АКШ менен Британия Украина согушун атайылап создуктурушууда

168
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШ менен Британия Украина согушун атайылап создуктурушууда

Устаз Ахмад Хутваний Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосуна берген түшүндүрмөсүндө ушулар айтылат: «АКШ менен Британия ортосунда келишилген сүйлөшүүлөр жана жолугушуулардан маалым болгондой, Россия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликсиздикке учурап жатканына АКШ менен Британия Россияны алсыратып, алдан тайдыруу үчүн атайылап согушту узартууга аракет кылып жатканы себеп болууда. Максат – Россияны эл аралык маселелерди чечүүдөн алыстатып, Кытайды тизгиндөөгө аракет кылуу».

Устаз Хутваний кошумчалап айтты: «О.э. бул согуш Европа Союзун, негизинен, Франция жана Германияны алсыратууга, Европаны аскерий жана саясий жактан Америкага туруктуу көз каранды кылууга каратылган. АКШ менен Британия Украинадагы согуштун багытын өз кызыкчылыктарына буруп жатканы таң калычтуу эмес. Себеби, бул эки мамлекет көптөгөн саясий максаттарын ишке ашыруу, эл аралык абалды көзөмөлдөөнү улантуу жана курал соодасына жаңы базарларды ачуу үчүн согуш тутандырууну жана адамдарды согушка тартууну мыкты өздөштүрүшкөн».

 Роя гезити, №387, 2022-жыл, 20-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here