Индиянын полициясы Расулуллах дын акааратталышына каршы нааразылык акциясына чыккан мусулмандарды өлтүрдү

193
0

Индиянын полициясы Расулуллах rдын акааратталышына каршы нааразылык акциясына чыккан мусулмандарды өлтүрдү

Индиядагы бийликчил “Бхаратия жаната” партиясынын маалымат катчысы Нупур Шарма жана Нью-Делидеги ЖМК жетекчиси Навин Кумар Жиндалдын Расулуллахrды акаарат кылган билдирүүлөрү артынан мусулмандар нааразылык акциясына чыгышты. Ранчи шаарында миңдеген мусулмандар катышкан нааразылык акциясы учурунда полиция мусулмандарга карата ок чыгарды. Натыйжада эки мусулман шейит болуп, көптөгөн мусулмандар оор жараат алышты. 100дөн ашык адам камакка алынды. О.э. индустардын бутпарас кылмыштуу топтору да мусулмандарга чабуул кылып, аябай катуу таякташты.

Комментарий: Саййидибиз Расулуллах rды акаарат кылуу аракеттери жахилият доорундагы мушриктердин заманынан бери уланып келет. Расулуллах A Мединада мамлекет тикелешинен мурда мындай акаараттарга кээде сабыр кылып, кээде оозеки жооп кайтарат эле, кээде болсо, аларды дубаибад кылат эле. Бирок, Мединада Ислам мамлекетин тикелеген соң, Расулуллах A мындай акааратка чыныгы жоопту берди т.а. акаарат кылгандарды тыйып коюу үчүн күч менен жооп кайтарды. Себеби, куфр калкынын Расулуллах Aды акаарат кылышы алардын Исламга каршы күрөшүнүн ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет болчу. Ошондуктан, Расулуллах A яхудийлердин жетекчилеринин бири Каъб ибн Ашрафтын башын алып келүү үчүн адам жөнөтүп, аны өлтүрдү. Себеби, ал Аллах жана Расулунун ачуусуна тийген эле. Бул аркылуу Расулуллах A мындай абалда Үммөттүн айбатын чагылдырган мамлекеттин кудурети менен жооп кылуу керектигин үммөткө көрсөттү.

Чындыгында Исламий Халифалык мамлекети турган кезде куфр калкы мындай акаараттарга таптакыр батына алган эмес. Франция жана Британиянын театрларында Расулуллах Aды акаарат кылган спектакль коюлушу жөнүндө кабардар болгон Халифа Абдулхамиддин бир гана кат менен менен ошол спектаклдин коюлушун токтотуп койгону тарыхтан белгилүү.

Расулуллах r:

«اَلإِسْلاَمُ وَالسُّلْطَانُ أَخَوَانِ تَوْأَمُ، لاَ يَصْلُحُ وَاحِدٌ مِنْهُمَا إِلاَّ بِصَاحِبِهِ، فَالإِسْلاَمُ أَسٌّ وَالسُّلْطَانُ حَارِسٌ، وَمَا لاَ أَسَّ لَهُ مُنْهَدِمٌ، وَمَا لاَ حَارِسَ لَهُ ضَائِعٌ»

«Ислам жана султан – эгиздер. Алардын ар бири экинчиси менен гана жарактуу абалда болот. Ислам устун, султан болсо кароолчу. Устуну болбогон нерсе бузулуп кетет, кароолчусу болбогон нерсе жок болуп кетет», – деген.

Бүгүнкү күндө куф калкынын Расулуллах Aды акаарат кылуусу кайра-кайра кайталанууда. Себеби, мусулмандардын жихад жарыялоо менен мындай иштерди тыйып коюучу Халифасы жоктугун куфр калкы жакшы билет. О.э. мындай учурда ачууланып, бутка турган мусулмандардын үнүн өчүрүп, тыйып туруучу акимдер бар экендиги да аларды кадыржам кылууда.

Мусулмандардын каршылыктары, нааразылыктары жана катуу каралоосу алардын дилиндеги ыйманга ишара кылса да, а бирок, бул нерселер  акааратты токтотуп калуучу нерсе эмес. Ошондуктан, Расулуллах A Меккеде мындай акаараттарга каршы реякция билдирүү менен бирге, ошол акаараттарды биротоло жок кыла турган бир мамлекет тикелөө үчүн олуттуу аракетин улантты. Ал мамлекетти Мединада тикелеген соң, алардын акааратына жообу – жогоруда айтылгандай – башкача болду.

Расулуллахrдын шаанисин коргоо ачуулануу менен эле болбойт, балким Расулуллах rдын сүннөтүнө бекем жабышуу жана ал киши алып келген шариятты турмушка кайтаруу менен болот. Ушундай болгон соң, Расулуллах Aдын акааратталышына кайдыгер болбогон ар бир мусулман буга каршы ачууланганын көрсөтүү менен бир катарда ушул акаараттарды биротоло жок кыла турган Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылышы керек. Себеби, Халифалык мамлекети гана мындай акаараттардын баарын жоюуга кудуреттүү.

Саййидибиз Мухаммадrга, анын үй-бүлөсүнө жана асхабдарына о.э. кыяматка чейин ал затты жакшылык менен ээрчигендерге Аллахтын саламы болсун.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here