Президент казино боюнча мыйзамга кол койду

188
0

Президент казино боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров калктын катуу каршылыгын пайда кылган казино боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабар таркатты.

Президент буга чейин «Кабар» агенттигине берген маегинде «Казынага миллиарддаган салык түшөт. Казинодон түшкөн акча каражаттары менен калган баардык министрликтердин эмгек акыларын дагы жогорку деңгээлге көтөрөбүз. Эртең менин ордума президент болуп молдо келип калса дагы, элин багышты, мамлекетин кризистен чыгарып, жаштардын жаркын келечегин куруп кетишти ойлонот. Бүгүн бир нече мусулман мамлекеттеринде дагы казинолор иштеп жатат», – деп айткан.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдогон.  Талкуу учурунда өкмөт башчы Акылбек Жапаров чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргыздардын кирүүсүнө тоскоолдук болбой турганын айткан. Ошондой эле, аталган мыйзам Кыргызстанда онлайн-казинолордун ачылышына, кумар оюндарын жарнамалоого да жол ачаары айкын болду.

2012-жылы Кыргызстанда 100 миңдеген адамдын колу менен демилгеленип, кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө, ал эми тотализатор менен букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. Мындан улам, мусулман калк аталган долбоорго катуу каршылыгын билдирип, күн сайын активисттер президентке кайрылуу жолдошууда. А бирок, пайдага негизделген капиталисттик түзүмдүн куурчагына айланган бийлик казинону мыйзамдаштыруу үчүн жан үрөп аракет кылууда.

Албетте, мусулмандар бул абалдан сабак алышы керек. Айрыкча, өз кызыкчылыктары жолунда мусулманчылыгын жарнамалап келген, бирок, мына ушул мыйзамдын өтүшүндө капырлардын катарында турган депутаттар менен аткаминерлердин фасыктыгынан ибрат алуу зарыл. Түпкүлүгүндө, президент баш болуп, айрым депутаттар төш болуп айтып жаткан “пайдалар” арам амалды адал кылып койбойт. Бул өлчөө Жапаров тан алгандай капиталисттик системанын өлчөөсү. Демек, мусулмандар намаз окуган депутат шайлоо менен же президент алмаштыруу менен буга окшогон бузукулуктарды токтотуусу мүмкүн эмес. Тескерисинче, светтик системаны толугу менен кулатып, Исламды жашоого алып келүү менен гана бул кылмыштар жер бетинен жоголот.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here