Орусия Финляндияга газ экспортун токтотту
Орусия Финляндияга газ экспортун токтотту. Бул тууралуу Финляндиянын Gasum мамлекеттик газ компаниясы билдирди. 17-майда Gasum “Газпромдун” газ үчүн төлөмдөрдү рубль менен төлөө талабынан баш тартканын жарыялаган.
Финляндия 45 жылдан бери Орусиядан жаратылыш газын импорттоп келет. 2015-жылдын декабрь айында келишим 2031-жылдын аягына чейин узартылган. Бул өлкөнүн газ керектөөсүнүн баары Орусиядан ташылат. Бирок, газ жалпы энергия керектөөсүнүн 6 пайызга жакынын гана түзөт.
Жалпысынан алганда Европа мамлекеттеринин Орусия газына муктаждыгы күчтүү. Эл аралык энергия агенттигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы Европа мамлекеттери Орусиядан 155 млрд метр куб жаратылыш газын импорт кылган. Бул жалпы газ импортунун 45 пайызын, керектөөсүнүн 40 пайызын түзөт. Финляндия, Эстония, Македония жана Болгария газ керектөөсүнүн баарын Орусиядан импорт кылып келген. Ал эми, Латвия 97%, Сербия 88%, Словакия 86%, Польша 81%, Aвстрия 80%, Словения 79%, Венгрия 78%, Литва 69, Германия 54 %, Чехия 53, Швецария 44, Дания 35, Италия 33, Хорватия менен Румыния 28%, Греция 19%, Франция 8%, Голландия 5%, Белгия 3% газ керектөөсүн Орусиядан импорт кылат.
Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин “дос эмес” деп тааныган бардык өлкөлөр газды рубль менен гана сатып алуусун талап кылган токтом чыгарган. Москванын жаңы талаптарына макул болбогону үчүн Польша менен Болгарияга газ берүү токтотулган. Учурда алардын катарына Финляндия да кошулду. Буга улай Финляндия НАТОго кирүү үчүн арызын тапшырды. Ошентип, Батыштын тукуруусу артынан башталган украин кризисинин таасири жайылып барууда. Бир тарапта Батыш менен Орусиянын санкциялары күч алса, экинчи тарапта Борбор Азия аймагында бул колонизаторлордун таасир талашуусу күчөп жатат. Америка муну менен эле чектелбей, Кытайга карата провакациялык билдирүүлөрүн улантууда.
АКШ экономикалык кызыкчылыктарын да алга сүрүп, Европанын газга болгон муктаждыгын өзүнүн сланец газы менен толтурууга аракет кылууда. Өткөн жылы АКШ сланец газын өндүрүүнү көбөйтүп, 25 млн тоннага жеткирген. Ал 2040-жылга чейин дүйнөлүк сланец газ соодасын 700 млн тоннага жеткирүүнү пландоодо. Жыл аягына чейин Европанын газга болгон муктаждыгынын 40 пайызын камсыздоону мерчемдеп жатат.
Мумтаз Маверанахрий