Акыл жана дин ортосунда (3)

44
0

Акыл жана дин ортосунда (3)

Бир маселе калды. Ал да болсо, акыл жана дин ортосундагы катъий зиддият (карама-каршылык) маселеси. Кээ бирөөлөр муну илим жана дин ортосундагы зиддият демекчи болушат. Бул маселе качан гана дин акылга курулбаган жана мунун натыйжасында ал ар түрдүү хурофот жана күмөндөрдү чогултуп алган кезде ортого чыга турган маселе. Ислам дини болсо, мындан мустасна. Себеби, Исламдын бардыгы акылга же акылга курулган асл (Куръан жана хадис)ке негизделген акыйдалардан турат. Ошондуктан, Исламда акыл менен дин ортосунда эч качан зиддият  жүзөгө чыкпайт.

Мындай зиддият пайда болушу мүмкүн боло турган абалдарды элестетип көрөлү. Зиддият эки кабардын ортосунда болот. Дин бирер нерсенин бар экендигин баса белгилеп же бирер вакиъни сыпаттап кабар берет. Же тарыхтагы, же келечектеги окуялар жөнүндө кабар берет. Ошол эле убакта дин баса белгилеген мына ушул нерсенин бар экендиги жөнүндө, дин баяндаган вакиънин сыпаты жөнүндө, же дин кабар берген окуялар жөнүндө акыл тарабынан зиддияттуу өкүм да бар болот. Башкача айтканда, зиддият – бул акылдын “дин кабары вакиъсине туура келбейт” деп өкүм чыгарышы. Т.а. акыл өкүмү вакиъ жөнүндөгү кабарларда дин өкүмүнө карама-каршы келиши. Ушуга ылайык, акыл менен шаръий өкүмдөр ортосундагы зиддият жаатында таптакыр талкуу кылып болбойт. Себеби, шаръий өкүм кабар эмес, инша болуп эсептелет. Анткени, шаръий өкүм бир ишти кылууну же кылбастыкты талап кылуу. Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, ал вакиъге туура келиши же туура келбеши жагынан талкуу кылынбайт.  (Калам эки бөлүккө бөлүнөт. Биринчиси, кабар, экинчиси инша. Кабар чын жана жалгандыкты өз ичине алат т.а. кабар каламы чын болушу да, жалган болушу да мүмкүн. Мисалы: “Зайд турду”, – деп айтылса, айтылган бул калам чын болушу да, жалган болушу да мүмкүн, вакиъге туура келиши да, туура келбеши да мүмкүн. Т.а. Зайд вакиъде турган болушу да, турбаган болушу да мүмкүн. Иншаий каламда болсо, тууралык жана жалгандык болбойт. “Тур, эй Зайд”, – деп айтылганда, же “Эй момундар…” – деген кайрылууда, “Намазды аткаргыла…” – деген буйрукта тууралык же жалгандык болбойт. Шаръий өкүмдөр буйрук жана кайтаруудан турганы үчүн бул өкүмдөрдүн вакиъге туура келиши же туура келбеши жөнүндө талкуу кылынбайт.)

Бул жердеги зиддият мантикий жактан үч абалда тасаввур кылынат. Төртүнчү абал жок.

Биринчи абал: Дин тарабынан болгон катъий кабар менен акыл тарабынан болгон зонний кабар ортосунда. Бул орунда катъий дин кабары алынат жана канчалык рожих (күчтүү) даражада болсо да зонний кабар ташталат. Дин кабарынын өзү – талкуубуздун башында белгилеп кеткенибиздей – акылга негизделген. Демек, акыл бул кабардын катъийлигине өкүм чыгарат, анын вакиъге туура келишине катъий жазм кылат. Бул орунда тасаввур кылына турган зиддият бири катъий жана экинчиси зонний болгон эки аклий өкүм ортосунда болот. Ошондуктан, зонний четке кагылат жана анын вакиъге катъий туура келбешине өкүм кылынат.

Экинчи абал: Акыл тарабынан болгон зонний кабар менен дин тарабынан болгон зонний кабар ортосунда зиддият болот. Мындай абалда алардын эч бири катъий четке кагылбайт. Болгону, алардын бири катъий болуп калса, экинчиси четке кагылат. Ал эми, эгер алардын экөө тең өз абалында калса, алардын бирин кабыл алып, экинчисин четке кагууга эч кандай негиз жок. Балким, алардын биринен башкасын сахих талкуу жолу менен таржих кылууга таянылат. Мисалы, дин кабары башка шаръий же аклий кабарлар менен таржих кылынат. Же акыл өкүмү башка шаръий же аклий кабарлар менен таржих кылынат.

Үчүнчү абал: Зиддият акыл тарабынан болгон катъий кабар менен дин тарабынан болгон зонний кабар ортосунда болду. Мындай абалда катъий кабар алынат жана зонний кабар четке кагылат. Тескерисинче болушу таптакыр мүмкүн эмес. Анткени, мейли динден, мейли акылдан болсун, катъий кабарга ката аралашуусу таптакыр мүмкүн эмес. “Акыл тарабынан катъий болгон кабарга ката аралашуусу мүмкүн” деген сөз “диндин негизи болгон акылдын катъий өкүмүнө ката аралашуусу мүмкүн” деген маанини түшүндүрөт. Бул болсо, мүмкүн болбогон иш. Ал эми, дин тарабынан же акыл тарабынан болгон зонний кабарга ката аралашуусу мүмкүн. Эгер мындай болбогондо, албетте ал зонний эмес, балким катъий болот эле. Дин тарабынан болгон зонний кабар үч абалда гана болот;

1-кабар – субуту катъий, далалаты зонний насс болот.

2-кабар – субуту зонний, далалаты катъий насс болот.

3-кабар – субуту да, далалаты да зонний насс болот.

Мындай зиддиятка “Шамс” сүрөсүндөгү Аллахтын мына бул сөзү мисал болот:

وَالْأَرْضِوَمَاطَحَاهَا

Жерге жана аны жайып – тегиз кылып койгон Затка ант.[91:6]

Жана “Наазиаат” сүрөсүндөгү мына бул аят мисал болот:

وَٱلۡأَرۡضَبَعۡدَذَٰلِكَدَحَىٰهَآ

Жана ушундан кийин Жерди жайып тегиз кылды.[79:30]

Мына ушул эки аяттын тафсиринде айрым муфассирлер: “Жердин формасы шар сыяктуу эмес, тегиз”, – дешет. Бул акылдын жердин шар түрүндө экендиги жөнүндөгү катъий өкүмүнө тескери келет. Ошондуктан: “Жер шар формасында эмес” дегендердин сөзү четке кагылышы керек. Бул жерде четке кагыла турган нерсе аят эмес, муфассирлердин сөзү. Себеби, аят субутунда катъий. Бирок, далалатында зонний. Ошол себептен, катъий вакиъге тескери келе турган зонний маани четке кагылат.

О.э. Расулуллах с.а.в.дын:

لاعدوىولاطيرة

“Жугуштуу оору жана куш учуруп, төлгө кылуу жок”, – деген сөздөрү да ушул абалга мисал болот. Кээ бирөөлөр ушул насстан жугуштуу оору жоктугун, оорулар да бир адамдан башкаларга жугушу мүмкүн эместигин түшүнүшөт. Хадистеги:

عدوىلا (ла удва) дегендеги لا (ла) жинсти нафий кылуучу харф болуп эсептелет. Бул хадиске ылайык – жугуштуу оору бар экендигин четке кагуучулар назарында – нафийге далалат кылат. Бирок, мындай оору бар экендиги, жугуштуу оорулар бир адамдан башкаларга да шек-күмөнсүз жугушу акыл менен катъий собит болгон. Ошондуктан, ушул акылдын катъий өкүмү менен диндин зонний өкүмү ортосундагы бул зиддиятта акылдын катъий өкүмү алынып, ага каршы болгон диндин зонний өкүмү четке кагылат. Т.а. акылдын “жугуштуу оорулар бар” деген өкүмү алынып, хадистен түшүнүлгөн зонний өкүм четке кагылат. “Хадис оору бар экендигин четке кагып жатат” деп түшүнүп алган кишилердин сөздөрү четке кагылат жана узак ыктымал менен болсо да насстан түшүнүү мүмкүн болгон башка мааниге кайрылынат т.а. насс таъвил кылынат. Ошондо – акылдыкы болобу, диндикиби айырмасыз – катъий өкүмгө каршы чыгуу жүз бербейт. Ошол себептен, насстан анын жугуштуу оорудан кайтарып жаткандыгы түшүнүлөт. Т.а. хадис жугуштуу оору жуктуруп алган кишини мындай ооруга чалдыкпаган башка кишилер менен аралашып жүрүүдөн кайтарат. Жугуштуу ооруга чалдыкпаган кишилерди жугуштуу ооруну жуктуруп алган кишилер менен аралашып жүрүүдөн кайтарат.

Пайгамбарыбыз с.а.в.дын  “жугуштуу оору жок” дегендеги “жок” ибарасы жинсти ифадалоо үчүн келген. Бул сөз эъроб жагынан нафий болбойт. Бирок, ал маани жагынан нафий эмес, балким – маани жагынан – жугуштуу ооруну пайда кылуудан кайтаруу болуп эсептелет. Ошондо маани жугуштуу оору бар экендигин четке кагуу эмес, тескерисинче жугуштуу ооруну пайда кылуудан кайтаруу болот. Кудум ушул маанини Расулуллах с.а.в.дын «куш учуруу жок» деген сөздөрү да баса белгилейт. Ушул насс куш учуруп төлгө ачуу бар экендиги эмес, балким дал ушул иштен кайтаруу болуп эсептелет. Себеби, куш учуруп төлгө ачуу адамдын иши болуп, ал бар экендигине шек-күмөн жок. Аллах Таала “Ясин” сүрөсүндө айтат:

قَالُوٓاْإِنَّاتَطَيَّرۡنَابِكُمۡۖ

Алар айтышты: «Чындыгында биз силер тууралу жаман күмөндөбүз…. [36:18]

قَالُواْطَٰٓئِرُكُممَّعَكُمۡ

(Элчилер) айтышты: «Жаман күмөнүңөр өзүңөр менен болсун. [36:19]

Дагы ушул маанини Расулуллах с.а.в.дын мына бул сөздөрү да тастыктайт:

فرمنالمجذومفراركمنالأسد

 “Ала оорусуна чалдыгып калган кишиден арстандан качкандай кач!” Ахмад риваяты.

إذاسمعتمبهبأرضفلاتقدمواعليهوإذاوقعبأرضوأنتمبهافلاتخرجوافرارامنه

 “Эгер бир жерде ваба оорусу бар экендигин уксаңар, ал жерге кирбегиле. Эгер силер турган жерге ваба келсе, ал жерден тышкарыга чыкпагыла!” “Фатхул Барий”де келген.

Бул хадистер “акыл менен дин ортосунда тафавут  болушу мүмкүн” деген ар кандай күмөндү жок кылат.

Ушул үч абалдын төртүнчүсү жок. Эгер, “ыктымал төртүнчү абал да бар” деп элестетүү мүмкүн болсо, албетте бул абал динден болгон катъий кабар менен акылдан болгон катъий кабар ортосундагы зиддият абалы болушу мүмкүн. Мындай абал вакиъде бар болушу мүмкүн эмес. Мындай абал болушу мүмкүндүгүн акылдын өзү четке кагат. Себеби, динден болгон катъий кабардын негизи акыл. Акыл мындай кабардын вакиъге туура келишин тастыктайт. Ошондуктан, акыл тарабынан болгон катъий кабардын акыл тарабынан болгон башка катъий кабар менен карама-каршы келиши, же дин тарабынан болгон катъий кабардын мына ушул дин тарабынан келген башка катъий кабар менен карама-каршы келиши мүмкүн эмес. Ошондуктан, субуту да, далалаты да катъий болгон шаръий насстарда келген кабарларга – алар тарых жөнүндө кабар береби, келечек жөнүндө кабар береби айырмасыз – аларга ыйман келтирүү т.а. аларды катъий тастыктоо важиб болот. Ошондуктан, Расулуллах с.а.в. га:

الم * غُلِبَتِالرُّومُ * فِيأَدْنَىالْأَرْضِوَهُمْمِنْبَعْدِغَلَبِهِمْسَيَغْلِبُونَ

Алиф, Лам, Мим. Абдан жакын жайда Рум жеңилди. (Бирок) алар (румдуктар) бул жеңилүүлөрүнөн кийин бир нече жыл ичинде албетте жеңип чыгышат. [30:1,2,3]  аяты түшүрүлүп, бул аятты сахабаларга окуп бергенде ар бир сахабага – мейли, келечек жөнүндөгү кабар болсо да – бул кабарга ишенүү важиб болуп калды. Себеби, бул аяттардын субуту да, далалаты да катъий. Бул аяттардын вакиъге туура келишине күмөн кылуу рисолатка күмөн кылуу менен барабар. Мындай болушу болсо мүмкүн эмес. Себеби, рисолат акыл менен катъий собит болот.

Ал эми илим менен дин ортосундагы зиддият маселесинде да, акыл менен дин ортосундагы зиддият маселесинде айтылган пикирлерди айтууга болот. Себеби, акыл илимдин да негизи болуп эсептелет. Аягы.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here