Фалестин маселеси улуттук маселе эмес, исламий маселе

272
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин маселеси улуттук маселе эмес, исламий маселе

«Маан» маалымат агенттигинин веб-сайты хижрий 1442-жылы 18-жумадуссаний, миладий 2021-жылы 31-январь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Исламий Жихад кыймылынын саясий бөлүмүнүн мүчөсү Халид Батш шайлоого катышуу маселеси шайлоолордун иш жүзүндөгү булактарын өзгөртүүгө байланыштуу экенин маалымдады. Батш баса белгилешинче, Жихад кыймылынын расмий позициясы Каир жолугушуусунан кийин «эгер саясий шайлоолордун иш жүзүндөгү булактары өзгөртүлүп, баары катыша турган улуттук саясий дастурга келишилгенине о.э. мыйзам чыгаруу кеңеши менен улуттук кеңешти ажыратуу зарылдыгына катъий амал кылынганына» негизделип жарыяланат. Ал: «Жихад кыймылынын катышуу же катышпашына карабастан, саясий жараяндын катышуучулары шайлоодо улуттук биримдик өкмөтү үчүн катышат деп үмүт кылабыз», – деди».

Роя:

Фалестин маселесине исламий акыйда көз карашынан караган киши ушуну түшүнүп жетет – Фалестин басып алынган жер, чечим – аны азат кылуу. Ал эми, шайлоолорго катышуу жана бийликке кошулуу бул мубарек жерди азат кылуу эмес, андан баш тартуу болуп эсептелет. Ал эми, азат кылуудан максат «эки мамлекет» чечими болсо, анда бул чечим Фалестиндин 80% жерин баскынчы яхудийлерге берет.

Түпкүлүгүндө, проблема шайлоолорду өткөрүү механизминде да, анын таза өтүшүндө да эмес. Мыйзам чыгаруу кеңеши менен улуттук кеңешти ажыратууда да, улуттук биримдик өкмөтүнүн жоктугунда да, Осло келишимине булак катары таянууда да эмес. Проблема – Азаттык Уюму, анын артынан пайда болгон Фалестин режими, шайлоолор Американын эки мамлекет куруу долбооруна таянганында. Акыйкатта болсо, бул долбоордо Фалестиндин үчтөн эки бөлүгүн яхудий вужудуна тапшыруу көрсөтүлгөн. Ошондуктан, проблема Азаттык Уюмунда о.э. түзүлүүдөгү негизинде. Ал эми, туура аракет – ушул уюмду оңдоп-түзөө эмес, анын бетин ачып, аны саясий жактан жок кылуу.

Ал эми, Каир жолугушуусу жана Фалестин проблемасын чечүүдө ага таянуу маселесине келсек, бул куру кыялдан башка нерсе эмес. Себеби, Мисир Осло келишиминде тастыкталган «эки мамлекет» чечими долбооруна ылайык сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн Американын каалоосу боюнча аракет кылууда. Андыктан, кантип шайлоолордун булактарын өзгөртүүнү элестетүү мүмкүн, деги, ал Американын жуундукору Сисийдин башчылыгында өтүп жатат го?!

Ошондой болгон соң, убакыт келди. Эми, Фалестин жамааттарынын жетекчилери Азаттык Уюму жана анын режиминин чыныгы жүзүн моюндап, жүздөрүн жакшыртууга урунушпасын о.э. Фалестин маселесин майдалап, аны жок кыла турган улутчулдуктан келип чыгып сүйлөөнү токтотушсун. Анткени, ар кандай жамааттын бул мубарек жердин бир сөөмүнөн да баш тартууга келишүүсү – жан берүү, саткындык жана батылга келишүү. Себеби, Фалестин жери жамааттардын мүлкү эмес, ал – Ислам Умматынын мүлкү.

Фалестин маселеси – Ислам маселеси болуп, анын булагы – Аллахтын Китеби жана Расулу ﷺдын сүннөтү. Бул бизге Ислам Умматы жана анын армиясынын кайраттандырып, Фалестинди дарыясынан деңизине чейин азат кылуу милдетин аларга эске салуу вазыйпасын жүктөйт.

 Роя гезити, №325, 2021-жыл, 10-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here