БУУ Кыргызстанда жакырчылыкты жоюуга 90 миллион доллар берет
Кабар: БУУ Азык-түлүк боюнча дүйнөлүк программанын 2023-2027-жылдарга карата стратегиялык планына ылайык, жакырчылыкты жоюу жана азык-түлүк коопсуздугун сактоо боюнча ар кандай программаларды ишке ашырууга 90 миллион доллар берет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каражат беш жылдык программанын негизинде өлкөдөгү жакырчылыкты жоюуга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталат. О.э. жакырчылык менен күрөшүү боюнча активдүү чараларга багытталган долбоорлорго 15 миллион доллар берилет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстанда 105,5 миң үй-бүлө жөлөк пул алып жатканын билдирди.
“Жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу боюнча долбоорлорго 108 миңден ашуун кыргызстандыктар катышып, алар үчүн ун жана өсүмдүк майын алышты. Дагы 20,5 миң адам “жумуш үчүн накталай акча (окутуу)” схемасы боюнча долбоорлорго катышты. 2,9 миң адам мамлекет менен социалдык контракт түзүп, бюджеттен кайтарымсыз каражат алуу менен өз бизнесин ачты”, – деди министр Базарбаев.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жакырчылык өсүп барууда. 2019-жылы жакырчылыктын деңгээли 20,1 пайызды түзгөн болсо, 2020-жылы 25,3пайызга өскөн. Ал эми, 2021-жылы жалпысынан 33,3 пайызды түзгөн. Былтыр өтө жакырчылык деңгээли 6 пайызга жеткен. Эксперттердин айтымында, жакырчылык шаарда да, айылдарда да өсүп барууда.
Комментарий: Бүгүнкү күндө Кыргызстан эле эмес, дүйнө жүзүндө өкүм сүрүп жаткан экономикалык кризистер, жакырчылык жана ачарчылыктарга үстүбүздө өкүм сүрүп жаткан капитализм түзүмү себепкер. Эл аралык жана аймактык мыйзамдар менен бекемделген бул түзүм байлардын ого бетер байып, жакырлардын ого бетер жакырданышына жол ачат. Себеби, бул түзүм башка эркиндиктер катарында мүлк эркиндигин да өз ичине алат т.а. бул түзүмдө ар ким каалагандай жол менен мүлккө ээлик кылууга укуктуу. Капитализм түзүмү жакырчылыкты кантип пайда кылышына келсек, бул түзүм өз идеологиясын колонизатордук жолу менен жайылтат. Т.а. ири мамлекеттердин иши өлкөлөрдү басып алуу, элдерге зулум кылуу, байлык жана ресурстарды талап-тоноп, өлкөнүн калкын куру калтыруудан турат.
БУУнун бир отчётунда мындай деп келет: “Өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин калкы 4.3 миллиард адам. Алардын үч миллиардга жакыны жакырчылыктын чегинде жашайт т.а. алардын ар биринин күнүмдүк керектөөсү 2 долларга барабар, ал эми 1.2 миллиардынын керектөөсү болсо 1 доллардан азыраак. Мунун каршысында , Батыштын статистикалык маалыматтарына ылайык, өнөржайы өнүккөн мамлекеттер дүйнө жүзүндөгү артыкчылыктардын 97 пайызына, трансулуттук компаниялар технология, өндүрүш жана маркетинг абзелдиктеринин 90 пайызына ээлик кылышат. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги чет элдик инвестициялар пайдасынын 80 пайыздан ашыгы 20 бай мамлекетке кетип жатат. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде күбө болгонубуздай, калктын 33.3 пайызына пайдалануу үчүн коопсуз, стерилденген же таза суу жеткиликтүү эмес, 25 пайызынын үй-жайы жок, 20 пайызына жөнөкөй эле медициналык кызматтар жеткиликтүү эмес, жаш балдардын 20 пайызы бешинчи класска чейин гана окушат, мектеп окуучуларынын 20 пайызы тоё тамактанбайт. Дүйнөдөгү эң бай үч адамдын байлыгы дүйнөдөгү эң жакыр 48 мамлекеттин ички дүң өнүмүнө барабар. Дүйнөдөгү эң бай 200 адамдын байлыгы дүйнө калкынын 42 пайызынын кирешесинен көптүк кылат”.
Колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн БУУ “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерин колонизаторлор тарабынан иштелип чыккан эл аралык мыйзам-эрежелерге моюн сунууга мажбурлап келет. Ал мыйзамдарда, бул мамлекеттердин экономикалык өнүгүүнүн негизи болгон оор өнөржайга т.а. станок куруучу жана курал жарак-чыгаруучу өнөржайга ээ болушуна тыюу салынган. Бул мамлекеттер жетекчи мамлекеттер үчүн сырьё базасы болуп эсептелишет о.э. булар айыл-чарба тармагына чектеп коюлган. Айыл-чарбасы үчүн зарыл болгон техникалар болсо ошол колонизаторлордун колунда. БУУ болсо өнүгүп келе жаткан жана жакыр мамлекеттерде баланча адам ачка, баланча пайыз адам жакыр, дүйнө калкына ачарчылык жакындап келе жатат деп “крокодил көз жашын” төгүүдөн чарчабайт…
Аллахтын уруксаты менен тикелене турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети гана жакырчылыкты жана анын себептерин жок кылат, адамдарды ач көз капиталисттик түзүмдөн коргоп, бардык адамдардын негизги муктаждыктарын камсыздайт о.э. мүлккө ээ болууга т.а. айыл-чарба, өнөржай, мал-чарба, аңчылык сыяктуу мүлккө ээ болуу өкүмдөрү аркылуу байлык булактарына ээ болууга шарт түзүп берет. Кимде-ким бирер үзүр себептүү буга жете албаса, аны Халифалык мамлекети шаръий өкүмдөр аркылуу Байтулмалдан камсыздайт.
Туркистон
order lasuna generic – buy himcolin no prescription order himcolin online
buy ozobax for sale – buy feldene generic cost piroxicam 20mg
order meloxicam 15mg generic – buy mobic paypal toradol 10mg uk
buy augmentin 1000mg without prescription – order amoxiclav pill order synthroid 100mcg
norethindrone 5 mg ca – lumigan usa brand yasmin
buy estrace cheap – buy generic anastrozole 1 mg buy generic arimidex for sale
гѓ—гѓ¬гѓ‰гѓ‹гѓійЂљиІ©гЃ§иІ·гЃ€гЃѕгЃ™гЃ‹ – гѓ‰г‚シサイクリン処方 イソトレチノイン жµ·е¤–йЂљиІ©