Түркиянын ички иштер министри ЛГБТнын жаштарга таасиринен кабатырда экендигин билдирди

178
0

Түркиянын ички иштер министри ЛГБТнын жаштарга таасиринен кабатырда  экендигин билдирди

Түркиянын ички ишлар министри Сулейман Сойлу Түркия технология жаатында Европага жетип алганын, ал тургай андан ашып кеткенин билдирди. Анын айтымында, Европа мамлекеттери Түркиянын бул өнүгүүсүнүн алдын алууга ар дайым аракет кылып келген жана учурда ал Түркияда ЛГБТны жайылтуу үчүн аракет кылууда. Сойлу бул тууралуу шайлоого карата эл менен жолугушуулары учурунда айтты.

“Биз ортодогу айырманы кыскартууга жетише баштадык. Ошондуктан, алар өздөрүн коёрго жер таппай калышты. Экономикалык чабуулдарынын себеби да ушул. Мына ошондуктан алар Түркияны каралап жатышат. Ошондуктан да алар биздин өлкөгө ЛГБТ жана гомосексуалдык чабуулун күчөтүүдө. Алгач жаштарыбызды буга көндүрүшөт, андан соң аларды өздөрү тарапка тартып алышат. Биз булардын бардыгын көрүп турабыз”, – деди жаштардын келчегине тынсыздануусун билдирген Сойлу.

Комментарий: Бул сөздөрдү айтып жаткан адам оппозиция өкүлү эмес, тескерисинче мамлекетти башкарып жаткан өкмөттүн ички иштер министри т.а. бийлик өкүлү. Ушундай болгон соң, төмөнкүдөй суроону берүүгө акыбыз бар:

  • Ырасында, ЛГБТ тобу жаштардын келечегине коркунуч туудуруп жаткан экен, эмне үчүн андай бузук топторго мамлекет тарабынан кеңири шарттар түзүлүүдө?

 

  • Түркия мамлекети эмне үчүн аларды колдоо үчүн чет өлкөдөн келип жаткан миллиондогон долларга тоскоолдук кылбай жатат?

 

  • Түркия сыяктуу Исламий өлкөдө ЛГБТ өкүлдөрүнүн кеңири концерттерди өткөрүшү, жүрүштөрдү уюштуруп, “бизге көнүүгө мажбурсуңар” деп кыйкырышына өкмөт эмне үчүн чара көрбөй жатат?

 

  • Түркияда ЛГБТнын 22 ассоциациясы кеңири иш алып барат, буларды жоготууга өкмөттүн күчү жетпейби?

 

  • 1990-жылдары кол менен эсептесе боло турган ЛГБТ өкүлдөрү ушул министрдин “Адилет жана Өнүгүү” партиясы (партия башчысы Режеп Таййип Эрдоган) бийликке келгенден кийин 3 миллионго чукулдап калышынын себеби эмнеде?

 

  • ЛГБТ жаштарды агымына тартып кетшинен тынчсызданган министр эмне үчүн телефильмдер, сериалдар, ал тургай жаш балдар үчүн чыгарылган мультфильмдердеги ЛГБТ үгүтүнө чек койбой жатат?

 

  • Афьон-Карахисарда Халифалыкты тикелөөгө чакырган аялдарды камакка алган өкмөт эмне үчүн бузукулукка чакырып жаткан ЛГБТ өкүлдөрүнө чара көрбөй жатат?

 

  • Айдин шаарында Расулуллах Bдын тавхид байрагын нике тоюндагы унаасына байлап желбиреткен адамдын үстүнөн кылмыш ишин козгогон мамлекеттик сот эмне үчүн ЛГБТ байрактары менен көчөлөрдө, министрди кабатыр кылып ахлаксыздыкка чакырып жаткан бузукуларды сот жообуна тартпай жатат?

 

  • Мындай суроолорду берип отурсак аягына жетпейбиз. А бирок эң маанилүүсү ушул, өкмөттүн өзү ЛГБТ үчүн кеңири шарттарды түзүп коюп, андан соң алардан келип жаткан кооп-коркунучтар жөнүндө сөз кылышын кантип түшүнсө болот?

 

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here