Жапаров карыз үчүн стратегиялык объектилер Кытайга өтүү коркунучун кайталады

33
0

Жапаров карыз үчүн стратегиялык объектилер Кытайга өтүү коркунучун кайталады

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эгер Кыргызстан карызын убагында бере албаса, бир нече объектилерди башкаруу башка бирөөлөрдүн колуна өтөрүн эскертти.

Анын айтымында, 2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин тышкы карыз төлөнөт. Тышкы карыздын 50%дан ашыгы Кытайдын Эксимбанкына кетет. Төлөнбөй калса Бишкек Жылуулук электр борборунун, Датка-Кеминдин, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карай 5 млрд. 182 млн. долларга барабар. Анын ичинен ички карыз 817 миллион доллар болсо, мамлекеттин тышкы карызы 4,3 миллиард долларга жеткен. Муну менен тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата 53,70% түзүп калган.

Түпкүлүгүндө, Кыргызстандын карызга батып барышы эл аралык башкаруу системасы тарабынан атайын пайда кылынган нерсе. Ал эми, бийлик ээлери коррупцияга батып калгандыктан, колонизаторлор алардан өнүмдүү пайдаланат. Аларга Кыргызстан көбүрөөк карызга батып калышы үчүн карыздардын бир бөлүгүн өздөштүрүп алуу жөнүндө ойлоно турган коррупционер чиновниктер керек. Себеби, ал топ мамлекет үчүн карыз алып жатканда “оор өнөржайды өнүктүрүү үчүн, же болбосо, бүгүнкү күнгө чейин таланып-тонолуп кеткен ири ишканаларды калыбына келтирүү үчүн” деп карыз алышпайт. Мисалы, жогоруда Кытайга берилип кетиши айтылган инфраструктураны оңдоо сыяктуу тармактарга алынат. А бирок, аны куруу үчүн ошол эле Кытайдын компаниясы тандап алынат. Мындай жол менен колонизатор мамлекет Кыргызстанга окшогон алсыз өлкөлөрдү бир эле учурда карызга батырат да, ал эми акчасы өздөрүндө калат. Буга кошумча, берилген акчанын үстөк пайызы кошо төлөнбөсө, стратегиялык объекттер колонизатордун колуна өтөт. Буга окшогон окуялар Кытайдын мисалында ондоп саналат. Мисалы, Тажикстан Тоолуу Бадахшандагы кен байлыктарга мол жерлерин, Кения Мамбос портун, Замбия мамлекети толук бойдон Кытайдын башкаруусуна өткөнүн жана Шри-Ланка Хамбантота ири портунун 70 пайыз акциясын 99 жылга кытайлык компанияга өткөрүп берген…

Ал эми, колонизатор мамлекеттер басып алган жерлерин эч качан өз ыктыяры менен таштап кетишпейт. Демек, биз мусулмандар коррупцияга баткан жетекчилердин аракетин тыкыр күзөтүп, калкка кыянаттык кыла турган келишимдерден эскертип, токтотуп калуубуз керек. Мындай туңгуюктан чыгуунун чыныгы жолу болсо Ислам үммөтүнө таянган Халифалык мамлекетин тикелөө. Ушул мамлекет гана каапыр колонизаторлорду өтмүштөгүдөй өз ийинине кайтарат!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here