Катардагы дүйнөлүк чемпионаттын курулушунда 15 миңден ашык куруучу курман болду

182
0

Катардагы дүйнөлүк чемпионаттын курулушунда 15 миңден ашык куруучу курман болду

         20-ноябрда Катарда баштала турган 2022 дүйнөлүк чемпионатка байланыштуу 12 стадиондун курулуш иштерине дүйнөнүн ар тарабынан жумушчулар тартылган. Арзан жумушчу күчү катары пайдаланылган куруучулардын 15 миңи ар кандай жагдайда курман болушту. Буга өз өлкөсүнө келгенден кийин курман болгондордун саны кошулган эмес. Бул тууралуу Amnesty International укук коргоо уюму жарыялады.

         Маалыматка ылайык, Катар дүйнөлүк чемпионат үчүн курулуш иштерин 2011-жылы баштаган. Он жыл ичинде Индия, Бангладеш, Непал, Шри Ланка, Филиппин, Африка жана Пакистандан келген жумушчулар көбүрөк курман болгон. Өлүм учурлары көбүнчө бийиктен кулоо, оор жаракат алуу себептүү жүз берген. А бирок, расмий бийлик жүрөктүн токтоп калуусу жана дем жетпей жан берген учурлар көп катталганын билдирген. Муну менен капитализм чүмбөтү астындагы жакыр калктардын жаны эч нерсеге арзыбаган өлчөөсүн жашырууга аракет кылган. Буга кошумча, климаттын ысыктыгы жана таза суунун жетишсиздиги мындай табигый өлүмдөргө алып келиши талашсыз. Укук коргоо уюмунун айтымында, ден соолугу атайын текшерүүлөрдөн кийин барган ден соолугу чың жаш курактагы жумушчулардын табигый жүрөктүн токтоп калуусу себептүү өлүмгө учурашы акыйкаттан алыс. Жумушчулар 40 градустан ашык ысыкта 12 саат иштеген. Айрымдары апта бою дем алышсыз иштеген.

         Бул сандарды Катар өкмөтү да четке каккан эмес. Анткени, бийлик 12 стадиондон сырткары  185 млрд долларга жаңы аба майданын, метро, кургактык жолдорун, 100 мейманкана ж.б долбоорлорду курган. Мына ушундайча, кара жумушта иштеген карапайым калк капиталисттик системанын курмандыгына айланышууда. Анткени, Европанын айрыкча Германиянын курулуш компаниялары Катарда миллиондогон пайдага туйтунууда. Буга кошумча, Катар Европанын футбол клубдарына акыркы он жылда 2 млрд доллардан ашык каражат жумшаган. Мунун каршысында Европа мусулман өлкөлөрүнөн барган качкындарды чек арасына киргизбей деңиздерде, суукта курман болушун күзөтүүдө. Мындай адамдык баалуулукка тескери окуялар жыл сайын ондоп саналат.

         Жыйынтыктап айтканда, Йемен, Сирия аймактарында миңдеген бөбөктөр ачкалыктан курман болгон бир учурда Катардын малай акимдери Европа ширкаттарынын пайда табуусуна, болгондо да миңдеген жумушчуну курулуштарга көмүүнүн үстүнө пайда табуусуна жол ачып берүүдө. Мындай зулумдуктар Ислам түзүмүнүн жашоодо жоктугу, анын ордуна бир ууч капиталисттин кызыкчылыгына кызмат кылган демократиялык системанын үстөмдүгү себептүү жүз берип жатат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here