Эмнеге Түркия бүгүнгө келип яхудий вужудуна каршы кескиндикти күчөтүүдө?!

2495
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эмнеге Түркия бүгүнгө келип яхудий вужудуна каршы кескиндикти күчөтүүдө?!

 Устаз Асъад Мансур

Эрдаган Түркиясы 2024-жылы 9-апрель күнү яхудий вужудуна жылына 7 миллиард долларлык арзан баада экспорт кылынган 54кө жакын продукциянын экспортуна чекит коюлганын жарыялады. Муну менен түрк режими яхудий вужудун алты ай курал иштеп чыгарышы жана Газага каршы кыйратуучу согуш алып барышы үчүн зарыл болгон авиация күйүүчү майы, арматура, болот, болот зым, алюминий жана химиялык заттар менен камсыздап келгенин моюнга алууда. Ошентип, Эрдаган Түркиясы өзүнүн 22 жылдык өкүмдарлыгында яхудий вужудунун согуш өнөр жайын колдоп-кубаттап келгенин, бул вужуддун Газага жасаган чабуулунда ага экспортту токтотпогонун ашкере кылды.

Эрдаган жана анын кызматкерлери бул кылмыштарга шерик болуп, Аллахтын алдында жооп беришет. Муну менен бирге, алар бул нерсени жашырып, жалган сүйлөп, адамдарды алдап келишти.

Бул чечим убактылуу экени жана бул чечим Газага абадан жардам таштоо сыяктуу Иордания, Мисир жана Американын оюнуна Түркиянын катышуу туурасындагы талабы яхудий вужуду тарабынан четке кагылганына жооп катары болгону көрүнүп турат. Мисалы, Түркия соода министрлиги: «Бул токтом (израиль) тезинен ок атууну токтотууну жарыя кылмайынча о.э. гуманитардык жардамдар Газага түздөн-түз жана үзгүлтүксүз киришине уруксат бермейинче күчүндө калат», – деди. Т.а. эгер Түркия Газага гуманитардык жардамдарды жеткирүүгө яхудийлерден уруксат алса аларга жогорудагы товарларды кайрадан экспорт кыла баштайт. Ошондо Эрдаган Газага жардам жөнөтүп, өзүнүн өкүлдүк ролун ойной алат. Натыйжада адамдар аны дагы алкыштап башташат. Негизи, Газага жардам бербегени жана чабуулду улантууга мүмкүнчүлүк берген материалдар менен душманды камсыздап тургандыгы үчүн Эрдагандын аброю төмөндөп кеткен.

Яхудий вужуду түрк режиминин чечимине минтип жооп берди: «Түркия (израиль) менен соода келишимдерин бир тараптуу бузуп жатат, (израиль) буга каршы зарыл чараларды көрөт, бул жөнүндө АКШга кайрылат».

Яхудий вужуду өзүн сактап калуу, кыргындарды улантуу жана башкаларды нейтралдаштырып, алардын талабын колго алууда биринчи кезекте Америкага таянат. Ал Американын таасиринен чыкпаган Түркия туурасында АКШга арызданмакчы. Муну менен ал Америка Түркияны жазалашын, (израилди) колдоп-кубаттоону улантууга мажбурлашын көздөп жатат. Нетаньяху жетектеген яхудий вужуду Түркиянын ушул чечиминин артында Америка тургандыгын, Америка согушту токтотуу үчүн Түркиядан басым катары пайдаланганын, антпесе, Эрдаган бул кадамга бармак эместигин түшүнгөндөй көрүнөт. Душман Газада эң жийиркеничтүү кыргындарды жасаган болсо да Эрдаган кыймылдап да койгон жок! Акыйкатта болсо, Газа, жалпысынан Фалестин калкы Эрдаган аларга жардам берип, куткара турган Усманий султан катары карашат эле. Бирок, Эрдаган араб жана араб эмес саткын мусулман өкүмдарлары сыяктуу аларды жардамсыз калтырды.

Мындан тышкары, Эрдаган башка экспорт товарларын токтоткон жок. Балким, көптөгөн товарларды, айрыкча, азык-түлүк жана суу сыяктуу товарларды экспорттоону улантып жатат… Т.а. бул вужуд Газа калкын кыргын кылышына, кыйнашына, ал тургай, кыргында өлбөй калгандарды тирикчилик каражаттарынан жана суудан куру калтырып, ачкалыктан өлтүрүшүнө Эрдагандын экспорттору жардам берип жатат.

О.э. Эрдаган яхудий вужуду менен дипломатиялык мамилелерди жүргүзүүдө жана аны расмий таанып, өзүнүн өкүмдарлык доорунда аны таануудан эч качан баш тарткан жок. Андан тышкары ал Американын “эки малекет” чечимине чакырып келүүдө. Акыйкатта болсо Эрдаган бул чечимдин ишке ашпашын, ишке ашкан учурда да Фалестин калкы эң аз укуктарга да ээ боло албашын өтө жакшы билет. А түгүл ал яхудийлер мусулмандардын жеринин 80 %ын басып алышканын да кабыл алат. Негизи, халифа Абдулхамид рахимахуллах яхудийлер Усманий мамлекеттин бардык карызын төлөө жана кошумча ири финансылык жардамдарды берүү акысына мубарек жерден жер берүүнү сураганда, анын бир сөөм жеринен да баш тарткан эмес.

Эрдаган ушул күнгө чейин экспортту токтотууну оюна да келтирбеген. Ал Байден администрациясына итаат кылбай жаткан Нетаняху өкмөтүнө басымды күчөтүү жөнүндө Американын макулдугусуз чечим чыгарышы мүмкүн эмес. Эрдаган жергиликтүү шайлоолордо сокку жегенден кийин гана бул чечимди чыгарды. Шайлоолордо Эрдаган Стамбулду да, Анкараны да кайтарып ала албады, тескерисинче, көпчүлүк чоң шаарларды колдон чыгарды. Мындай жыйынтыкка ал яхудийлердин чабуулдары астындагы Газага кайдыгер позицияда тургандыгы о.э. Американын колдоосуна карабастан мамлекеттеги артка кетип жаткан экономикалык абалды чече албагандыгы себеп болду. Бул жагдай европачылдардын, өзгөчө, Элдик Республика Партиясы сыяктуу англисчилдердин позициясын бекемдеди. Америка Эрдагандын бүтүндөй кулашынан коркуп, анын ушул айрым-чектелүү иш-аракетине уруксат берди.

Яхудий вужуду Эрдаганга Газага абадан жардам жөнөтүшүнө уруксат берген учурда да Эрдагандын жана анын партиясынын абалы жакын арада жакшырышы кыйын. Себеби, адамдарга Эрдагандын, партия жетекчилеринин былыктары ачылып, бул партиядагылар президент Эрдаган сыяктуу өзүлөрүнүн ийгиликсиздиктерин жашыруу жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн каззабдык жана дажжалдык кылып жатышканын түшүнүп жетишти. Мындан улам, элдин шайлоолорго катышуу даражасы 84,6 пайыздан 78 пайызга төмөндөдү. Чамасы, шайлоого катышпаган бул пайыз мурун Эрдагандын партиясына добуш бергендер болсо керек. Мындан тышкары, Эрдагандын көптөгөн ишенимдүү тарапкерлери шайлоо кагазында эч кимди белгилешпеген же «Газаны унуттуң, биз да сени унуттук» деп жазышкан. Демек, Газа согушу Эрдагандын да, партиясынын да былыктарын ачыктап, шермендесин чыгарды, алардын да, президентинин да эртеңки тагдыры суроо астында калды.

Алар бизди куткарат деп чет элге таянышууда т.а. Америкага таянып жатышат. Ошондуктан, Америка көзөмөлдөгөн Дүйнөлүк Банктан жакында Американын жардамы келди. 2024-жылы 10-апрелде Түркия финансы министри Мехмет Шимшек Дүйнөлүк Банк менен Түркия ортосунда 3 жыл ичинде 18 миллиард долларлык сүткордук карызы менен камсыздаган жаңы келишим түзүлгөнүн жарыялады. Ал 2024-жылы 29-мартта Түркиянын тышкы карызы 2023-жылдын 31-декабрына карата 499,9 миллиард доллар, баштапкы карызы болсо 261,4 миллиард доллар болгонун жарыялаган. Бул карыздардын дээрлик жарымы карыздын үстүнө минген пайыз жана камсыздандыруулардан турат. Финансы министри Түркиянын бир жыл ичинде төлөшү шарт болгон карыздар 225,4 миллиард долларды түзгөнүн билдирди. Мына ошонун өзү – эгер карыз ээлери ушул убакыт ичинде төлөөнү кескин талап кылышса – Эрдаганды кулатуу үчүн жетиштүү.

Ушул себептен улам Эрдаган жана анын партиясынын жетекчилери өзүлөрүн эркин жана чечимин Америкага туткун кылып коюшкан… Алар Американын макулдугусуз эч кандай аракет жана чечим кабыл ала алышпайт. Ошондуктан, алар Газа туурасында өтө күчсүз позицияны карманышты. Себеби, Америка чектелүү жана убактылуу токтотуп туруу жөнүндө берген уруксатынан тышкары яхудийлер менен боло турган соода мамилелеринин жана дипломатиянын үзүлүшүнө жол бербейт. Ошондуктан, алар бийликке жетүү жана калуунун акысына яхудий вужудун коргоого убада беришкен. Алар эркти жана Роббинин буйругуна моюн сунууну тандашкан жок. Ушул себептен улам алар Усманийлер доорунан бери эң оор күндөрдүн бирин душманга көрсөтүү, унутпай турган сабак берүү, туурасы, аны түп-тамыры менен кулатып, Фалестинди яхудий вужудунан жана Америка жетектеген колонизатор батыштыктардан турган жаңы кресттүүлөрдүн тарапкерлеринен куткаруу үчүн жихад жарыя кылгандардан о.э. кошуун жана адамдарды аракетке келтиргендерден болушпады.

 

Роя гезити, №491, 2024-жыл, 17апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here