Тунис калкы бир өрөөндө болсо, саясий чөйрө башка өрөөндө

240
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунис калкы бир өрөөндө болсо, саясий чөйрө башка өрөөндө

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты тарабынан басылып чыккан апталык Тахрир гезитинде мындай делет: «Тунис калкы бир өрөөндө болсо, саясий чөйрө (президент жана оппозиция) башка өрөөндө. Бул, устаз Мухаммад Шувайха жазган макаладагы сөздөр. Макалада устаз эки көрүнүштү ачыктап мындай дейт: «Биринчи: Тунистеги саясий турмуш – америкалык же европалык – чет элдиктин таасирине кирип калган. Чет элдиктердин аралашуусунун натыйжасында Тунис банкроттук жакасында турган убакта талаштуу жана татаал көрүнгөн саясий көрүнүш калыптанууда. Алгач Эл аралык Валюта Фондунан ырайым күтүлдү жана анын шарттары аткарылды… Андан соң бүгүнкү күнгө келип мамлекет ал тургай адамдарды азык-түлүк менен да камсыздай албай турган даражага жетип, ийгиликсиз мамлекетке айланды. Тунисти козголоңду бетке кармаган өкмөт да куткара албады, «таза козголоңчу» көрүнүшүнө кирген президент Кайс Саид да эч нерсе кыла албады. Акыйкатта болсо, бардык бийлик ошонун колунда. Бирок, абал күндөн-күнгө оорлошууда. Башынан бери атайылап ушундай кылынууда т.а. адамдарды чечимден үмүттөрүн үзүү. Биринчи көрүнүш ушул».

Экинчи көрүнүш жөнүндө устаз Шувайха мындай дейт: «Бул биринчи көрүнүштөн кескин айырмаланат. Т.а. президент жана оппозицияны өз ичине алган бүткүл саясий чөйрө Исламды таптакыр кадырлабаган илманийлер болуп эсептелет. Эл болсо мусулман. Ислам өлкө саясаты роббаний өкүмдөргө ылайык болушун фарз кылган. Бирок, президент жана оппозиция, баары кафирлердин мусулмандардын тагдырына аралашуусуна тоскоолдук кылбай жатышат. Эмнеге бул нерсеге ыраазы болуп жатышат?! Эмнеге буга сүкүт кылып жатышат?! Тыянактап айтсак, бүгүнкү күндө Тунистеги мусулмандар оор абалдан кутулуп чыгууга жоопкер. Себеби, алар мечиттерде тилават кылып жаткан Куръани Карим аларды Расулуллах ﷺ менен бир жолду тандоого чакырууда. Кантип эле Рамазан Куръан айы болуп, биз, Тунистегилерге эскертүү болбосо, акыры биз чечим ээлерибиз го?! Тунистиктер тигил «өкүмдарларга» дагы эле ээрчий беришеби?! Алардын баарына каршы чыгышыңардын жана Роббибиз буйруган түзүмдү тикелешиңердин убагы келбедиби?!».

Башка тараптан, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын аялдар жааты ушуларды баса белгиледи: «Илманий режим телеберүүлөр жана радиоуктуруулар, драмалык тасмаларды көрсөтүү аркылуу берекелүү айды улуу маани-маңызынан үзүү үчүн бардык массалык маалымат каражаттарын сапарбар кылды. Максаты белгилүү: өлкө калкынын өздүгүнө жана акыйдасына зыян жеткирүү үчүн исламий акыйда негиздерине каршы күрөшүү».

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын аялдар жааты жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Исламга – ал түзүм деген этибарда – каршы күрөшүү жакында пайда болгон жаңылык эмес. Бирок, күрөштүн көлөмү козголоңдон бери тездешип, мурдагыдан да күчөп кетти. Илманийлер өлкө калкы режимди кулатуу үчүн чыкканына, исламий акыйданын буйругуна ылайык шариятты колдонууну талап кылып Ислам түзүмүн орнотууга чакырып жатканына ишеним пайда кылышкандан кийин – алардын Ислам түшүнүктөрүнө каршы ачык же Ислам көрүнүшүндөгү жашыруун күрөштөрү уланып жатканына карабастан – күрөш олуттуу түс алды. Ушулардан улам, биз, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын аялдар жааты, ушуларды ачык жарыялайбыз: Биз бул илманий режимдин жана жетекчилердин Умматты улуу дининен адаштырууга, мусулман үй-бүлөлөрдү ойрон кылууга жана перзенттерибизди акыйдасынан чыгарууга багытталган бардык аракеттерин ачыктоону улантабыз. Өз Исламын кызганган ар бир мусулманды биз менен биргеликте илманийлердин Ислам жана мусулмандарга каршы мындай жырткыч чабуулдарына каршы турууга жана исламий жашоону кайрадан баштоо аркылуу Тунис калкын илманийлик баткактан куткарууга чакырабыз».

 

Роя гезити, №388, 2022-жыл, 27-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here