Акылбек Жапаров: ККМ коюуну убактылуу токтотуп турабыз

187
0

Акылбек Жапаров: ККМ коюуну убактылуу токтотуп турабыз

13-июнда 200дөй ишкер өкмөт үйүнүн алдында көзөмөл-кассалык машинаны орнотууга каршы нааразылык акциясына чыгышты. Алар ККМ жана эсеп-фактура тапшырууну жокко чыгарып, патент системасы калсын деген талапты коюшту.

Митингге чыккандар ар бир товардан 4% салык төлөө оордук кылып жатканын билдиришти. Алардын айтымында, өкмөт соодагерлердин чыгымдарын эсепке алган эмес.

Митингчилер буга чейин да өкмөткө кайырылышканы менен аларды эч ким укпай жатканын, ошондуктан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү чыгып, алардын суроолоруна жооп беришин талап кылышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишкерлер менен жолугушуу учурунда эсеп-фактура өндүрүүчүлөр же товарларды импорт кылуучу компаниялар үчүн киргизилишин айтты.

 “Силер патент менен иштегенге шарт түзгөндү ойлонуштуруп, караштырайын. Счет-фактуранын силерге эмне кереги бар. Мен эсеп-фактураны өндүрүүчүлөрдөн сурап атам. Эгерде арак завод 12 машина арак чыгарып, мага бир фураныкын көрсөтүп койсо мен эмне кылам? Мага силер жардам бергиле… Ал эми тамак-аш, ун, шекер саткандарды ККМден керек болсо бошотуп койгонго да даярмын. Мага он киши бергиле. Биз иштейли.  Ага чейин ККМди коюуну, айып пулду салууну да токтото турабыз”, – деди.

“Биз бажы жана салык кызматын тартипке салып жатабыз. Азыр “Кока-Коласын” да, “Шоросун” да ирээттейбиз. Эсеп-фактура ошолордо. Эсеп-фактура – байлардыкы. Ошолор товар туура экенин, таза экенин, аны ичкенден кийин балдар оорубай турганын далилдеп бериши керек. Арак, тамеки, дары-дармек, нефти саткандар ККМди да, эсеп-фактураны да колдонот”, -деди Акылбек Жапаров.

Комментарий: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун демилгеси менен иштелип чыккан Салык кодексинин жаңы редакциясын ишкер жана соодагерлер терс маанайда күтүп алышып, натыйжада массалык нааразылык пайда болду. Жаңы редакция иштелип чыккандан бери өлкөдө ишкерлер бирде тиги облуста, бирде бул облуста нааразылык акцияларын өткөрүп келишет.

 Президент Жапаровдун “жылдык товар жүгүртүүсү 8 миллион сомдон жогору болбогон жарандарды салыктан бошотуу” жөнүндөгү буйругу, ушул мыйзам күчүнө киришине негиз болду. 8 миллиондук чекти аныктоо жана аны салыктан бошотуу үчүн, ар бир соодагердин дүкөнүнө ККМ орнотулушу керек болот. Ал эми, ККМ орнотуу жана андан пайдалануу маселесинде ишкерлер толук маалыматка ээ болбогону үчүн көзөмөл-кассалык машиналарын ишке түшүрүү убакыт талап кылышытабигый көрүнүш. Ошондуктан, быйыл апрель айынын аягында Фискалдык маалымат операторлорунун ассоциациясынын (ФФД) төрагасы Юрий Почтарев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында ишкерлердин атынан көзөмөл кассалык машиналарды ишке киргизүүнүн мөөнөтүн узартууну суранган эле.

“Программалык ККМ колдонуп жүргөндөр жаңы талаптарга бат көнүп кетишет. Аларга ашып кетсе 1,5-2 ай керек болот. Ал эми аппараттык ККМ колдоно тургандар үчүн тоскоолдуктар бар. Себеби аны үйрөнүп, жаңы салык кодексине ылайык ишти жүргүзүп кетүүгө убакыт керек”, – деген Юрий Почтарев.

Ал эми, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 8-апрелде Министрлер кабинетинин токтому чыкканын айтып, мөөнөтүн жылдыруу маселесин талкуулоого негиз жоктугун айткан.

 Ошондон кийин да Бишкек, Ош жана башка шаарларда ишкерлер нааразылык акцияларын уюштуруп, нааразылык күчөп бара жатканы себептүү өкмөт ККМ коюу жана айып пул салууну убактылуу токтотуп турууга мажбур болгон. Убакыт өтүп нааразылык маанайы басаңдаган соң бул маселе кайрадан көтөрүлүшү мүмкүн. Себеби, өкмөттүн бошоп калган бюджетти толтурууну жана карыздарды төлөөнү элдин мойнуна жүктөөдөн башка жолу жок.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here