Ишкерлер дагы ККМге каршы акция өткөрүштү

201
0

Ишкерлер дагы ККМге каршы акция өткөрүштү

 Кабар: 30-май күнү ишкерлер өкмөт үйүнүн алдында көзөмөл-кассалык машинага (ККМ) каршы митинг өткөрүштү.

 Акциянын катышуучулары колунда “ККМге каршыбыз!”, “Счет-фактурага каршыбыз”, “Патент калсын!” деген жазууларды кармап турушту.

Ушундай эле акция Талас шаарында да болду. 100дөй ишкер президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, мурдагы патент системасын калтырууну суранышты.

2022-жылдын башында жаңы салык кодекси күчүнө кирди, министрлер кабинети ал аркылуу көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуудан о.э. көзөмөл-кассалык аппараттарды кеңири пайдалануудан үмүттөнүүдө. Мыйзамга ылайык, 2023-жылга чейин бардык соодада ККМ колдонулушу керек. Базарларда ККМ 1-августтан баштап колдонула турган болгон.

Бирок, жыл башынан бери базардагы соодагерлер реформаларды жокко чыгарууну жана патент системасын кайтарууну талап кылып, бир нече акция өткөрүштү. Экономика жана коммерция министрлиги базарда ККМ колдонбоого уруксат берүү маселесин атайын түзүлгөн жумуш тобу талкуулап жатканын, алар үчүн салыктын өзүнчө түрүн киргизүү маселеси караларын, чечим кабыл алына электигин билдирген.

Комментарий: Финансы министрлиги 21-апрелде “2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин эл аралык өнөктөштөр менен 758,3 млн. долларды түзгөн макулдашууларга кол коюлганын, анын 291,5 млн. доллары грант болсо, 466,8 млн. доллары насыя экенин о.э. жана Кыргызстан кирешеси төмөн өнүгүп келе жаткан өлкө болгондуктан донорлор насыяларды “жеңилдетилген шарт менен” берип жатышканын” билдирген.

Кыргызстандын мамлекеттик — ички жана тышкы карызы — 2021-жылдын аягына карата 436 млрд 270,7 млн сомду ($5 млрд 147 млн) түзгөн. Бул сумманын 80%дан ашыгы т.а. 364млрд сом тышкы карыз. Буга чейин, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тышкы карыз эң көп төлөнө турган убакыт 2024-жылга туура келерин жана мамлекет тышкы карызга 330 млн долларга жакын каражат төлөшү керектигин билдирген. Бул карыз мамлекеттеги салык төлөөчүлөрдүн мойнуна түшөрү талашсыз. Ошол себептен да Кыргызстан өкмөтү ар бир кыймылдаган нерсеге салык салуунун үстүндө иштеп жатат. Мурунку патенттик система жокко чыгарылды, салык кызматы укук коргоо органдары менен теңештирилди жана салык кызматы топтогон салыктын 3 пайызын ала турган болду. Бул болсо салыкчылардын айлыгы алар топтогон салыкка байланыштуу болорун түшүндүрөт. Демек, салыкчылар кандай жол менен болсо да көбүрөөк салык чогултууга аракет кылышат. Натыйжада адамдардын жашоосу ого бетер начарлайт. Баалардын көтөрүлүшү буга кошумча болот.

Белгилүү болгондой, капиталисттик мамлекеттерде бюджет негизинен салыктардын эсебинен толтурулат. Бул көрсөткүч АКШда 90%дан ашса, Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө 100%га жетет. Кыргызстанда болсо салыктар бюджеттин 75%ын түзөт. Калганы гранттар, чет мамлекеттер менен уюмдардан алынган карыздар, кредиттер, дивиденддер жана мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардан турат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин тапшырмасы бюджетти 2022-жылы 400 миллиард, 2023-жылы 500 миллиард сомго жеткирүү экендигин билдирип, бюджетти толтуруунун негизги булагы көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, бажы жана салыктардан көбүрөөк акча чогултуу экендигин айткан. Кыргызстан өкмөтүнүн карапайым калк кара казанын кантип кайнатып жатканы менен иши жок. Тескерисинче, анын бирден-бир кайгысы кандай болбосун бюджеттин кирешесин көбөйтүү жана ушул аркылуу тышкы карызды төлөөгө каражат табуу гана болуп турат.

Исламда зекеттен башка эч кандай мажбурий салыктар жок. Мамлекет зекетти салык эмес ибадат катары чогултат. Зекет бюджеттин таңкыстыгын жабууга, мамлекеттик иштерди башкарууга же өзгөчө кырдаалдар үчүн алынган карыздарды төлөөгө жумшалбайт. Ал үчүн умумий мүлк жана мамлекеттик мүлк иштетилет. Зекетти шарият белгилеп берген орундарга гана жумшайт. О.э. байлык бир ууч капиталисттер менен монополисттердин колунда топтолуп калышына да, карапайым калктын салык төлөөчү болуп калышына да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлардан зекет алып муктаждарга бөлүштүрүү аркылуу коомдо жыргал жашоону жана тең салмактуулукту камсыздайт.

 Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here