Глобалдык абанын булганышына эң көп салым кошуп жаткан үч өлкө

36
0

Глобалдык абанын булганышына эң көп салым кошуп жаткан үч өлкө

Окумуштуулардын айтымында, глобалдык жылуулук себептүү жер планетасынын температурасы тынымсыз жогорулап жатат. Мунун натыйжасында мөңгүлөр акырындап эриши себептүү дүйнөгө коркунуч жаралууда. Атмосферадагы карбонат ангидрид көлөмү жетиштүү көлөмдө азайтылбаса, келечекте дагы да олуттуураак коркунучтарга дуушар болушубуз мүмкүн.

“Анадолу” агенттигинин кабарына таянсак, глобалдык жылуулукка жана абанын булганышына себеп болуп жаткан углероддун жарымынан көбү үч мамлекеттен т.а. Кытай, АКШ жана Индиядан чыгат. Глобалдык жылуулукту өнөржайдан мурунку дооруна салыштырмалуу 1,5 пайызга чектөө үчүн мамлекеттердин мойнундагы эң маанилүү милдет атмосферага чыккан углероддун көлөмүн азайтып, белгилүү бир убакыттан кийин нөлгө түшүрүү. Кытай, АКШ жана Индия мамлекеттеринин климаттык саясатын баалаган адистер аталган үч мамлекеттин  атмосферага чыккан уулуу газдардын көлөмүн нөлгө түшүрүү максатына жетишери өтө кыйын экендигин билдиришүүдө. Мисалы, АКШ президенти Жо Байден 2050-жылга чейин атмосферага чыккан уулуу газдардын көлөмүн нөлгө түшүрүү жөнүндөгү жарлыкка кол койгон болсо, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 2060-жылга барып углерод нейтралдуулугу максатына жетишерин билдирди. Индия болсо 2070-жылга барып нөлгө түшүрүүнү максат кылган.

Комментарий: Ушул күндөрдөгү глобалдык жылуулук себептүү жер планетасы өтө кооптуу экологиялык өзгөрүүлөргө күбө болууда. Себеби, озон катмарынын тешилиши глобалдык температуранын жогорулашына алып келди. Айрыкча, химиялык ишканалардан чыгып жаткан уулуу газдар абаны булгап, токойлордун куурап кетишине себеп болуп жаткан болсо, тазаланбастан дарыяларга төгүлүп жаткан химиялык жана радиоактивдүү таштандылар таза суулардын ууланышына, натыйжада ар түрдүү оорулар кеңири жайылышына себеп болууда.

Кээде глобалдык жылуулук деңгээлинин жогорулашы жана айлана-чөйрөнүн (экологиянын) ууланышы натыйжасында пайда болуп жаткан ири ташкындар, кыйырсыз токойлордун өрттөнүп күлгө айланышы о.э. абанын булганышы сыяктуу проблемаларга чечим табуу үчүн эл аралык илимий конференциялар жана ар түрдүү саммиттер өткөрүлөт. Бирок, мындай конференциялар жана жыйындар ушул кезге чейин бир да натыйжа бербеди. Себеби, конференцияларда химиялык ишканалардын санын кескин азайтуу о.э. алардан чыгып жаткан уулуу заттарга чектөө киргизүү жөнүндө түзүлгөн протокол жана келишимдерге Америка сыяктуу ири капиталисттик мамлекеттер катуу каршылык көрсөтүшөт. Мисалы, Америка экологиянын булганышы жана жылуулук глобалдык деңгээлде көтөрүлүшүнө тиешелүү «Киото» протоколуна кол коюудан баш тартты. Себеби, абага уулуу газ чыгарууну 5,2%га азайтууну камтыган бул протокол абаны булгоочу өнөржай газдарынын төрттөн бирин атмосферага чыгаруучу АКШ ишканаларына туура келбейт. Эгер АКШ бул протоколго кол койсо, бул келишим жеңил киреше булагы болгон кээ бир химиялык продукцияларды өндүрүүчү ишканалардын жабылышына, натыйжада материалдык пайда азайышына алып барат. Бул болсо материалдык кызыкчылыкты ар кандай баалуулуктан жогору койгон капиталисттик АКШга таптакыр туура келбейт. Уулуу газдарды абага таасири натыйжасында глобалдык жылуулук жогорулашы артынан муздар эрип, суу ташкындары болушу, же уулуу таштандылардын экологияга жана таза сууларга зыян жеткириши натыйжасында адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралышы капитализм үчүн эч кандай мааниге ээ эмес. Ошондуктан, Америка сыяктуу капиталисттик мамлекеттер эл аралык иш чараларды бир четке жыйыштырып коюп, өзүнө моюн сунган аймактарда химиялык ишканаларды иштетүү менен жаратылышты тынымсыз уулап келет.

Мындан тышкары, аталган мамлекеттер өздөрүндөгү ишканалардан чыккан миллиондогон тонна таштандыларды керектөө товарларына айлантып, үчүнчү дүйнө мамлекеттерине сатышууда. Бул товарлардын көбү батарея жана коргошун таштандылары болгону себептүү, адамдардын саламаттыгына, айрыкча нерв системасына аябай таасирин тийгизет. Мунун натыйжасында майып-мунжу балдардын төрөлүшү өсүп, адамдар мурда болбогон ооруларга чалдыгууда. Мисалы 2002-жылы дүйнөдөгү 15 жашка чейинки балдар чалдыккан оорулардын үчтөн бири жараксыз суу жана абанын булганышы сыяктуу экологиялык факторлорго байланыштуу болгон.

Ошондуктан, экологиянын ууланышы натыйжасында пайда болуп жаткан балээ-кырсыктардын себепкери капитализм деп айтсак адашпайбыз. Себеби, капитализм түшүнүгү боюнча, жашоодон көздөлгөн максат материалдык жыргалчылыктын эң чокусуна жетүү, иштердин өлчөөсү болсо, кандай гана болбосун, пайда табуу. Тыянактап айтканда, капитализм экономикасын негиздөөчү Адам Смиттин төмөнкү сөзүн келтирүү ар бир акылы бар адамга жетиштүү болот деген ойдомун. Ал: «Адамдын адеп-ахлагы ач көздүк, себеби ач көздүк экономиканы жүргүзөт», – деген.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here