Яхудий вужуду Газа секторунун түштүгүнөн чыгышы согуштагы баскычпы же согуштун бүтүшүбү?!

1338
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яхудий вужуду Газа секторунун түштүгүнөн чыгышы согуштагы баскычпы же согуштун бүтүшүбү?!

 Устаз Юсуф Абу Зар

Яхудий вужуду төрт айлык согуштан кийин Газа секторунун түштүгүнөн өзүнүн бардык күчтөрүн, алардын катарында 98-дивизияны (үч бригадасы менен) Хан Юнустан алып чыгып кеткенин жана Газанын түндүгүн борбордон бөлүү жана кээ бир операцияларды улантуу үчүн бир «Нахал» бригадасы калганын жарыялады.

Яхудий вужуду армиясынын Газа секторунан чыгып кетишин анын өкмөтү жүргүзүп жаткан саясаттан жана согуш туурасындагы көз карашынан түшүнүү мүмкүн. Мындан тышкары, согушту яхудий вужуду, анын саясатчылары, ал тургай, оппозиция колдоп-кубаттады. Нетаньяху өкмөтү согуштан, аны кеңейтүүдөн өкмөттүн мөөнөтүн узартуу жана өзүнүн максаттарын жүзөгө чыгаруу үчүн шылтоо катары пайдаланды. Яхудий вужуду согушта ырайымсыз согушту колдогон элге, экстремисттик өкмөткө жана согушту улантуу анын саясий вужуду үчүн мүмкүнчүлүк деп билген өкмөт премьер-министрине таянды. Ошондуктан, яхудий вужудундагы аскерий жетекчилик Газадагы мужахиддерди бүтүндөй жок кылуу, толук жеңишке жетишип, туткундардын баарын азат кылуу, келечекте Сектордон боло турган ар кандай кооп-коркунучту жоюу сыяктуу узак мөөнөттүү жана татаал максаттарды алдыга койду. Яхудий вужуду бул нерсе узакка созулган жараян экенин, бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жана бюджеттер тартыларын жарыялады.

Ушул көз караштан караганда, аскерий күчтөрдү алып чыгып кетүү кийинки баскычка даярдык көрүү баскычынын соңу болушу мүмкүн. Муну менен бирге, бул, согуш майданындагы талаптар же зарылдыктар, ал тургай азыркы абалды четтеп өтүү чаралары, булардан да көбүрөөк саясий өзгөрүү, яхудийлердин саясатындагы жана согуштан көздөгөн максаттарындагы бурулуш болушу да ыктымалдан алыс эмес.

БУУнун Фалестиндеги гуманитардык координатору Жеймс МакГолдрик өз интервьюсунда Хан Юнустан күчтөрдү алып чыгып кетүү туурасындагы суроого: “Рафахка чабуул жакындашууда”, – деп жооп берди. “Эгер (израиль) эл аралык басымдарга кулак салып жооп кылган болсочу?” деген суроого ал минтип жооп берди: «Яхудийлердин буга кулак салуусуна ишенемин. Бирок, менимче, алардын согуштук максаттары да бар, бул ар кандай гуманизмден үстөм турат. Алардын назарында согуш дагы эле бүтпөгөнүн түшүнүшүбүз керек. Оюмда Хан Юнустан чыгып кетүү алар келечектеги окуяларга даярдык көрүүлөрүнө каратылган». Яхудий басма сөзү менен саясатчылары да күчтөрдү алып чыгып кетүү темасына токтолуп, бул туурасында баары саясий вакиъликке караганда көбүрөөк согуштук вакиълик деп түшүндүрмө берген. Т.а. согуштун созулушу яхудий кошуунун алдан тайдырган болушу жана Хан Юнуста төрт ай болгондон кийин ал жерде калуу пайда алып келбеген болушу да мүмкүн. О.э. бул согушкердин эс алышы болушу да же операцияларды – өзгөчө Рафахка бастырып кирүү операциясын – улантуу үчүн кайра жандантуу болушу да мүмкүн. Же болбосо, негизинен Рафахта операция баштоого даярдык көрүү үчүн ал жерде качкындардын турганынан көңүлдү буруу болушу да, же күчтөрдү алып чыгып кетген жайларга согушкерлердин кайтышын күтүү болушу да, бардык нерсе болушу мүмкүн. Айрыкча, Иран консулдугуна сокку берүү окуясы, анын акыбеттери көңүл чордонунда турганда. Жогоруда айтылгандар күчтөрдү алып чыгып кетүү маселесинде вакиъликтеги талкуулар деп каралса жакшы болот. Буларга кошумча, яхудий жетекчилери Америка тарабынан аларга басым жасалганы менен Хан Юнустан чыгып кетүүнүн ортосунда эч кандай байланыш жоктугун айтышты о.э. Нетаньяху дагы эле Рафах операциясы жана убактысы туурасында билдирүүлөрдү берүүдө.

Учурдагы абалга, Америка басымдарын четтеп өтүүгө келсек, жакында яхудий вужуду гуманитардык жардамдар жана четке каккыс эл аралык атмосфера туурасында – айрыкча, гуманитардык жардам көрсөтүп иштеген чет элдиктер өлтүрүлгөн окуядан кийин – чараларды көрүү тарапка кадам шилтеди. Т.а. ал согуш саясатында эмес, гуманитардык жардамдарды киргизүү жаатында, калктын түндүккө кайтышын камсыздоо саясатында өзгөрүү жасады.

Демек, кошуундардын чыгышын согуштун бүтүшү деп түшүнбөө керек. Себеби, яхудий вужуду муну каалабай жатат, Нетаньяху да согушту улантууга, ал тургай колунан келишинче согушту кеңейтүүгө аракет кылып келүүдө. Муну яхудий вужудунун Иран консулдугуна аткан соккусу да тастыктап жатат. Американын Газада аскерий аракеттерди токтотуу жаатындагы иш-аракеттери дагы эле кескин эмес. Ал тургай, Америка бул жаатта олуттуу болуп, согушту токтотуу үчүн басым кылган учурда да Газа секторундагы Хамас башкаруусуна чекит коюу туурасындагы эки тараптын каалоосун унутпашыбыз керек.

Ушуну да унутпоо зарыл, яхудий вужудунун саясаты жөнүндө сөз болгондо бул саясат проблемасыз ишке ашып жатканын түшүндүрбөйт. Анткени, яхудий вужуду Газа согушуна бардык техникасын, аскерлерин сапарбар кылган болсо да, бирок ушул күнгө чейин күрөштү бир жаңсыл кыла алган жок. Дагы эле алдыга койгон максаттарын ишке ашыра албай жатат… туткундагыларды да азат кылбады, эр жүрөк мужахиддерди да жок кыла албады. Тескерисинче, яхудий вужудунун күч-кубаты да, энергиясы да, согуш жөнүндөгү сөздөрү да курт жегендей түгөнүп барууда. Азыркы учурга чейин анын колунан ойрон кылуу жана катардагы адамдарды өлтүрүү гана келди. Бүткүл дүйнө атмосферасы ага каршы болуп калды. Ийгиликтер туурасында Нетаньяху өкмөтү, анын ички жана тышкы миссиясы суроо астында калууда. Ошондуктан, Нетаньяху жеңишти Рафах операциясын ийгиликтүү аяктоого байлоого урунуп жатат.

АКШ администрациясы согуштун биринчи айларында согуш деталдары туурасында яхудийлер менен келишпестикке барган жок. Ал ойрондулук жана курман болгондордун саны мынчалык үлкөн болушун эсепке албаган. Бул согушту колдоп-кубаттаган, курал-жарак жана күйүүчү май менен камсыздаган дал ушул Американын өзү. Арийне, америкалыктар менен яхудийлер ортосундагы келишпестиктин анык себеби ойрондулук, курман болгондор жана ачарчылык да эмес, Американын согушка карата мамилесинин өзгөргөндүгү да эмес. Бирок, америкалыктар яхудий вужудунун согушту чечүүгө жана андан чыгууга кудуреттүү эместигин түшүнүшүүдө. (израилдин) согушу, коопсуздугу жана бар болушу менен Нетаньяхунун согушу жана максаттары ортосунда айырма бар экенин да түшүнүп жатышат. Ошондуктан, алар согуштан өзүлөрүнүн кызыкчылыктарына да, (израилдин) кызыкчылыгына да зыян жеткирбей турган чыгуу жолун издеп жатышат.

Ар бир адам согуш абалынан чыгуу жолун ынтызарлык менен күтүп жатат. Бул чыгуу жолу зулум жана баскынчылыкты каалабаган ар кандай уммат сыяктуу Ислам Умматынын колу менен болушу керек. Эгер малайлыкка малынган, Уммат-калктардын күч-кубатын бүтүндөй эсепке албай, Умматты маселеден чыгарып салган мусулман өкүмдарлары болбогондо азаттык албетте Умматтын колу менен ишке ашмак. Мужахиддердин яхудий вужудун маселени чече албай турган даражага салган бекемдиги ушуну көрсөтүп жатат – эгер мусулмандардын чыныгы Ислам мамлекети болсо яхудий вужуду менен болгон күрөштү бир жаңсыл кылуу өтө жеңил болот. Ислам мамлекети болбосо Уммат бул күрөштө чоң жоготууларга учурай берет. Айрыкча, азыркы өкүмдарлар жуундукордукта жана саткындыкта чек билбей жатышканда Газанын башына түшкөн нерселер регион элинин башына түшүшү мүмкүн.

 Роя гезити, №491, 2024-жыл, 17апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here