Япония төртүнчү – ири экономикалык мамлекет

1438
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Япония төртүнчү – ири экономикалык мамлекет

 Устаз Хасан Хамадан

Япония 2023-жылы дүйнөнүн эң ири экономикалары арасында (АКШ, Кытай жана Германиядан кийин) төртүнчү орунга түшүп калды. Учурда калкынын саны 125 миллиондон ашкан Япония бир учурлар тарыхтагы экономикалык керемет катары айтылган эле. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун жалынын күлүнөн чыгып, АКШдан кийин экинчи ири экономикага айлана алган жана ушул абалды өткөн кылымдын жетимишинчи жана сексенинчи жылдары сактап турду.

Бирок, 2010-жылы Кытайдын экономикасы өсүп АКШдан кийинки турган Япониянын рейтинги дүйнөдөгү экинчи орундан үчүнчү орунга түштү. Бул өтө таң калычтуу! Себеби, бир убакыттарда мамлекеттер арасында колонизаторлукка умтулган, экономикалык өсүшү да колонизаторлукка ылайык болгон мамлекеттин төмөндөп кетиши табигый эмес абал.

Мүмкүн, Япониянын күчсүздөнүшүнүн себептерин үйрөнүп жаткан изилдөөчү мунун көп факторлорун табар… Бирок, мен бул жерде ошол факторлордун эң маанилүүсү жана эң күчтүүсү туурасында сөз кылмакчымын. Ал да болсо, көз каранды саясий менталитет.

Америка Японияны басып алышынын натыйжасында ал жерде жүзөгө келген саясий менталитет өтө таң калычтуу. Себеби, бүткүл дүйнө Япониянын экономикалык аклий жөндөмүнө таң калган болсо да, бул мамлекет жаратман жана инновациялык саясий менталитетти иштеп чыкпады! Ушул орунда мен урматтуу окурмандын көңүлүн ушул менталитеттердин бир үлгүсүнө бурамын: тарыхчы Мухаммад Хусайн Хайкал өзүнүн «Мавъид мааш Шамс-Ахадис Асия» китебинде Какуэй Танака менен болгон маегин жазат. (Какуэй Танака – Японияда демократиялык партиянын эң ири канатынын жетекчиси, ал 1974-жылдын акырына чейин эки өкмөткө премьер-министр болгон, андан кийин «Локхид чыр-чатагы» артынан отставкага чыккан саясатчы. Анын кызы Макико Танака тышкы иштер министри, андан кийин билим берүү министри, маданият министри болгон). Маекте Хусайн Хайкал премьер-министр Какуэйден: «Франция премьер-министри Кув де Мюрвилдин айтымында, жакындашып келе жаткан эл аралык күрөш Европа жана Жакынкы Чыгыштан Ыраакы Чыгышка көчөт, ал күрөштө заманыбыздын төрт ири мамлекети (АКШ, Советтер Союзу, Кытай жана Япония) бетме-бет келишет, сиз бул көз карашка кошуласызбы же каршысызбы?», – деп сурайт. Какуэй жооп берип, акыркы сөзүн: «Менде бул туурасында Японияга жөнүндө күмөн бар», – деп басым жасап айтат. Андан кийин ал: «Биз саясий түсү жок экономикалык күч болууну каалайбыз», – деп интервьюдагы сөзүнүн эң кооптуусун айтат! О.э. ал Америка Японияны басып алгандан кийин АКШ алар үчүн иштеп чыккан конституцияда коргоонууга бөлүнгөн каражат өлкөнүн ички дүң продукциясынын бир пайызынан ашпашы керектиги көрсөтүлгөнүн айтат!

Хайкал ага ушуларды айтат: «Япония – экономикалык керемет. Ал Кошмо Штаттардан да, Советтер Союзунан да өтүп кетиши мүмкүн. Бул улуу кереметке чет элге чыккан ресурстар керек, чет элге чыккан базарлар керек, бул керемет деңиз флоттору жана транспорт линиялары керек. Деги, ушундай экономикалык кубат саясий түссүз болушу мүмкүнбү? Куралдуу күчтөрсүз саясий түс болушу мүмкүнбү, акыры, силер айланаңардагы ири күчтөр менен атаандашып жашап жатасыңар го?!». Буга Какуэй: «Япония эч качан дүйнөнү башкара турган мамлекет болбойт», – деп үрөй учурган жооп берет!

Хайкал пикирин башка сөздөр менен кайталайт: «Алдыңызда Кытай турат, ал – ядролук күч. Советтер Союзу турат, аны менен ортоңордо Курил аралдары проблемасы жатат. Кошмо Штаттар турат, ал да ядролук мамлекет… Япония ушундай экономикалык кубатка ээ болуп туруп ядролук куралы жок болушу же өзүн жана өз кызыкчылыктарын коргоого жетиштүү куралдардан баш тартышы туурабы?!». Ошондо Какуэй: «Биз ядролук коргоого ээ болуу чечимин эч качан кабыл албайбыз… Биз бул маселеде эл аралык жактан тыйылганбыз жана конституциябыз тыюу салган, өзүбүз да муну каалабайбыз», – деп таң калтырган жоопту берет!

Хайкал ага каршы ушуларды баса белгилейт: «Силерде ядролук куралды жасоо мүмкүнчүлүгү бар, бул үчүн экономикаңар да жетиштүү. Силерде атом электростанциялары бар, алар силерге ядролук бомбанын запасын өндүрүү үчүн плутоний көлөмүн бере алат… Ракеталарды иштеп чыгаруу болсо силер үчүн проблема эмес…». Япония премьер-министри болсо: «Бирок, биз ядролук куралдануу токтомун кабыл албаганбыз жана эч качан кабыл албайбыз. Биз тынч жашоону каалайбыз», – дейт!

Хайкал менен Япония премьер-министринин бул сүйлөшүүсүн окуганыбыздан кийин ушул нерсе айкын болот – Кошмо Штаттар ушундай менталитетти Япония жана башка мамлекеттердеги малайларынын мээсине жайгарып, алардын колуна уу канжар берген. Америка ушинтип аларды караңгылыкка киргизди. Американын таасиринен чыкпаган Япония түпкүлүгүндө Кошмо Штаттар менен карама-каршылыкка барса да өзүнүн кызыкчылыгын биринчи коюшу керек. Бирок, Япониянын айрым жетекчилери колундагы малайлык канжары менен өз өлкөсүнүн далысына сайып жатканына күбө болуп жатабыз… Алар Американын кызыкчылыктарына көз каранды болуу менен Япония кандай даражага түшкөнүн билбей жатышат. Эл аралык институттардын, Эл аралык Валюта Фондунун отчёттору жана прогноздору ушуну көрсөтүүдө – Индия экономикасы ушул жылы т.а. 2024-жылы биринчи ирет 4 триллион долларлык чектен өтөт жана 2030-жылга барып Япония жана Германиянын экономикасынан ашып өсүүнү улантат, ушул таризде үчүнчү орунду ээлейт.

Бул мамлекеттердин өнүгүшү да, төмөндөшү да Американын саясий чечимине байланыштуу болуп калган. Алар өздөрүнө, өз көз караштарына жана өздөрүнүн саясий түсүнө ээ эмес. Алар Американын кызыкчылыгына көз каранды болуп өз перзенттеринин колу менен рейтингден рейтингге төмөндөп жатышат! Себеби, бул мамлекеттер көз карандылык деген наалатка учурашкан. Мындай караңгы туннелден чыгуунун бирден-бир жолу – Кошмо Штаттар көрсөткөн көз караштан башкача көз карашты кабыл алуу. Бул көз караштан малайлыктан бүтүндөй алыс болгон эрктүү саясий чечим кабыл алуу жөндөмү жана кеңири көлөмдүү экономикалык назария келип чыгат. Туурасы, акылдарды канааттандырып, фитратка ылайык келе турган жана жүрөктөрдү кадыржам кыла турган мабда-система негизинде дүйнөгө жетекчилик кылууну көздөгөн мамлекет жүзөгө келет. Бул болсо, Аллахтын уруксаты менен жакындашып келе жаткан Халифалык мамлекетинде гана ишке ашат. Бул, саясатчылары «дүйнөнү башкарууну ойлобойбуз», «каалабайбыз» жана «эч качан андай токтом кабыл албайбыз» деп өз өлкөсүн кыйроого жетектеген мамлекеттерде эч качан ишке ашпайт! Жер сойлоп-жөрмөлөөчү жандыктардыкы, асман болсо бийик учкан шумкар жана бүркүттөрдүкү.

 

Роя гезити, №491, 2024-жыл, 17апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here