Саламаттыкты сактоого таасир көрсөтүүчү эң маанилүү аамилдердин бузуктугу(6)

183
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

               Бисмиллахир рохманир рохиим

Бүгүнкү күндөгү саламаттыкты сактоонун вакиъси о.э. Халифалык мамлекетиндеги саламаттыкты сактоо негиздери жана анын максаттары

Саламаттыкты сактоого таасир көрсөтүүчү эң маанилүү аамилдердин бузуктугу(6)

 Коронавирус акыбеттери жана дүйнөдөгү саламаттыкты сактоо түзүмдөрүнүн кулашы

  Коронавирус пандемиясынын акыбеттери капиталисттик дарылоо усулу ката экендигине ачык-айкын мисал болот. Капиталисттер жана алардын табакташтары бул маселеге кандай жандашканын карап көрөлү: Алгач, Кытай бул маселеде унчукпай турду, сактануу, этияттык чараларын кечиктирди. Экинчиден: Карантин жана жарым-жартылай изоляция жарыяланды. Мунун натыйжасында миллиондогон адамдар үйлөрүнө камалып калышты. Азык-түлүк сатып алуудан жана зарыл болгон муктаждыктардан башка эч нерсе кыла албай калышты. Ошону менен экономикалык турмуш токтоду. Үчүнчүдөн: Толук изоляция жарыяланды. Мунун натыйжасында дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар коронавирус жайылышын чектөө үмүтүндө үйлөрүндө камалып калышты. Белгилүү болгондой, бул үч чаранын үчөө тең коронавирус проблемасын чече албады жана чече албайт дагы. Тескерисинче, бул чаралар экономиканы алсыратуудан турган башка проблеманы пайда кылды. Андан соң бул оору күчөп, миллиондогон адамдарга жукту. Алардын өздөрүнүн отчётторунда келишинче, дагы миллиондогон адамдар ушул оорудан каза болушту. Бул ооруга өтө этияттык менен мамиле кылган башка капиталисттик коомдордогу адамдар да ар түрдүү ыңгайсыздыктарга дуушар болушту.

  Ушул ооруга карата кылына турган эң туура мамиле Аллах Тааланын шариятында келген көрсөтмө болчу. Анда мамлекет бул оору башталары менен көзөмөлгө алат. Бул оору алгачкы чыккан жеринде чектөө чараларын көрөт. Башка аймактардагы соо-саламат адамдар болсо иштей беришет. Мына ошентип жугуштуу оору чыккан жеринде изоляцияга алынат. Бейтаптар карантинге алынат жана алардын саламаттыгы текшерилип, акысыз дарыланат. Соо-саламат адамдар болсо иштерин уланта берет. Жугуштуу оорудан мурунку жашоо кадимкидей улана берет. Адамдардын иштери токтотулуп, үйлөргө камап коюлбайт. Эгер андай кылынса, экономикалык жашоо токтоп, мындан да чоңураак проблемалар пайда болушу мүмкүн.

  Дүйнө жүзүнө коронавирус эпидемиясы жайылышы саламаттыкты сактоо түзүмү курулган негиз канчалык жасалма экендигин ачып таштады. Мамлекеттер саламаттыкты сактоо тармагына өтө аз каражат бөлүшүн көрсөтүп койду. Ооруканалардын абалы өтө начар экендигин, интенсивдүү терапияга жана респираторго муктаж бейтаптарды жайгаштырууга даярдыкты о.э. медициналык коргоочу кийимдер, тазалоочу материалдар, стерилизация сыяктуу жөнөкөй эле профилактикалык каражаттар менен камсыздоо канчалык начар экендигин ачыктап койду. Ошондуктан, мындай мамлекеттердин саламаттыкты сактоо түзүмдөрүнүн бул пандемия каршысында кулашы жана анын жайылышына каршы күрөштө жеңилиши таң калычтуу эмес болчу. Ал тургай, медициналык технология жана илимий изденүүлөрдө дүйнөдөгү мамлекеттерге үлгү болуп келген АКШ да коронавируска каршы турууда ийгиликсиздикке дуушар болуп, коронавирус менен күрөшүүгө алсыздык кылды.  Бул ооруга каршы күрөшүү жаатында Американын өзү үчүнчү дүйнө мамлекетине айланып калды.

  Коронавирус пандемиясы жараянында фармацевтикалык компаниялар о.э. илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчү компанияларга дары-дармек чыгарууга жана аларды бейтаптар үстүнөн тажрыйбадан өтеөрүүгө кеңири жол ачылды. Вакцина өнөржайы үчүн атаандаштык эшиктери ачылды. Бөлүштүрүү монополиясы менен миллиарддаган пайда табуу үчүн, монополия жана жумушчу күчүн эксплуатациялоо үчүн жаңы базарларды ачууга мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Коронавирус эпидемиясына каршы глобалдык эмдөө кампаниясы тарыхтагы эң ири кампания болуп эсептелет. “Блумберг” агенттиги тараткан билдирүүгө таянсак, дүйнөдөгү 180 мамлекетте эки жарым миллиардан ашуун доза сайылган. Бул дүйнө калкынын 16.4%ын эмдөөгө жетиштүү доза. Бирок, бөлүштүрүү маселеси ушунчалык айырмалуу болгон дейсиң, кирешеси жогору болгон мамлекеттерде эмдөө жакыр мамлекеттерге караганда 30 эсеге тезирээк болгон. “Файзер”  (Pfizer) компаниясынын жылдык кирешеси 26 миллиард долларга жеткен. Анткени, 2021-жылдын биринчи кварталындагы пайда 2020-жылга караганда 44%га өскөн. Мисалы, Американын “Moderna”   биотехнологиялык компаниясы алгачкы жолу эле миллиарддаган пайда табууну каалап, 17.4 миллиарддан үмүттөнгөн. “Moderna” компаниясынын акциялары 2020-жылдын февралынан баштап 700%га көтөрүлгөн. Ошол эле убакта “BioNTech” (BNT162b2) вакцинасынын баасы 600 %га көтөрүлгөн. Мунун натыйжасында COVID-19 пандемиясына каршы  вакцина чыгаруучу компаниялардын акциялары көтөрүлгөндөн кийин бул компаниялар кеминде 9 миллиард доллар пайдага ээ болушкан.

  Чындыгында саламаттыкты сактоонун капиталисттик жолунун жамандыгы жана бузуктугу чектен чыгып кетти о.э. бул нерсе ачык-айкын көрүнүп калды. Адамдар кадыржамдык, рахмат жана адилеттүүлүк издеп калышты. Ушул жырткыч капиталисттик түзүмдүн эң туура альтернативасы Ислам. Анткени, Ислам саламаттыкты сактоо тармагын менчиктештирүүгө тыюу салат. Аны Халифанын колуна чектейт. Ошондо саламаттыкты сактоо тармагы капиталисттердин колунда таланып-тонолбойт. Тескерисинче, бул тармакты Халифалык мамлекети акыйкат жана адилеттүүлүк менен башкарат о.э. жарандарын акысыз медицина менен камсыздайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here