Хизб-ут-Тахрир мубарек Акса мечитинен Уммат армияларын Пайгамбарыбыз ﷺдын намысын коргоого чакырууда

142
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир мубарек Акса мечитинен Уммат армияларын Пайгамбарыбыз дын намысын коргоого чакырууда

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин Уммат армияларын аракетке келип, Ислам душмандарына, Пайгамбарыбыз ﷺга жана анын намысына душмандык кылгандарга каршы турууга чакырды.

О.э. Хизб Умматтын ыйык жайларын жана акыйдасын душмандар акааратташын исламий өлкөлөрдөгү өкүмдарлардын коркоктугуна жана динге жардам берүүгө кайдыгерлик кылып жатышканына байланыштырды.

Бул сөздөр 2022-жылы 10-июнда мубарек Акса мечитинин ичинде жума намазынан кийинки баянда айтылды: «Армиялар Уммат акыйдасын жана ыйык жайларын коргоого жооптуу. Акыйда жана ыйык жайларга карата чабуулдарга Аллах жолунда жихад жарыялоо менен жооп берилет, жихаддан башка жооп жан берүүдөн жана коркоктуктан башка нерсе эмес.

Пакистан, Мисир жана башка исламий өлкөлөрдөгү армиялар Америкага жана малай өкүмдарларга көз каранды экендиги, аларды кордолгон, кадыры жана таасири жок, кайратсыз кошуунга айлантты. Бул болсо, Ислам душмандарын бардык ыйык нерселерди тебелеп-тепсөөгө шыктандырды».

Хизб ушул суроолорду ортого салды: «Армияларды Ислам душмандарына көз каранды болуудан куткаруу вазыйпасын өз мойнуна ала турган эр жүрөк командачы жана мужахид барбы?! Армияларды Исламга жана Расулуллах ﷺга нусрат берүү үчүн жихад майдандарына аракетке келтирүүчү роббаний командачы барбы?!».

Андан соң Аллах исламий армиялардын сабындагы Уммат перзенттери арасынан Халид бин Валид, Кутайба ибн Муслим жана Салахиддин Айюбийлердин сийратын жаңылай турган таква офицер жана командачыларды чыгарат деген үмүттө, исламий армиялар өз милдеттерин аткарууга чакырылды.

 Роя гезити, №395, 2022-жыл, 15-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here