АКШ Украинага жапырт сокку ура турган риеактивдүү система жиберет

261
0

АКШ Украинага жапырт сокку ура турган риеактивдүү система жиберет

 Кабар: “АКШнын орто аралыкка болжолдонгон реактивдүү системалары украиналыктарга согуш майданында буталарга таамай сокку урууга жардам берет, а бирок, алар Украинадан тышкары сокку бере албайт”, – деди АКШ президенти Жо Байден.

 “The New York Times” басылмасы 1-июнь күнү кечинде жарыялаган макалада АКШ президенти Жо Байден: “Вашингтон Украинага чектүү өлчөмдө орто аралыкка болжолдонгон “алдыңкы ракеталык системаларды” бермекчи, бул “Украинада согуш майданындагы негизги буталарга таамай сокку берүү мүмкүнчүлүгүн берет”, – деген.

О.э. Байдендин айтымында, АКШ Украинаны “чек арадан тышкары сокку берүүгө” чакырбайт жана буга жол бербейт.

Ак үйдөгү жогорку даражалуу чиновниктердин бири анонимдүүлүк шарты менен АКШ Украинага М142 HIMARIS мобилдүү ракеталык системаларын жөнөтөрүн айткан, аларда 80 километр аралыкка өтө таамай сокку бериши мүмкүн болгон ок-дарылар колдонулат. Теориялык жактан, алар жүздөгөн километр аралыктагы буталарга сокку бере алат, а бирок алыскы аралыкка атылуучу ок-дарылар Украинага берилбейт.

 HIMARIS системасы 80 чакырымга чейинки аралыкка сокку урууга жөндөмдүү. Алар Украинага 700 миллион долларлык аскердик жардамдын алкагында жөнөтүлөт. Бул пакетте андан башка тик учактар, аскердик автоунаалар жана Javelin танктарга каршы ракеталык системалары бар.

 Комментарий: Украинадагы согуш – бул Россия-Украина согушу эмес, тескерисинче, Россия менен Батыштын ортосундагы согуш. Россияны Украинада баскынчылык согушуна тартуу менен Америка өз максатына жетти. Бул болсо Россияда  ички чыңалууну о.э саясий, экономикалык жана аскерий силкинүүлөрдү пайда кылып, согуш көптөгөн жылдарга созулушу мүмкүн. АКШ Украинадагы согушту мүмкүн болушунча көбүрөөк убакытка созуу менен Россияны алсыратып, анын эл аралык позициясын алсыратууну көздөгөн эле. Бул согуш Путиндин бийликте калышына да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here