Мамлекеттер аралык күрөш… жана экономикалык кризистин күчөшү

183
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мамлекеттер аралык күрөшжана экономикалык кризистин күчөшү

(Биринчи бөлүк)

 Устаз Хамд Табиб – Байтул Макдис

Капиталисттик түзүмдөн келип чыккан кризистер көп жана ар түрдүү, ар дайыма жаңыланып турат жана белгилүү чекте токтоп калбайт. Алардын жалыны айланага чачырап, дайыма кеңейип турат. Бул болсо, жакырчылык, колонизаторлук жана кыйратуучу оорулар сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк проблемаларды келтирип чыгарат. Капиталисттик түзүм себеп болгон кризистердин арасында эң көзгө көрүнгөнү – экономикалык кризис. Экономикалык кризистин көрүнүштөрү ар түрдүү, алар ар дайыма жаңыланып турат. Бул жерде ушул кризистин себептери, көрүнүштөрү жана башка мамлекеттерге көчүп өтүшүн үйрөнмөкчү эмеспиз. Себеби, бул өзүнчө изилдөөнү талап кылган тема. Биз бүгүнкү күндөгү эл аралык позицияга байланышкан күрөштү жана дүйнөлүк экономикалык кризистин кеңейип жатканын талкуулайбыз.

Бул кандай күрөштөр? Алардын экономикалык кризиске канчалык таасири бар? Бул таасир кандай болот? Мындай дүйнөлүк кооп-коркунуч каякка чейин кеңейиши мүмкүн? Анын кооп-коркунучтарын токтотуунун жолу барбы?

Жогорудагы суроолорго жооп берүүдөн мурун мындай дейбиз: дүйнөнүн өткүнчү ниъматтары үстүндө о.э. бийликке жетүү жана көзөмөл орнотуу туурасында болуп жаткан эл аралык күрөш – Батыш системасынын кризиси. Бул кризистин акыбетинде көптөгөн проблемалар келип чыкты, алардын катарында экономикалык кризис дагы. Кыргын согуштар, калктар жана күчсүз мамлекеттер үстүнөн өкүмдар система, мамлекеттер аралык тузактар, айла-амал үстүнө курулган жийиркеничтүү саясаттар, жалган жана алдоо, булардын баары мына ушул кара мүртөз жырткыч капиталисттик түзүмдүн акыбеттери.

Дүйнөлүк экономикалык кризис бүгүн эле пайда болгон жок, балким, ушул жырткыч түзүм түзүлгөндөн бери башталды. Кийин бул түзүмдүн кеңейиши менен кризис да кеңейип, курчуп бара берди. Колонизатор күчтөрдүн таасири астындагы аймактар үстүндө же эл аралык позиция үчүн жүрүп жаткан эл аралык күрөштөрдөн же ушул түзүм себеп болгон башка күрөштөр көптөгөн кризистерди келтирип чыгарды.

Дүйнөдөгү ири мамлекеттер дүйнөлүк күрөштө түрдүү ыкмаларды колдонушту. Буга учурда Америка сыяктуу өз өкүмдарлыгын сактап калуу үчүн, же Кытай, Россия жана кээ бир Европа мамлекеттери сыяктуу Американы ушул макамдан түшүрүү же болбосо кызматташуу, анын эл аралык жырткычтыгын жана зомбулугун азайтуу үчүн болуп жаткан күрөштөр мисал болот. Бул күрөштөрдүн баары дүйнөлүк кризистин чоңоюшуна жана көптөгөн региондорго кеңейишине, арийне, адамзатты оту жана жырткычтыгы менен өзүнө тартышына себеп болду.

Бул күрөш жана карама-карышылктардын эң көзгө көрүнгөнү – Америка ири мамлекеттер үстүнөн өзүнүн эл аралык гегемондук системасын сактап калууга урунушу. Муну менен бирге, башка ири мамлекеттердин алардын кекиртегине кадалган Американын кылычынан кутулуу үчүн кылып жаткан иштери дагы. Мунун натыйжасында дүйнөнүн кээ бир региондорунда аскерий күрөштөр келип чыкты, түрдүү экономикалык күрөштөр пайда болду жана булардын баары учурдагы дүйнөлүк экономикалык кризистин көлөмүн дагы да кеңейте баштады.

Америка дүйнөдөгү өкүмдарлык жана гегемондугун сактап калуу үчүн көптөгөн мамлекеттерде бир катар саясий жана аскерий иш-аракеттерди жасады. Арийне, бул иш-аракеттер кризис кеңейип, дүйнөнүн көптөгөн региондоруна жайылышына түздөн-түз таасир кылды. Бул иш-аракеттерге мисалдар:

  • Американын өз долларын дүйнөлүк валюталардын запасы жана соода, өзгөчө, нефть, газ жана башка стратегиялык товарларды айырбаштоонун каратажы катары сактап калуу аракети. Ошол эле учурда, башка мамлекеттердин доллардын өкүмдарлыгынан түрдүү ыкмалар менен кутулуу аракеттери. Алар мунун негизинде финансылык көз карандысыздыкка жана доллардын өкүмдарлыгынан кутулууга урунуп жатышат.
  • Американын эл аралык гегемондугуна жана өкүмдарлыгына таасир кылбастыгы үчүн Кытайды экономикалык, саясий жана аскерий жактан күчсүздөнтүү аракети.
  • Кээ бир мамлекеттердин стратегиялык кызматташтыгын бузуу же Америка менен атаандашуудан чалгып, белгилүү бир алкактан чыкпаган күрөштөр менен алек болуусу үчүн, мисалы, бүгүнкү күндө Украинада болуп жаткандай, аларга таасир өткөрүү үчүн аскерий күрөштөрдү баштоо.
  • Кээ бир мамлекеттердин техникалык жана илимий өнүгүшүнө каршы күрөшүү, айрыкча, Американын Кытай жана Россияга каршы электроника жана өнүккөн курал-жарак өнөр жай тармагында жүргүзүп жаткан күрөшү сыяктуу. О.э. Россияны өнүккөн куралдарды сатуу базарынан – Индия жана Түркия менен болгондой – куру калтыруу.
  • Күчсүз мамлекеттер үстүнөн саясий гегемондук системасын орнотуу. Бул базарлар жана чийки сырьёлор о.э. атаандаш мамлекеттердин жолун тосуу үчүн жасалат.
  • Aмериканын – айрыкча Кытай, Россия жана Европа Союзуна карата кылып жаткандай – эл аралык союздарга каршы турушу. О.э. Американын дүйнөлүк кубатынан жана өкүмдарлыгынан чыгуу аракеттерине каршы күрөшүү.
  • Американын нефть, газ жана сланец нефть сыяктуу кээ бир турмуштук-маанилүү товарлардын үстүнөн көзөмөл орнотуу системасы. О.э. бааларга, айырбаштоого, өндүрүш фирмаларга гегемондук кылуу жана келишимдерди АКШ доллары менен ишке ашыруу.

Жогоруда айтылган күрөш жана карама-каршылыктардын таасири дүйнөлүк экономикалык кризистерди татаалдантты, көлөмүн кеңейтип, көптөгөн проблемаларга себеп болду. Мисалы, жакырчылык, жумушсуздук, кээ бир мамлекеттерде ресурстардын азайышы, баалардын кымбатташы, компаниялар, банктар, кээ бир мамлекеттердин экономикасынын ойрон болушу жана башка проблемалар сыяктуу. Экономикалык кризистин тереңдеши, фактор жана себептеринин көбөйүшү жана дүйнө бойлоп кеңейишине кошумча, Европа бойлоп ири мамлекеттер ортосунда жүрүп жаткан күрөш кризиси да бар. Бул күрөштө бир тарапта Кытай менен Россия жана алардын союздаштары турган болсо, экинчи тарапта АКШ менен Европа Союзу турат. Бул күрөштүн акыбеттеринин бири бүгүнкү күндө Украинада жүз берген аскерий кризис жана аны менен байланышкан көптөгөн проблемалар. Бул күрөш дүйнөлүк экономикалык кризиске чоң таасир көрсөттү жана бул келечекте иштердин көлөмү кеңири жайылышына алып келиши мүмкүн.

Украинадагы бүгүнкү кризис кайгылуу жана кооптуу күрөштү өзүндө чагылдырат. Бул күрөш Американын дүйнөлүк гегемондугун кеңейтүүгө жана аны бул орундан түшүрүшү мүмкүн болгон ар кандай реалдуу атаандаштын пайда болушун алдын алууга о.э. башка мамлекеттердин бул жырткыч дүйнөлүк гегемондуктан кутулушуна жол бербөөгө каратылган. Себеби, Американын бул орундан түшүшү анын бүткүл союздаштарынын соккусуна кабылып кыйрашын түшүндүрөт. Американын тирүүлүк сыры – анын дүйнөлүк саясий өкүмдарлыгында жана бүткүл дүйнөгө өз канатын күч менен жайып алганында. Американын кулабай турушу өзүнүн ички кубатына негизделбеген, дүйнөнү шантаж кылууга, байлыктарын талап-тоноого жана дүйнө базарына өкүмдарлык кылууга негизделген. Ушул себептен улам, бул мамлекет качан ушул жырткыч дүйнөлүк сыпатын жогото турган болсо, өзүнүн шишиген жана кеңейип жаткан экономикасынын башкы ресурстарын жоготот. Дүйнөнүн биринчи мамлекети катары өз мойнуна алган дүйнөлүк каражаттар жана акыбеттерди көтөрө албай калат. Негизи, Американын бул каражаттары анын экономикалык көлөмүнөн бир нече эсе чоң. «Дейли телеграф» гезитинин 2021-жылы 21-сентябрда чыккан санындагы макалада Тим Уоллес мындай дейт: «АКШнын мамлекеттик карызы октябрь айынын ортолорунда 28.5 триллион долларга жетиши мүмкүн. Бул болсо, АКШ казынасындагы ликвиддерди төмөндөтүүдө жана дефицитин 2020-жылы болжол менен 3 триллион долларга жеткирди жана бул туруктуу түрдө өсүп барууда».

(Уландысы бар).

 Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here