Аманат жана ыйман (уландысы).

246
0

Аманат жана ыйман (уландысы).

Инсан Аллахка итаат кылган, Анын маъсиятынан качкан, Анын махлуктардагы сүннөтүн-мыйзам эрежелерин түшүнгөн, өз нафсинде да, жер жүзүндө да Аллахтын өкүмдарлыгын тургузууну көздөгөн, кыйынчылыкта да, жыргалчылыкта да бекем турууга бел байлаган абалда о.э. Аллахтын сынап жатканын, күзөтүп турганын билген абалда аракет кылышы керек.  Ошондуктан, анын Аллах Таалага жалаң гана Ал зат жакшы көрө турган нерселерди көрсөтүшү важиб. Антпесе, ал – мейли илимдүү болсо да – адашат. Шайтандар аны тынчсыздандырат. Куръани Карим баяндаган пайгамбарлардын кыссаларында о.э. илгери өткөн коомдордун кабарларында көптөгөн үлгү-ибраттар бар. Аларда акыбет-натыйжа таквадар заттар үчүн экендиги кайра-кайра баса белгиленет:

لَقَدْ كَانَ فِي قَصَصِهِمْ عِبْرَةٌ لِّأُولِي الْأَلْبَابِ

Чынында эле, алардын аңгемелеринде (тарыхый баяндарында) акыл ээлери үчүн үлгү бар”. [12:111]

   Аллах айтат:

إِنَّ فِرْعَوْنَ عَلَا فِي الْأَرْضِ وَجَعَلَ أَهْلَهَا شِيَعًا يَسْتَضْعِفُ طَائِفَةً مِّنْهُمْ يُذَبِّحُ أَبْنَاءَهُمْ وَيَسْتَحْيِي نِسَاءَهُمْ ۚ إِنَّهُ كَانَ مِنَ الْمُفْسِدِينَ (4) وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ (5)

وَنُمَكِّنَ لَهُمْ فِي الْأَرْضِ وَنُرِيَ فِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَجُنُودَهُمَا مِنْهُم مَّا كَانُوا يَحْذَرُونَ (6)

Чындыгында Фиравн (Мисир) жеринде чектен чыгып, анын калкын (бир-бирине душман болгон) тайпаларга бөлүп салды. Ал алардан бир тайпаны (бани Исраилди) кордоп, уулдарын союп, аялдарын тирүү калтырчу (эле). Албетте ал бузукулардан болду. Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды (кордук, бечаралыктан чыгарып, бардык адамдарга) башчы заттарга айландырууну жана аларды (Фиравндын мүлкүнүн) мураскорлору кылууну каалайбыз. Дагы аларды ошол жерде жайгаштырып, Фиравн жана (анын вазири) Хаманга жана да экөөнүн аскерлерине (бани Исраил) тарабынан өздөрү корккон нерсени (мүлк – дөөлөттөрү колдорунан чыгып, өкүм бийлик бани Исраил коомунун колуна өтүүсүн) көрсөтүп коюуну (каалайбыз). [28:4-6]

وَلَقَدْ كَتَبْنَا فِي الزَّبُورِ مِن بَعْدِ الذِّكْرِ أَنَّ الْأَرْضَ يَرِثُهَا عِبَادِيَ الصَّالِحُونَ

“Чындыгында Биз (Лавхул-махфузда) зикир кылгандан кийин Забурда да: «Албетте (бейиштин) жерине менин саалих пенделерим мураскор болушат», деп жазып койгонбуз. [21:105]

وَاذْكُرُوا إِذْ أَنتُمْ قَلِيلٌ مُّسْتَضْعَفُونَ فِي الْأَرْضِ تَخَافُونَ أَن يَتَخَطَّفَكُمُ النَّاسُ فَآوَاكُمْ وَأَيَّدَكُم بِنَصْرِهِ وَرَزَقَكُم مِّنَ الطَّيِّبَاتِ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Дагы силер жерде (т.а. Меккеде) азчылык жана алсыз болгон чагыңарда, адамдар екке мушриктери) талап кетишинен коркуп турган чагыңарда силерге жай берип единага көчүрүп), Өз жардамы менен колдоп-кубаттаганын жана шүгүр кылышыңар үчүн пакиза неъматтардан ырыскы бергенин эстегиле!” [8:26]

Чындыгында, Аллах Таала Өзүнүн момун досторуна кадыржамдык тартуулады жана аларга акыйкат убадасын берди:

قُلِ اللَّهُمَّ مَالِكَ الْمُلْكِ تُؤْتِي الْمُلْكَ مَن تَشَاءُ وَتَنزِعُ الْمُلْكَ مِمَّن تَشَاءُ وَتُعِزُّ مَن تَشَاءُ وَتُذِلُّ مَن تَشَاءُ ۖ بِيَدِكَ الْخَيْرُ ۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Айткын: «Эй мүлк жана дөөлөт ээси болгон Теңирим, Сен каалаган адамыңа мүлк бересиң да, каалаган адамыңдан ал мүлктү тартып аласың, каалаган адамыңды азиз, урматтуу кыласьң да каалаган адамыңды кор кыласың. Бардык Жакшылык жалгыз Сенин колуңда. Албетте, Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң. [3:26]

قُل لَّن يُصِيبَنَا إِلَّا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَنَا هُوَ مَوْلَانَا ۚ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ

Айткьн: Бизге Жалгыз Аллах биз үчүн жазып койгон гана нерсе жетет. Ал биздии Эгебиз. Демек, ыймандуу адамдар Аллахка гана сүйөнүшсүн! [9:51]

وَلَا تَدْعُ مِن دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَنفَعُكَ وَلَا يَضُرُّكَ ۖ فَإِن فَعَلْتَ فَإِنَّكَ إِذًا مِّنَ الظَّالِمِينَ (106).وَإِن يَمْسَسْكَ اللَّهُ بِضُرٍّ فَلَا كَاشِفَ لَهُ إِلَّا هُوَ ۖ وَإِن يُرِدْكَ بِخَيْرٍ فَلَا رَادَّ لِفَضْلِهِ ۚ يُصِيبُ بِهِ مَن يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ ۚ وَهُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ

Жана Аллахтан башка, сага пайда да, зыян да жеткире албай турган нерсеге дуба кылып, жалбарба! Демек, эгер ушундай кылсаң, анда албетте заалимдерден болосун! Эгер Аллах сага кандайдыр бир зыян келтирсе, аны Өзү гана кетире алат. А эгер сага кандайдыр бир жакшылык (жеткирүүнү) кааласа, Анын берешендик- жоомарттыгын кайтара алуучу эч ким жок. Ал Өзү сүйгөн пенделерине жакшылык жеткирет. Ал Кечиримдүү, Мээримдүү”. [10:106-107]

إِنَّ اللَّهَ يُدَافِعُ عَنِ الَّذِينَ آمَنُوا

Албетте Алла ыйман келтирген заттарды коргойт”. [22:38]

وَمَن يَتَّقِ اللَّهَ يَجْعَل لَّهُ مَخْرَجًا (2) وَيَرْزُقْهُ مِنْ حَيْثُ لَا يَحْتَسِبُ ۚ وَمَن يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَهُوَ حَسْبُهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ ۚ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا

Ким Аллахтан корксо Ал Зат анысы үчүн (бардык кайгы-кырсыктардан) чыгар жолду (пайда) кылат. Жана аны өзү күтпөгөн тараптан ырыскылуу кылат. Ким Аллага тобокел кылса, (Аллахтын) Өзү ага жетээрлик. Албетте Аллах өзү (каалаган) ишине жетүүчү Зат. Чындыгында Аллах бардык нерсе үчүн ченем-өлчөө кылып койгон. [65: 2-3]

Эй момун боордошум! Мусулман боордошум! Ыйманыңызды жаңыртып алыңыз. Дилиңизди ар түрдүү мерез жана кирден, ыйман суздугунан тазалаңыз. Ыйманыңызды амали солих менен, Аллахты ыраазы кыла турган козголгус бекемдик менен далилдеңиз. Жер жүзүндө Аллахтын өкүмүн тикелөө үчүн аракет кылып жаткан момундарга кошулуңуз. Алар менен бирге аракет кылып, нафсиңизди сабырга чакырыңыз. Жакшы билип коюңуз, ажал жазылып, ырыскы бөлүштүрүп коюлган. Аллах сизге эмне жетет деп жазган болсо – ал жакшы, же жаман болсун айырмасыз – ал сизге сөзсүз жетет. Аллахтын китебинде, Лавхул-Махфузда сизге жетиши жазылбаган болсо, мейли инсан жана жиндер чоугулуп алып жеткирмекчи болушса да, ал нерсе эч качан сизге жетпейт. Сиздин пайдаңызга болгон нерсе да, зыяныңызга болгон нерсе да Аллахтын алдында.  Эгер дүйнө жүзүндөгү калктын баары бир иш үстүндө топтолушса,  Аллахтын изни-уруксатысыз эч нерсе кыла алышпайт. Албетте, Аллах Таала эсептеп, жазып коё турган сиздин амалдарыңыз, же пайдаңызга, же зыяныңызга болот:

وَقُلِ اعْمَلُوا فَسَيَرَى اللَّهُ عَمَلَكُمْ وَرَسُولُهُ وَالْمُؤْمِنُونَ ۖ وَسَتُرَدُّونَ إِلَىٰ عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Айткын: (Каалаган) ишти кылгыла. Анткени, Аллах, Анын пайгамбары жана момундар кылган иш-амалыңарды көрүп турат жана жакында көмүскө жана көрүнөөнү (жашыруун жана ашкере нерселердин баарысын) Билүүчү Затка кайтарыласыңар. Анан, Ал Зат силерге кылып өткөн амалдарыңардын кабарын берет”. [9:105]

Нафсиңизге түшүндүрүңүз жана халифалыкты тикелөө үчүн о.э. инсандарга даъватты жеткирүү аркылуу алар үстүндө күбө болуу үчүн аракет кылып жаткан момундарга кошулуңуз. Анткени, нусрат, жеңиш албетте келет, Аллахтын дини, Аллахтын амри албетте үстөм болот:

هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَىٰ وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ

Ал (Аллах) өз пайгамбарын Туура Жол жана чындык дин менен, мушриктер каалашпаса да, бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат”. [9:33], [61:9]

“Аллах (Лавхул-Махфузга) «Шек-күмөнсүз Мен Өз пайгамбарларым менен бирге жеңүүчү боломун», деп жазып койгон”. [58:21]

وَالْعَاقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ

Акыбет болсо таквалардыкы болот. [7:128], [28:83].

Ал эми кафирлер, алардын малайлары, куйруктары, тыңчылары жана алардын айгакчыларынан турган Аллахтын динине душман адамдар болсо, кайгы-капада болушат:

إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّوا عَن سَبِيلِ اللَّهِ ۚ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ ۗ وَالَّذِينَ كَفَرُوا إِلَىٰ جَهَنَّمَ يُحْشَرُونَ

Албетте, кафир болгон кимселер байлыктарын Аллахтын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол (байлыктары) өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Кафир болгон кишилер жаханнамга топтолушат”. [8:36]

الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَن سَبِيلِ اللَّهِ أَضَلَّ أَعْمَالَهُمْ

“Кафир болгон жана (башкаларды да) Аллах жолунан тоскон кимселердин иш-амалдарын (Аллах) бекерге кетирет”. [47:1]

مَثَلُ الَّذِينَ اتَّخَذُوا مِن دُونِ اللَّهِ أَوْلِيَاءَ كَمَثَلِ الْعَنكَبُوتِ اتَّخَذَتْ بَيْتًا ۖ وَإِنَّ أَوْهَنَ الْبُيُوتِ لَبَيْتُ الْعَنكَبُوتِ ۖ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ

Аллахтан өзгө «досторду» тутунган кишилер кудум (өзү үчүн) үй куруп алып, (ошол үйүнөн жардам издеген) жөргөмүшкө окшойт. Албетте үйлөрдүн эң морту жөргөмүштүн уясы. Эгер алар (аны) билишкенде (жөргөмүштүн уясы сыяктуу алсыз буттардан жардам издебеген болушаар эле)”. [29:41]

Мусулман боордошум, сабыр кылыңыз!

فَاصْبِرْ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ

“(Эй Мухаммад, сага мушриктер тарабынан жетип жаткан азарларга) сабыр кылгын! Анткени Алланын (Өз пайгамбарларына жана момундарга жардам берүү туурасындагы) убадасы чындык. [40:55]

Өзүңүзгө да, Аллах Субханахуга да ишене турган бекем бир мавкифти ээлеңиз:

إِنَّ وَلِيِّيَ اللَّهُ الَّذِي نَزَّلَ الْكِتَابَ ۖ وَهُوَ يَتَوَلَّى الصَّالِحِينَ (196) وَالَّذِينَ تَدْعُونَ مِن دُونِهِ لَا يَسْتَطِيعُونَ نَصْرَكُمْ وَلَا أَنفُسَهُمْ يَنصُرُونَ

Шексиз, менин Эгем ушул Китепти түшүргөн Аллах. Ал саалих пенделерине жар болот. Андан башка силер дуба кылып жаткан нерселер силерге жардам кылууга кудуреттүү эмес жана алар өздөрүнө да жардам кыла алышпайт. [7:196-197]

أَلَيْسَ اللَّهُ بِكَافٍ عَبْدَهُ ۖ وَيُخَوِّفُونَكَ بِالَّذِينَ مِن دُونِهِ ۚ وَمَن يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ هَادٍ (36) وَمَن يَهْدِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِن مُّضِلٍّ ۗ أَلَيْسَ اللَّهُ بِعَزِيزٍ ذِي انتِقَامٍ (37) وَلَئِن سَأَلْتَهُم مَّنْ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ لَيَقُولُنَّ اللَّهُ ۚ قُلْ أَفَرَأَيْتُم مَّا تَدْعُونَ مِن دُونِ اللَّهِ إِنْ أَرَادَنِيَ اللَّهُ بِضُرٍّ هَلْ هُنَّ كَاشِفَاتُ ضُرِّهِ أَوْ أَرَادَنِي بِرَحْمَةٍ هَلْ هُنَّ مُمْسِكَاتُ رَحْمَتِهِ ۚ قُلْ حَسْبِيَ اللَّهُ ۖ عَلَيْهِ يَتَوَكَّلُ الْمُتَوَكِّلُونَ

“Аллах Өз пендесине (Мухаммад алайхис- саламга, ал кишини бардык балээ-казадан, түрдүү кырсыктардан сактоо үчүн) жетээрлик эмеспи?! (Эй Мухаммад), алар сени (Аллахтан) башка буттары менен коркутушат. Кимди Аллах жолдон аздырса, анда, ал үчүн бир да Туура Жолго салуучу болбойт. Кимди Аллах Туура Жолго салып койсо, анда ал үчүн бир да жолдон азгыруучу болбойт. Аллах Кудуреттүү жана (Өз душмандарынан) өч алуучу эмеспи?! Ант болсун, эгер сен алардан «Асмандар жана Жерди ким жараткан», деп сурасаң алар албетте, «Аллах» дешет. Айткын: «Эми кабар бергилечи, силер Аллахты коюп жалбарып сыйынып жаткан буттарыңар эгер Аллах мага кандайдыр бир зыян келтирүүнү кааласа ошол (буттар), Ал Заттын зыянын арылта алышабы? Же Аллах мага кандайдыр бир боорукердик кылууну кааласа, ошол буттар Ал Заттын боорукердигин кармап калыша алабы?! Айткыла: «Мага Аллахтын Өзү жетээрлик Тобокел кылуучу-таянуучу заттар жалгыз Ага тобокел кылышат”. [39:36-38]

(Аллахка алкыш-мактоолор болсун! Аягы).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here