Кумар – кайтарыла турган мункар
Министрлер кабинети демилгелеген “Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 11-майда ЖКнын бардык тиешелүү комитеттеринде каралып, ушул эле күнү парламент жыйынынын күн тартибине кезексиз киргизилди. Негизи, бул мыйзамды кароо парламенттин күн тартибинде жок болчу. Натыйжада, бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш жыйынында биринчи окууда кабыл алынды. Буга чейин президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен.
Былтыр да депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылып, ал да парламентте биринчи окуудан кабыл алынган. Ошондо Президент Жапаров бул мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган. Бирок, коомчулуктун катуу каршылыгынан кийин, “авторлор” аны кайтарып алышкан. Мына быйыл да “кумарканалар” мыйзамы калктын күчтүү каршылыгына учурап олтурат.
Бийлик бул мыйзам долбоорун колдоодо экономикалык пайданы негиз кылып келтирүүдө. Бирок, бул турмуш чындыгында акыйкаттан алыс. Азыр дүйнөдө – анын ичинде Кыргызстанда да – империалист колонизаторлор капиталисттик система аркылуу өкүм жүргүзүшүүдө. Бул системанын табиятына ылайык, ар бир экономикалык ишмердүүлүк бир ууч колонизатор капиталисттердин пайдасына кызмат кылат. Чет элдик инвесторлор келип казино курат дегени – бул колонизатор державалардын олигархтары бизде кумарканалар ачышат дегени. Алар болсо бизге акчасын берүү үчүн келбейт. Алар биздин байлар бизди тоноп, бизден тартып алган акчаларды алып чыгып кетиш үчүн келишет. Бул колонизаторлор капиталисттердин биздин байлыктарыбызды талап-тоноо ыкмаларынын бири гана. Алар кендерибизди талап-тоноону да, сүткорлук менен акчаларыбызды тартып алууну да, мына ушундай “жалтырак” мыйзамдар менен ишке ашырышат. Бүгүн алардын “кумар оюндарынын королдору” кирип келишине шарт түзүп берген бийлик, эртең алардын пайда көрүшүнө ылайыктап мыйзамдарды өзгөртүп берери анык. Демек, “экономикалык пайда” адамдарды адаштыруучу жалгандан башка нерсе эмес.
Бул мыйзамды колдоочулар – президент баш болуп – мамлекеттин “светтик” экендигин бетке кармашууда. Ооба, мамлекет “светский”, ооба, ал динибизге тескери! Ушундайда “динибиз светтик түзүлушкө тескери келбейт” деп жүргөн мусулмандар көздөрүн ачып алышсын. Светтик мамлекет кандай экени депутат Арслан Малиевдин оозунан так аныктама менен чыкты. Ал: “Динди айтып жатышат. Кыргызстан ислам эмес, светтик өлкө. Дин менен карап маселе чечпеши керек”, – деди. Ооба, Кыргызстан светтик мамлекет болгону үчун, Малиевдей адамдар Аллахтын шаанисине жалган токуп, баалуулуктарыбызга кол салууга, шаръий өкүмдөрдү бурмалоого батынып олтурат!
Бирок, мамлекет “светтик” болгону менен, калкыбыз мусулман. Муфтияттын Малиевдин сөзүнө карата берген жообундагы төмөнкү кептер “светтикти” бетке кармагандардын баарына таасын жооп болуп калды. Анда мындай кептер келген:
“Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз! Куранда айтылган арам нерсени эч ким адал кыла албайт”.
Ооба, кумар оюндарын Аллах Таала харам кылган жана аны эч ким халал кыла албайт! Аллах Азза ва Жалла айтат:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالْأَنْصَابُ وَالْأَزْلَامُ رِجْسٌ مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
“Эй момундар, арак (мас кыла турган ичкилик ичүү), кумар (ойноо), буттар (аларга сыйынуу) жана таякчалар (б.а. таякчалар менен төлгө ачуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, (тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула!”. (Мааида, 90-аят).
Коммунисттик идеология жана анын социалисттик системасынан кутулган мусулман калкыбызга империалист кафирлер тарабынан капиталисттик идеология жана анын демократиялык системасы тыгыштырылган эле. Азыр калкыбыз мындан тажап, өз динине карай умтулууда. Ошондуктан, улам жаңы исламий көрүнүштөр калыптанып, коомубуз исламдашып барууда. Бул агымга каршы түрдө, бийликтин мындай харам амалдарды мыйзамдаштырышы эң чоң саясий ката саналат.
Бийлик “кумар оюндары жашыруун ойнолуп келген, болгону ошону мыйзамдаштырып ачыкка чыгарып жатабыз” дейт. Жок, мында мусулмандардын кыла турган иши – аны ачыкка чыгаруу эмес – тескерисинче, жашыруундарын да түп-тамырынан жоготуу болчу! Анткени, бул харам, анын болушу мункар, мункарга болсо ал жоголгонго чейин каршы күрөшүлөт. Ал тургай, элдин баары аны экономикалык өсүш алып келет десе да, бүткүл калк аны саясий жактан туура деп эсептесе да – булардын баарынын шаръий өкүм алдында эч бир кыйматы жок!
Демек, бийлик бул мункардан кайтышы керек, эгер кежирдик менен туруп алса, анда бардык мусулмандар – бул мункар жоголгонго чейин ага каршы туруулары ваажиб.
Набий с.а.в. айтты: «Силерден ким бир мункарды көрсө, аны колу менен кайтарсын; эгер ага кудурети жетпесе, анда тили менен кайтарсын; эгер ага кудурети жетпесе, анда дили менен кайтарсын – бул ыймандын эң алсызы».
Демек, биз, мусулмандар, бу мункар амалга каршы – пресс-конференциялар, пикет-митингдер, демонстрациялар ж.б.у.с. уюштуруу менен болобу, же кайрылуу, билдирүү жасоо, макалалар жазуу ж.б.у.с.лар аркылуу болобу – катуу турушубуз керек.
Түпкү чечим болсо, Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоодо жатат. Анткени, ал Халифалык бардык мункардын башы болгон капиталисттик идеология менен анын демократиялык системасын түп-тамырынан омкоруп таштайт жана ичкериде шариятты толугу менен колдонуп, сырткарыда Исламды жаят. Муну менен ичкериде кумарканалар сыяктуу мункарлар жоголуп, аларды сырттан кафирлер тыгыштыра албай калат.
Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан
- 05. 2022