АКШ БУУнун уйгурлар боюнча отчётун алкыштады

221
0

АКШ БУУнун уйгурлар боюнча отчётун алкыштады

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 1-сентябрдагы билдирүүсүндө, БУУнун отставкага кетип жаткан адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет жарыялаган отчетто Кытайдын уйгурларга жана башка этникалык азчылыктарга карата үрөй учурган мамиледе болуп жатканы ишенимдүү далилдерге негизделгенин айтты.

Блинкен: “Бул отчет Шинжаңдагы уйгурларга о.э. башка этникалык жана диний азчылыктардын өкүлдөрүнө каршы бийлик жасап жаткан геноцид жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча биздин олуттуу тынчсыздануубузду бекемдейт жана тастыктайт”, – деди.

Бачелет отчетунда Кытай бийлигинин Шинжаңдагы уйгурларды жана башка мусулман азчылыктарын күчтөп камап, кыйноого алып, катаал мамиле жасаганы “адамзатка каршы кылмышка” барабар болушу мүмкүн деп белгилеген. БУУнун өкүлү Кытайды камактарда мыйзамсыз кармалып жаткан мусулмандарды тез арада бошотууга чакырган.

Комментарий: Кытай 1949-жылы Чыгыш Түркстанды басып алгандан бери Чыгыш Түркстандагы мусулмандар атеист Кытай режиминин колунда жырткычтык кыргындарды жана азап-тозокторду башынан өткөрүп келет. Коммунист Кытай мамлекети, бир жагынан Чыгыш Түркстан байлыктарын ээлеп алган болсо, башка тараптан аймактагы калктын көпчүлүгүн түзгөн мусулман уйгурларга карата репрессиячыл саясатын колдоно баштады.

Кытай Чыгыш Түркстанды басып алгандан бери түрдүү жырткычтык ыкмалар менен миллиондогон мусулманды кырып салды. Кудайсыз өкмөт ушуну менен эле чектелип калбастан, мусулмандардын жүрөгүнөн Исламды өчүрүп салууга олуттуу киришти. Мусулмандарга диний билим алууга тыюу салынды. Жаштарга исламий тарбия берип жаткан аалым жана уламалар куугунтукталып, ар түрдүү айыптар менен камакка алынышты. Эркектерге сакал коюуга, аялдарга хижаб кийүүгө тыюу салынды. Имамдар аянтта бийлөөгө мажбурланышты. Ал тургай рамазан айында орозо кармоого, өкмөттө иштеп жаткан мусулмандарга намаз окууга тыюу салынды. Мусулмандар чочконун этин жегенге, муслима карындаштарыбыз болсо нажас хань кытайлар менен үй-бүлө курууга мажбурланышты…

2016-жылдан баштап “саясий тарбия берүүчү лагерлер” деп аталган аскерий лагерлерди куруп, ал жерге 1 миллиондон 3 миллионго чейинки уйгур, казак, кыргыз жана башка улуттагы мусулмандарды жайгаштырды. Лагерлердеги мусулман ата-энелердин бир миллиондон ашуун балдарын “мээримдүүлүк үйү” деп аталган лагерге тапшырып, аларды коммунисттик сакафат менен тарбиялап баштады. Өткөн жылдарда расмий өкмөт 25 миң мечитти бузду. Тарыхий мечиттерди көңүл ачуучу жайларга айлантты.

Кытай өкмөтү Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосу менен жүргүзүүдө. Кытайдын “кесипке үйрөтүү борборлору” деп атап алган лагерлерине эл аралык уюмдар тарабынан – “кыйноого алуучу” жана мажбурий акы төлөнбөй турган, же аз акы төлөнө турган эмгек, эне тилинен пайдаланууга о.э. өздөрүнүн маданий жана диний каада салттарын аткарууга тыюу салынуучу “концентрациялык лагерлер” деген аныктама берилген.

Кытай өкмөтүнүн уйгур, казак, кыргыз жана башка аз сандуу мусулмандарга карата колдонуп жаткан зулумдары АКШ жана эл аралык коомчулуктун көз алдында болуп келгенине карабастан, алар муну көрмөксөн болуп келишти. Качан гана Кытай экономикалык жактан дүйнөдөгү экинчи күчкө айланып, АКШ менен атаандаша баштаган соң, АКШ жана анын башка мамлекеттерге басым өткөрүү куралы болгон БУУ, адам укуктары боюнча уюмдар Кытай өкмөтүн геноцидде айыптап, “крокодил көз жашын” төгө башташты. Бул “көз жаштар” кытайлык мусулмандарга боору ачыганы себептүү эмес, болгону Кытайга карата санкцияларды киргизүү жана анын АКШ менен атаандаштыгына чек коюу үчүн гана болууда.

Ушундай болгон соң, биз мусулмандар эл аралык коомчулуктан же башка малай уюмдардан үмүттөнүп отурбастан, пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты кайрадан тикелөө жолунда олуттуу аракет кылышыбыз керек. Халифалык мамлекети гана Чыгыш Түркстандагы эле эмес, бардык исламий өлкөлөрдөгү мусулмандардын коопсуздугун жана акы-укуктарын толук камсыздай алат. Мына ошондо гана мусулмандар ааламдардын Жаратуучусу болгон Аллах Тааланын бардык буйруктарын эч кимден айбыкпастан, ээн-эркин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here