Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу качан башталары айтылды

45
0

КытайКыргызстанӨзбекстан темир жолунун курулушу качан башталары айтылды

  Кабар: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан маршруту боюнча темир жолун куруу долбоору быйыл күздө башталат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирген.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, жыйында 2022–2026-жылга Кыргызстандын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары бекитилген

 “Темир жол тармагын өнүктүрүү – министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктуу багыттардын бири. Ушул күздө эгемендүүлүк тарыхындагы эң масштабдуу долбоор аталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга старт беребиз. Бул долбоорду колдош керек”, – деген Акылбек Жапаров.

Комментарий: “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлгөн. А бирок, бул долбоор Россиянын региондогу кызыкчылыктарына тескери келгени себептүү ушул кезге чейин ишке ашпай келди. Россия Украина баткагына батып барган сайын Борбор Азия үстүндө калган оюнчулардын – Кытай, АКШ жана Евробиримдик – ортосундагы күрөш кызып барууда. Кытай учурдан пайдаланып Россия ушул кезге чейин тоскоолдук кылып келген “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоорун ишке ашырууга олуттуу киришүүдө. Кытай ушул долбоор менен эле чектелбестен, региондо мамлекеттер менен соода хабдарын куруу аркылуу региондо экономикалык экспанциясын ого бетер күчөтүүгө аракет кылууда.

АКШ болсо Украина согушун мүмкүн болушунча узагыраак убакытка созуу аркылуу Россияны алдан тайдырып, анын Борбор Азия республикалары үстүндөгү таасирин алсыратууга аракет кылууда. Америка ушундай максатта расмий адамдарын бул регионго кайра-кайра жөнөтүп жатат. Түркмөнстандын борбору Ашхабадда болуп өткөн брифингде АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын биринчи орунбасары Дин Томпсон АКШ Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты өнүктүрүүдөн үмүттөнүп жатканын жана алардын суверенитети менен экономикалык мүмкүнчүлүгүн жүзөгө чыгарууну колдоо ниетинде экендигин айтты.

“Биз Борбор Азиядагы өнөктөштөр менен ушул татаал, тарыхий доордо  ар түрдүү маанилүү маселелер жаатында кызматташтыкта иш алып баруудан үмүттөнөбүз. Бул иште АКШ Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендүүлүк, суверенитет жана аймактык бүтүндүгүн бекемдөө, үлкөн экономикалык жана соода мүмкүнчүлүгүн жүзөгө чагырууда колдоону максат кылган”, – деди Томпсон.Томпсондун айтымында, ал Ташкентке барууну да пландаштырган. Мындан тышкары, мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Доналд Лу башында турган АКШ делегациясы 23-25-май күндөрү расмий сапар менен Өзбекстанда болот.

Россия болсо азыркы абалында региондогу мамлекеттерге экономикалык жактан колдоо көрсөтө албайт. Ошол себептен да регион үстүндө АКШ менен Кытайдын күрөшү кызышы күтүлүүдө.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here