Пакистан колонизаторлордун саясатын кабыл алгандыктан өнөр жай тармагында өз мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланбай жатат

169
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Пакистан колонизаторлордун саясатын кабыл алгандыктан өнөр жай тармагында өз мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланбай жатат

Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Пакистан материалдык жана инсаний ресурстарга бай экендигине карабастан, өлкөнүн өнөр жайы аянычтуу абалда. Пакистан колонизаторлордун саясатын кабыл алгандыктан өнөр жай тармагында өз мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланбай жатат. Анткени, колонизаторлор Пакистанга демократияны да, диктатураны да мажбурлап колдонушууда… Демократия Пакистанга мүмкүнчүлүгүндөгү иштерди жасоого жол бербеген жана келечекте да таптакыр жол бербейт. Себеби, демократиянын максаты – батыштык колонизаторлордун саясатын колдонуу т.а. Пакистандын өз ресурстарынан пайдаланышына жол бербөө жана өлкөнү Батыш продукциялары үчүн ири базарга айлантуу… Бул өлкөдө жумушсуздук кеңири жайылышы жана интеллигенттердин Батышка кетиши ушул колонизаторлук саясаттын бир бөлүгү гана. Бул саясат Британиянын «East India Company» (Чыгыш Индия компаниясы) түзүлгөн убакта колдонула башталды жана бүгүн да демократия аркылуу колдонулууда, буга Эл аралык Валюта Фонду мнен Дүйнөлүк Банк демөөрчүлүк кылып жатат… Кубаттуу өнөр жай куруу аскерий өнөр жайга көңүл бурууну талап кылат. Пакистан эбак эле ядролук курал иштеп чыгарган болсо да, бирок, колонизаторлор себептүү оор өнөр жайды кура албай келет, анын куралдуу күчтөрү колонизатордун технологиясына таянууда».

Билдирүүнүн акырында ушулар баса белгиленди: «Халифалык мамлекети кайра тикеленгенде биринчи күндөн тартып дүйнөнүн – мурун болгондой – биринчи мамлекетине айланууга аракет кылат. Өнөр жай тармагына келсек, мамлекеттин саясатында аскерий тармакка өзгөчө көңүл бөлүү оор өнөр жай базасын курууга алып келет. Хизб-ут-Тахрир Халифалык түзүмү дастурунун мукаддимасында кабыл алган долбоор мына ушул».

 Роя гезити, №387, 2022-жыд, 20-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here