Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери жолугушту

185
0

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери жолугушту

 Кабар: 13-майда Кыргызстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддин Дүйшөмбү шаарында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 Кабарда айтылышынча, тараптар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана деморкациялоого байланыштуу маселени чечүүгө даяр экенин ырасташып, топографиялык жумушчу топтун жолугушуусун улантуу маанилүү экенин белгилешкен.

О.э. алар  эки өлкөдөгү консулдук чөйрөнүн маселелерин, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону талкуулап, жакынкы келечекте жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышкан.

 Комментарий: Жолугушуу жана сүйлөшүүлөр тышкы иштер министрлери деңгээлинде болобу же мамлекет башчылары деңгээлинде болобу айырмасыз, колонизатор мамлекеттер тарабынан белгиленген чек ара көйгөйлөрүн жана арты үзүлбөгөн жаңжалдарды чыгаруу үчүн атайылап пайда кылынган талаштуу аймактарды чечүүгө кудуреттүү болушпайт. Эгер мамлекет башчылары алардын уруксатысыз аракет кылып, “саясий эрк” көрсөтүшсө колонизатор кафир мамлекеттер аларды тез арада “рамкага” салып коюшат.

 Садыр Жапаровдун 2021-жылы март айындагы Ташкентке сапарында эки өлкө башчы ортодогу талаштуу болуп келген чек ара масалесин “үч айда чечүүгө” келишип алышкан эле. Жапаровдун Россиянын уруксатысыз мындай кадамына орус өкмөтүнүн жообу көпкө күттүрбөдү. 2021-жылы апрель айынын аягы жана май айынын башында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал жүз берди. Куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 36 адам өлүп, 154 адам жараат алды. Ал эми Тажикстан тараптан болсо 19 адам өлүп, 87 адам жарадар болду. О.э. жүздөн ашык үй-жай, социалдык обьекттер жабыр тартты. Ошол кагышуудан кийин кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери дээрлик токтоп калды.

 Колонизаторлор өз таасири алдындагы мамлекеттер ортосундагы чек ара көйгөйлөрү чечилишине эч качан жол беришпейт, тескерисинче материалдык, аскерий -техникалык  жактан жардам берүү аркылуу ал чек араларды дагы да бекемдөөгө, боордош элдер ортосунда адам өтө алгыс тоскоолдуктарды пайда кылууга аракет кылышат.

АКШнын Борбор Азия боюнча 2019-2025-жылдарга болжолдонгон стратегиясында чек аралар коопсуздугун камсыздоо үчүн 90 миллион доллардан ашык каражат бөлүп, кадрларды даярдоо боюнча 200дөн ашык иш-чараларды өткөрүү жана 2600дөн ашуун чек арачыларды машыгуудан өткөрүү белгиленген.

 Мындан тышкары, колонизаторлор бул мамлекеттерди куралдандыруу аркылуу өзүнүн аскерий таасирин күчөтүүгө жана мамлекеттерди аскерий колония кылууга аракет кылышат. Былтыркы чек ара жаңжалдарынан кийин, Садыр Жапаровдун июнь айындагы Анкарага сапарынын алкагында Түркия Кыргызстанга аскерий-техникалык жактан жардам бере турган болду. Кыргызстан Түркиядан учкучсуз башкарылуучу “Байрактар” учактарын сатып алды. Кыргызстан түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө болгону себептүү Америка Кыргызстанды Түркия аркылуу куралдандыруу менен аскерий жактан көз каранды кылууга аракет кылып жаткан болсо, экинчи жактан Тажикстанга өзү “Рума” үлгүсүндөгү учкучсуз башкарылуучу учактарды жеткирип бере турган болду. Вашингтон акыркы эки жылда Тажикстанга 60 миллион доллардык аскерий техника, курал-жарак жеткирип берди. Белгилүү болгондой, ушул кезге чейин Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарда Россиянын саясий жана аскерий колдоосуна таянып келген. А бирок, Россиянын азыркы абалы Тажикстанга мындан кийин да колдоо көрсөтө турган абалда эмес. Азыр Путиндин негизги көңүлү Украинага каратылган, ал үчүн кандай болбосун жеңишке жетүү маанилүү болуп турат. А бирок, АКШ Кыргызстанды Түркия аркылуу куралдандырып жатканы менен Кыргызстандын аскерий жактан Тажикстандан үстөм болушуна жол бербейт. Ошол себептен да АКШ Тажикстанды куралдандырып баруу менен эки мамлекет ортосунда аскерий тең салмактуулук пайда кылып, булардын өзүнө көз карандылыгын күчөтүп барууда…

 Демек, бул колонизаторлор – Россия болобу, Америка болобу айырмасыз – Орто Азиядагы республикалар ортосунда чек ара көйгөйлөрү жоюлушуна эч качан жол беришпейт. Эгер биз чындап эле ортобузда жасалма чек аралар жок болушун, эч кандай тоскоолдук жана көйгөйсүз эркин катташууну кааласак, алгач колонизатор кафирлер бизди бөлүп таштап башкаруу үчүн сиңирген сасык жана төмөн улутчулдук, мекенчилдик пикирлерин таштап, мусулмандар бир тууган деген пикирди кабыл алышыбыз керек. Андан соң ортобузга жасалма чек араларды белгилеп берген колонизатор кафирлерден жана алардын жергиликтүү малай акимдеринен кутулушубуз зарыл. Бул иш Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Ушундай болгон соң, биз мусулмандар бизди эки дүйнө бактысына алып баруучу Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылышыбыз керек.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here