Москвада ЖККУнун мааракелик жыйыны өттү

180
0

Москвада ЖККУнун мааракелик жыйыны өттү

16-майда Орусиянын борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин лидерлери уюмдун кезектеги жыйынына чогулду. Кремлдин басма сөз кызматы кабарлагандай, президент Путин жыйынга чейин ЖККУга мүчө алты мамлекеттин ар бир лидери менен өз өзүнчө жолукту. Бирок, аталган жолугушууларда кандай сөз болгону тууралуу кеңири кабар берилген жок.

Путин өз сөзүндө Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчө болуусу Орусия үчүн түздөн-түз коркунуч жаратпай турганын, бирок ага карата сөзсүз реакция болорун билдирди. О.э ал Казакстандагы жыл башындагы кандуу окуяны жөнгө салууда башкы ролду ойногонун бир нече жолу баса белгиледи.

Беларус лидери Александр Лукашенко эл аралык абалга карата ЖККУ бирдиктүү турумун иштеп чыгып, ынтымагын көргөзүш керек деген маселени көтөрдү.

Президент Садыр Жапаров эл аралык абал оорлошуп кеткенине бушайман болуп, Орусияга киргизилген санкциялар кыргыз экономикасына дагы оор кесепеттерин тийгизип жатканын айтып, кырдаалдан чыгуунун бирдиктүү жолдорун издөөнү сунуштады.

Мындан тышкары Жапаров коопсуздукка байланыштуу коркунучтар жана саясий-аскердик чыңалуулар Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун дээрлик бардык чек арасына жеткенин, уюмга мүчө мамлекеттердин ички ишине сырттан кийлигишүү аракети байкалып жатканын айтты.

Жыйынтыгында уюмдун 30 жылдыгына байланыштуу биргелешкен билдирүүгө кол коюлуп, Казакстанга быйыл январда жиберилген
ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясынын катышуучуларын сыйлоо жөнүндө чечимин кабыл алынды.

ЖККУнун уставында анын максаты мүчө өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн тышкы агрессиядан, эл аралык терроризмден, ошондой эле ири жаратылыш кырсыктарынан коргоо деп көрсөтүлгөн.

Ураинага каршы баскынчылык согушун баштаган Россия эл аралык саясатта жекеленип калган соң өзүнүн айланасына “союздаштарды” топтоодо ЖККУга мүчө мамлекеттерге көңүл бурууда. ЖККУда чечүүчү таасирге ээ болгон Россия уюмдун уставына өзгөртүү киргизип алса, тынчтык орнотуучу операциялар шылтоосу менен уюмга мүчө мамлекеттерди өзү баштаган согушка тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Белорусия өлкөдөгү тынымсыз толкундоолордон улам Орусиянын этегин кармоого аргасыз. Ошондуктан, ынтымакка чакырымыш болуп жатат. Армениянын абалы да өлкөдөгү туруксуздуктан улам аны Орусияга дагы да муктаж кылууда. Ал эми, Кыргызстан нейтралдуу позицияны карманууга аракет кылса да, Жапаров Батышчыл саясатчылардын бийликке каршы аракеттери натыйжалуу чыгышынан кооптонот. Ошондуктан, сырткы коркунучту тилге алып, Орусияга муктаждыгын моюнга алууда. Тажикстандын Талибан менен чектешүүсү жана ички оппозициянын күч алуусу Рахмонду Путинге баарынан көп муктаж кылууда. Мына ушул жагдайлардан улам бул өлкөлөр Казакстандагы окуяга катышкан аскерлерге сыйлык тапшырууга бир ооздон макул болушту. Анткени, ички оппозицияны бастырууда же бийликтин алмашуусун алдын алууда Орусиянын январь окуясында Казакстанга аскерлерин киргизгендей, аларга да жардам берүүсүнө муктаж. А бирок, бул аракеттер өлкөнү толук түрдө Орусияга көз каранды кылып коюу жана Батыштын санкцияларына туш кылуу коркунучу бар болгондуктан, айрым өлкөлөр Орусиядан оолак болууну каалайт. Маселен, Казакстандын жана Кыргызстандын Украина маселесиндеги позициясы Орусиянын кыжырына тийиши талашсыз. Мындан улам, Путин өз сөзүндө Казакстандагы окуяны бир нече жолу эске салды. Башкача айтканда, мындан ары бул технология ЖККУга мүчө башка мамлекеттерде да колдонулушу мүмкүн экенин билдирет. Алдыда олуттуу демонстрациялар ким тарабынан же кантип жаралышына карабастан, орус режими ага жан тарткан бийликти сактап калуу үчүн ЖККУну ишке салышы талашсыз. Анда да – Казакстанда болгондой – ЖККУнун аралашуусуна «сакалчандар», «террористтер», «динчилдер» шылтоо болуп бериши турган кеп.

Демек, ЖККУга мүчө мамлекеттердин абалы Орусияныкынан да оор. Анткени, Батышка бурулуусу да, Оруска бурулуусу да алардын бийлигине коркунуч жаратат. Ошондуктан, биз мусулмандар унутпашыбыз керек болгон нерсе ушул, ар түрдүү уюмдар, союздар жана башкалары эч качан биздин кызыкчылыгыбызга кызмат кылбайт. Бул уюмдар жалаң гана ошол уюмдарды түзгөн колонизатор мамлекеттердин үстүбүздөгү таасирин бекемдейт.

Андыктан, биз, мусулмандар, бул сыяктуу аскерий эле эмес, а түгүл, экономикалык, саясий жана башка уюмдар да биздин кызыкчылыгыбызга каршы иштерин аңдап жетүүбүз зарыл. Алар ЖККУ же ШКУ сыяктуу болобу, айырмасыз, алардын баары колонизаторлуктун өмүрүн узартып, колонизаторлордун таасирин бекемдейт. Демек, Борбор Азия калктары Орусия менен Батыштын таасир талашы астында эзилүүдөн кутулуу жолун издеши керек. Ал эми кутулуунун жападан жалгыз жолу өз Исламдарына бекем жабышып, Халифалык мамлекетин куруу кербенине кошулуу!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here