Мусулмандардын кичине тобу Ак үйдү фатх кылышы тууралуу суроого жооп

2597
1

Бисмиллаахи рохмаанир рохиим

Мусулмандардын кичине тобу Ак үйдү фатх кылышы тууралуу суроого жооп

Суроо:

Ассалому алайкум менде бир суроо бар эле, ушул хадистин маанисин түшүндүрүп берсеңиз?

كتَبتُ إلى جابِرِ بنِ سَمُرَةَ مع غُلامي، أخبِرْني بِشَيءٍ سَمِعتَهُ مِن رَسولِ اللهِ ﷺ، قالَ: فكتَبَ إليَّ: سَمِعْتُ رَسولَ اللهِ ﷺ يَومَ الجُمُعَةِ، عَشِيَّةَ رَجْمِ الأسلَمِيِّ يَقولُ: «لا يَزالُ الدِّينُ قائِماً حتى تَقومَ السَّاعةُ، أو يَكونَ عليكم اثنا عَشَرَ خَليفةً كُلُّهُم مِن قُرَيشٍ». وسَمِعتُهُ يَقولُ: «عُصبةُ المُسلِمينَ يَفتَتِحونَ البَيتَ الأبيَضَ، بَيتَ كِسْرى وآلِ كِسْرى». وَسَمِعتُهُ يَقولُ: «إنَّ بَينَ يَدَيِ السَّاعةِ كَذَّابينَ، فاحذَرُوهم». وَسَمِعتُهُ يَقولُ: «إذا أعطى اللهُ أحَدَكم خَيراً، فَلْيَبْدَأْ بِنَفْسِهِ، وأهلِ بَيتِهِ». وَسَمِعتُهُ يَقولُ: «أنا فَرَطُكم على الحَوضِ».

“Мен кызматчым аркылуу Жабир бин Самурага кат жазып мындай дедим: “Мага Аллахтын Элчисинен (саллаллаху алейхи уа саллам), уккан нерсеңди айт”. Ал мага мындай деп жазды: “Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) жума күнү Асламийди таш бараңга алуу алдында мындай деп айтканын уктум: “Дин кыямат келгенче, же силердин үстүңөргө баары Курайштан болгон он эки халифа келгенге чейин турат. Мусулмандардын кичине бир тобу Ак үйдү, Кисронун үйүн жана анын үй-бүлөсүн фатх кылат”, – деп айтканын уктум. Мен анын: “Чындыгында, Кыяматтын алдында жалганчылар болот, алардан сактангыла”. – деп айтканын уктум. Дагы: “Эгер силердин бириңерге Аллах жакшылык берсе, өзүнөн жана үй-бүлөсүнөн баштасын”, – дегенин уктум. Мен анын: “Мен силерди хавздан күтөм”,-  дегенин уктум.

Урматтуу шейх, “Мусулмандардын кичине бир тобу Ак үйдү фатх кылат” деген бул хадистин сахихтиги жана анын чечмелениши  кандай? Аллах ыраазы болсун!

Жооп:

Уа алайкум ассалам уа рохматуллоохи уа баракаатуху.

Биринчи: Сиз сурооңузда айткан хадис имам Ахмаддын риваятынан. Имам Муслим бул хадисти сөздөрүндө бир аз айырмачылык менен риваят кылган. Ал өзүнүн «Сахихинде» Аамир бин Саьд бин Абу Ваккастан риваят кылат:

كَتَبْتُ إِلَى جَابِرِ بْنِ سَمُرَةَ مَعَ غُلَامِي نَافِعٍ أَنْ أَخْبِرْنِي بِشَيْءٍ سَمِعْتَهُ مِنْ رَسُولِ اللَّهِ ﷺ قَالَ فَكَتَبَ إِلَيَّ سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ يَوْمَ جُمُعَةٍ عَشِيَّةَ رُجِمَ الْأَسْلَمِيُّ يَقُولُ: «لَا يَزَالُ الدِّينُ قَائِماً حَتَّى تَقُومَ السَّاعَةُ أَوْ يَكُونَ عَلَيْكُمْ اثْنَا عَشَرَ خَلِيفَةً كُلُّهُمْ مِنْ قُرَيْشٍ» وَسَمِعْتُهُ يَقُولُ: «عُصَيْبَةٌ مِنَ الْمُسْلِمِينَ يَفْتَتِحُونَ الْبَيْتَ الْأَبْيَضَ بَيْتَ كِسْرَى أَوْ آلِ كِسْرَى» وَسَمِعْتُهُ يَقُولُ: «إِنَّ بَيْنَ يَدَيْ السَّاعَةِ كَذَّابِينَ فَاحْذَرُوهُمْ» وَسَمِعْتُهُ يَقُولُ: «إِذَا أَعْطَى اللَّهُ أَحَدَكُمْ خَيْراً فَلْيَبْدَأْ بِنَفْسِهِ وَأَهْلِ بَيْتِهِ» وَسَمِعْتُهُ يَقُولُ: «أَنَا الْفَرَطُ عَلَى الْحَوْضِ

“Мен кызматчым аркылуу Жабир бин Самурага кат жазып мындай дедим: “Мага Аллахтын Элчисинен (саллаллаху алейхи уа саллам), уккан нерсеңди айт”. Ал мага мындай деп жазды: “Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) жума күнү Асламийди таш бараңга алуу алдында мындай деп айтканын уктум: “Дин кыямат келгенче, же силердин үстүңөргө баары Курайштан болгон он эки халифа келгенге чейин турат”. Дагы: “Мусулмандардын кичине бир тобу Ак үйдү, Кисронун үйүн жана анын үй-бүлөсүн фатх кылат”, – деп айтканын уктум. Мен анын: “Чындыгында, Кыяматтын алдында жалганчылар болот, алардан сактангыла”. – деп айтканын уктум. Дагы: “Эгер силердин бириңерге Аллах жакшылык берсе, өзүнөн жана үй-бүлөсүнөн баштасын”, – дегенин уктум. Мен анын: “Мен силерди хавздан күтөм”,-  дегенин уктум.

Бул хадис сахих жана анын сахихтигине Сахих Муслимде келгени жетиштүү.

Экинчи: Хадистин тафсирине келсек, хадисте көптөгөн маселелер бар. Анын биринчиси, ал Зат (с.а.в): “Дин кыямат келгенче, же силердин үстүңөргө баары Курайштан болгон он эки халифа келгенге чейин турат”. Аалымдар бул хадистин максат, мааниси тууралуу ар кандай пикирде болушкан жана эң туурасын Аллах билүүчү. Алардын ичинен ыктымалы эң жогорусу Ибн аль-Жаузинин “Кашф аль-Мушкилде” келтирген шархы. Ал аталган хадиске байланыштуу түшүндүрмө берип: “Кыяматка чейинки халифалардын бүткүл доорунда он эки халифа катарынан келбесе да, туура иштерди кыла тургандары доор-доору менен кыяматка чейин келишет. Бир адилеттүү имам келип мүмкүн, анын артынан зулум кыла турган бирөө келет. Андан кийин адилеттүү бирөө келет. Ушундай түрдө он эки халиифанын келиши Кыяматка чейин уланат. Бул пикирге Абу Мансурдун бизге айткандары далил болот.

Абу Бахр Абу Аль-Мужаллиддин ага айтканын жана ага ант бергенин айтып мындай деди: “Бул үммөт он эки халифа болмоюнча, баары хидаят жана акыйкат дин менен өкүм жүргүзмөйүнчө жок болбойт. Алардын арасында Пайгамбардын (с.а.в) үй-бүлөсүнөн эки киши болот. Алардын бири кырк жыл, экинчиси отуз жыл жашайт.

Бул басымдуу көз караш жана эң туурасын Аллах билет. Анткени, хадисте: “Дин кыямат келгенче, же силердин үстүңөргө баары Курайштан болгон он эки халифа келгенге  чейин турат” деп келген. Демек, кеп кыяматка чейин диндин турушу жөнүндө болуп жатат. Буга Курайштан чыккан он эки халифанын башкаруусу менен бүтүшү кирет. Курайштан жана башкалардан көптөгөн халифалар бийлик жүргүзгөндүктөн, Хадис Курайштан болгон анык он эки адамдын өкүмүнө негизделген. Анткени, алар башка халифалар сыяктуу Ислам менен өкүм жүргүзгөн жөн гана халифалар эмес. Алар Пайгамбарлык минхажы негизинде адилет жана акыйкат менен өкүм жүргүзгөн өзгөчө халифалар. Алардын халифалыгы “хидаят жана акыйкат дин амал кылынган халифалык”. Алардын арасында алгачкы төрт Туура жолдогу Халифалардын болгону талашсыз жана алардын бешинчиси Умар бин Абдул Азиз…

Ал эми жакынкы күндөрдө Пайгамбарлык минхажы негизинде экинчи туура жолдогу Халифалык тикеленгенде бул халифалардын ичинен хулафаи рошидиндердин жолуна түшүп, хидаят жана акыйкат дин менен амал кылышат… Башкача айтканда, Кыяматка чейин Ислам негизинде акыйкаттык менен өкүм жүргүзө турган халифалар болот. Ошондо азыркыдай зордук-зомбулук доору бүтөт. Анан Пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалык кайтып келет. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам), Нуъман бин Баширдин Хузайфадан риваят кылган хадисинде айткандай… Пайгамбарлык минхажы негизинде экинчи халифалык доорунда Ислам менен өкүм жүргүзгөн көптөгөн халифалар, анын ичинде Пайгамбарлык минхажы негизинде адилеттүү жана туура жолго түшкөн жети халифа болот. Алар биринин артынан бири удаа келбеши да мүмкүн. Алар кыяматка чейин келе турган Пайгамбарлык минхаажы негизинде өкүм жүргүзгөн он эки халифанын катарында болушат…”. Менин оюмча, бул эң басымдуу көз караш. Аллах – Билүүчү жана Даанышман.

Үчүнчү: Ал эми Расул (с.а.в)дын: «عُصَيْبَةٌ مِنْ الْمُسْلِمِينَ يَفْتَتِحُونَ الْبَيْتَ الْأَبْيَضَ» “Ак үйдү мусулмандардын кичине бир тобу фатх кылат” деген сөзүнүн маанисине келсек. “Ак үй” хадистин өзүндө айтылгандай: «الْبَيْتَ الْأَبْيَضَ بَيْتَ كِسْرَى أَوْ آلِ كِسْرَى» “Кисронун үйү же Кисронун үй-бүлөсү”, же Кисронун хан сарайы. Умар бин Аль-Хаттабдын доорундагы сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) аны фатх кылышты. Ан-Навави Муслимге берген түшүндүрмөсүндө мындай деп айткан:

عُصَيْبَة مِنْ الْمُسْلِمِينَ يَفْتَتِحُونَ الْبَيْت الْأَبْيَض بَيْت كِسْرَى

“Мусулмандардын кичине бир тобу Ак үйдү, Кисронун үйүн фатх кылышат. Бул Аллахтын Элчисине (саллаллаху алейхи уа саллам) көрүнгөн мужизалардын бири. Алар Умар ибн аль-Хаттабдын доорунда (Аллах андан ыраазы болсун) Ак үйдү фатх кылышты! “Усайбатах” сөзү “усабанын” кичирейтүүчү түрү. Ал кичине топ дегенди билдирет.

Төртүнчүсү: Ал эми, Расулулла (ага салам-салаваттар болсун) айткан: «إِنَّ بَيْنَ يَدَيْ السَّاعَةِ كَذَّابِينَ فَاحْذَرُوهُمْ» “Чындыгында, кыяматтын алдында жалганчылар болот, алардан сактангыла” деген сөзгө келсек, аалымдар аны көптөгөн өңүттө чечмелешкен. Маркаатул Мафаатихтин автору “Мишкат аль-Масабих”ти төмөнкүчө түшүндүрөт: وَعَنْ جَابِرِ بْنِ سَمُرَةَ قَالَ: سَمِعْتُ النَّبِيَّ ﷺ يَقُولُ: «إِنَّ بَيْنَ يَدَيِ السَّاعَةِ كَذَّابِينَ» “Жабир бин Самура риваят кылган хадисте, ал айтты: Мен Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай дегенин уктум: “Чындыгында, кыяматтын алдында жалганчылар болот”. Аль-Музхир айтты: “Ал көп наадандык жана илимсиздиктин болушун билдирген. Бул доордо токума хадистер, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)га каршы ойлоп чыгарылган хадистер, анын доорундагыдай мен пайгамбармын деген жалганчылар чыгышы мүмкүн. Батылга этикад кылган бузуку жамааттардын да чыгышы мисал болушу мүмкүн. Алардан сактангыла…

Бешинчи: Хадистин калган бөлүгүнө келсек, Навави аны төмөнкүчө түшүндүргөн:

«إِذَا أَعْطَى اللَّه أَحَدكُمْ خَيْراً فَلْيَبْدَأْ بِنَفْسِهِ»

“Эгер силердин бириңерге Аллах жакшылык берсе, өзүнөн баштасын”. Бул “اِبْدَأْ بِنَفْسِك ثُمَّ بِمَنْ تَعُول”  “Өзүңдөн башта, анан карамагыңдан башта” деген хадис сыяктуу.

Алтынчы: Ал Затка Аллахтын салам-салаваттары болсун: أَنَا الْفَرَط عَلَى الْحَوْض  “Мен силерди хавздан күтөм” деген сөзүнө келсек, “Мен хавзга алгачкы болуп келүүчүмүн” деген маанини билдирет. Ра фатха менен келгенде, мурун келгенин жана силерге андан ичирүүнү күтүп турушун билдирет. Фарат сөзүнүн мааниси сууга мурун келген кийинки келгендерге муктаж боло турган нерсесин даярдап күтүүнү билдирет.

Боордошуңар Ато бин Холил абу Рашта.

1445-х 26-шаввал.

2024-жыл 5-май.

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here