Яхудий вужуду менен Ирандын ортосундагы өз ара соккулар Американын көрсөтмөсүнө ылайык жөнгө салынган

1103
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яхудий вужуду менен Ирандын ортосундагы өз ара соккулар Американын көрсөтмөсүнө ылайык жөнгө салынган

Ирандын «Фарс» маалымат агенттиги «2024-жылы 19-апрелде Исфахан вилаятындагы аскерий базанын жанында үч жарылуунун үнү угулду», – деп маалымдады. Иран телевидениеси кабарлашынча, аба чабуулунан коргоо системасы өлкөнүн борбор бөлүгүндө жайгашкан Исфахан вилаятынын жана анын түндүгүндөгү Табриз шаарынын аба мейкиндигинде кичине дрондорго сокку берген.

Бул жеңил аскерий сокку бир апта мурун Ирандын үч жүз отуздан ашуун дрон жана ракеталар менен (Израилге) жасаган чабуулуна карата яхудий вужудунун жооп соккусу болду. Ошентип, эки мамлекет ортосунда жактырылбаган жана Америка каалабаган акыбеттерге алып келиши мүмкүн болгон түздөн-түз кагылышуу жаралбашы үчүн яхудий вужуду тарабынан адаттан тыш күчсүз жооп соккусу берилди.

Иран тышкы иштер министри Хусайн Амир Абдуллахян «Фарс» маалымат агенттигине берген интервьюсунда яхудий вужудун опузалап: «Эгер (Израиль) Иранга каршы дагы кандайдыр бир аскерий аракетти жасаса, жооп бат жана максималдуу болот», – деди. Абдуллахян бир нече маалымат агенттиктерине берген интервюсунда да ушул сөздөрдү айтып, мындай деди: «Эгер (Израиль) режими дагы кайра олуттуу катага жол берсе, биздин жооп кескин жана алар үчүн кайгылуу болот». Амир Абдуллахяндын мындай кескин билдирүүлөрүнөн бир нече саат өткөн соң, Исфаханга чабуул жасалды. Иран аба чабуулунан коргоо күчтөрү үч учкучсуз учакты атып түшүргөнүн билдирди. Тегеран жума күнү «чабуул кичине дрондор аркылуу жасалганын, алардын баары атып түшүрүлгөнүн жана алар Иран аймагында эч бир бутага жетпегенин» баса белгиледи. Иран яхудий вужудун бул чабуул үчүн жоопкер деп эсептебеди.

Иран жана Эл аралык атом энергиясы агенттиги чабуул ядролук объектилерге багытталбаганын ырастады. Белгилүү болгондой, Исфахан шаары атом өнөр жайы жана уранды кайра иштетүү борбору болуп эсептелет, ошондой эле ал жерде учак жана дрондорду иштеп чыгарган ишканалар бар. Иран бул чабуулду Ирандын ичиндеги малайлар тарабынан ишке ашырылган жөн гана бүлүндүргүч аракет деп эсептеп, өлкө ичиндеги тыңчылар жасаган террористтик бүлүндүргүч амалият деген мамиледе болду. Ошондой эле, Иран чабуулда пайдаланылган дрондорду «квадрокоптерлер» деп мүнөздөдү, алар жүз граммдай жарылуучу заттарды алып жүргөн жана олуттуу зыян жеткире албаган кичинекей дрондор.

Ирандын Дамасктагы консулдугу 1-апрелде яхудий вужуду тарабынан аба чабуулуна учурап, акыбетте бир нече ирандык чоң офицерлер набыт болгон. Жооп иретинде Иран өткөн аптада яхудий вужудуна жүздөгөн ракета жана дрондор менен чабуул кылгандан кийин яхудий вужуду да ага жооп соккусун берип коркуткан.

Яхудий вужуду Исфаханга жасаган, бирок расмий басма сөзү моюнга албаган бул күчсүз чабуулду экстремист яхудий министр Бен Гвир ачыктап, аны «маскарапоздук» деп атады. Бул болсо яхудий вужуду бул чабуулга жоопкер экендигине ачык-айкын ишара. Яхудий вужуду телерадиокомпаниясы ысымы аталбаган министрлердин «Бен Гвирдин мындай билдирүүлөрү мамлекеттин коопсуздугун коркунучка кептеши мүмкүн» деп айткан сөздөрүн жарыялады. Оппозиция жетекчиси Яир Лапид: «Өкмөттөгү коопсуздук министринин мамлекет коопсуздугуна, аброюна жана эл аралык даражасына мынчалык чоң зыян жеткириши мурун болбогон», – деди. «Бен Гвир (Израилди) маскара кылып, анын бетин Тегерандан Вашингтонго чейин ачыктады», – деп кошумчалады ал. Шек-күмөнсүз, бул билдирүү яхудий вужуду – Иран менен мамилелерди курчутпоо зарылдыгы жүзөсүнөн – Американын басымына моюн сунуп жатканын тастыктайт. Бул дагы ушуну тастыктайт – болуп өткөн окуя Америка мурун кылып келген, Касим Сулайманий өлтүрүлгөндөн кийин АКШнын мурунку президенти айткан сахна оюндарына окшогон сахна оюну гана.

Яхудий вужуду мажбурдуу түрдө сүкүт сактоо жана Исфаханга жасаган күчсүз чабуулун расмий жарыялабоо саясатын тандады. Бул болсо яхудий вужуду менен Иран ортосундагы өз ара чабуулдар ритмин мына ушундай дипломатиялык багыт менен көзөмөлдөмөкчү болгон Американын каалоосуна ылайык келет. Америка эки тарапка, айрыкча, Иран менен кеңири көлөмдүү согушка тартылбашы үчүн яхудий вужудуна басым кылууда. Анткени кеңири көлөмдүү согуш татаал болгон саясий абалды ого бетер татаалдаштырат, глобалдуу туруктуулукту бузат, бүткүл регионду коркунуч жана туруксуздукка дуушар кылат. Ирандын чабуулу яхудий вужуду үчүн Иран ядролук реакторлоруна чабуул кылуунун ыңгайлуу учуру эсептелсе да, яхудий вужуду Америкадан коркуп бул учурдан пайдаланбады. Яхудий вужуду армиясынын мурунку аскерий командачысы Амир Авиви: «(Израиль) Иран ядролук объектилери менен шугулданууну узак убакыт күттү. Менин оюмда, бул аларга катуу сокку берүүнүн өзгөчө мүмкүнчүлүгү», – деди.

Ошентип, Америка эки мамлекет ортосундагы күрөштө жаңы вазыйпаны жүзөгө чыгармакчы болууда. Чамасы, бул вазыйпа Иран менен яхудий вужуду ортосундагы күрөштө Иран тарапка бурулган көрүнөт. Бул вазыйпага ылайык, Иран яхудий вужуду Иранга каалаганча сокку беришине мүмкүнчүлүк берген «стратегиялык сабыр» деп аталган саясаттан эки мамлекет ортосундагы тең салмактуу каршылык стратегиясына өтөт. Бул болсо региондо Ирандын деңгээли көтөрүлүшүнө жана Жакынкы Чыгышта анын ордун толуктай албай турган регионалдык кубат катарындагы даражасы яхудий вужудунун деңгээлине барабар даражага көтөрүлүшүнө алып келет.

Иран өзүнүн аскерий аракеттеринде Америка менен келишпестен бир да кадам шилтебейт. Иран мындай аракеттерди өзү ишке ашырат же ага караштуу тармактар аркылуу ишке ашырат. Маселен, Иран Ирактагы Айнул Асад базасына өзү чабуул кылган болсо, яхудий вужудуна каршы кылынган акыркы чабуулду ага караштуу тармактар аркылуу ишке ашырды. Ошондой эле, ал үч мамлекеттин тышкы иштер министрлери ортосунда телефон сүйлөшүүлөрү болгону жөнүндө Американы Туркия аркылуу кабардар кылган. Америка менен Иран ортосунда Америка Ирак жана Афганистанды басып алгандан тартып бүгүнкү күнгө чейин ушинтип келишип иш-аракет кылуу уланып келүүдө. Бул нерсе ушуга ачык-айкын далалат кылат – Иран Америка орбитасында (таасири алкагында) айланган мамлекет. Иранга каршы Америка колдонуп жаткан санкциялар Ирандын күчүн бекемдеген саясий чалгытуулардан башка нерсе эмес. Ошондуктан Ирандын бардык саясий аракеттерине ишенип болбойт. Анткени анын саясий аракеттери Америка кызыкчылыктарына кызмат кылуудан четке чыкпайт.

Сирия жана Ливандагы согушкерлеринин өлүмү үчүн өч албаган Иран Газадагы миңдеген фалестиндиктердин өлүмү үчүн өч алат беле! Иран аларды жардамсыз калтырды жана курулай жалындуу сөздөрдөн башка нерсени бербеди.

Түпкүлүгүндө, Иранды Фалестин да, Ислам да кымындай ойлондурбайт. Ал өзүнүн улуттук фарс кызыкчылыгын, жийиркеничтүү тайпачылык жана мазхабчылык илдетин четке экспорттоону гана ойлойт.

 

Роя гезити, №492, 2024-жыл, 24апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here