор түзүштү. Бул конституцияга ошол кездеги Россиянын президенти Дмитрий Медведев каршы чыккан,  ал эми Венеция комиссиясы алкыштаган.

 2010-жылдагы конституцияда 2020-жылга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мораторий жарыяланган. Бирок, бул мораторий 2016-жылга чейин турду. Атамбаев 2016-жылы түп нускасы жоголгон конституцияга дагы бир жолу (онунчу) өзгөртүүлөрдү киргизди.

2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоонун натыйжасына нааразылык себептүү башталган козголоңдун натыйжасында  Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетти. Анын ордуна келген жана бир эле учурда президенттин жана премьер-министрдин милдеттерин аткарууну мойнуна алган Садыр Жапаров конституцияга дагы кайрадан өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыкты. Январь айында болуп өткөн президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү боюнча референдумда “көпчүлүк добуш” менен Садыр Жапаров президент болду жана президенттик башкаруу формасы тандалды. Тез арада “баш мыйзам”дын долбоору иштелип чыгып,  өзгөртүүлөр референдум аркылуу мыйзамдаштырыла турган болду.

 Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, адам акылынан келип чыккан конституциялар бирер жетекчи топтун, бийликтеги адамдын, же колонизатор күчтөрдүн кызыкчылыктарын кепилдөө үчүн гана түзүлөт. Убакыт өтүшү менен алардын ортосунда пайда болгон келишпестик, адамдын өзгөрүшү, же кызыкчылыктар кагышуусу себептүү конституция өзгөртүлө берет. Кыргызстанда башкаруу формасы парламенттиктен президенттик башкарууга өзгөртүлүшү да Россиянын каалоосу себептүү жана аны ыраазы кылуу үчүн ишке ашырылууда.

Учурдагы бийлик конституцияга өзгөртүү киргизеби же жокпу айырмасыз, бул конституция куфр конституциясы болуп эсептелет. Себеби, анын негизи демократияга т.а. куфр акыйдасына негизделген. Ал эми, андан келип чыккан мыйзамдар болсо демократиялык-капиталисттик мыйзамдар болуп эсептелет.

Мусулман адам үчүн мындай конституцияларга амал кылуу о.э. аны өзгөртүү боюнча референдумдарга катышуу арам. Мусулман адамдын мындай конституцияларды четке кагышы, конституцияларды да, алар үчүн негиз болуп жаткан куфр түзүмдөрүн да кулатып, анын ордуна эки дүйнө бактысына алып баруучу, Аллахтын мыйзамдары негизинде өкүм жүргүзүүчү Халифалык мамлекетин тикелеши важиб. Хизб ут-Тахрир Аллахтын Китебине, Расулунун сүннөтүнө, ушул экөөнүн негизиндеги сахабалар ижмасына о.э. кыяска таянып Халифалык мамлекетинин конституция долбоорун иштеп чыккан. Биз силерди Халифалык кулатылгандыгынын 100 жылдыгында Хизб менен бир катарда болуп, ушул мамлекетти кайрадан тикелөө жолунда аракет кылууга чакырабыз!

 Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here