Байден: Инфляция кабыл алынгыс деңгээлге жетти

187
0

Байден: Инфляция кабыл алынгыс деңгээлге жетти

АКШда инфляция бардык үй-бүлөлөргө кыйынчылык туудуруп жатат. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден билдирди. Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө инфляция кабыл алып болбой турган деңгээлде жогору болгондуктан, инфляцияны төмөндөтүү эң маанилүү экономикалык маселе болуп эсептелет.

“Апрель айында жылдык инфляциянын орточо болушу үмүт ойготуучу болсо да, бүгүнкү күндө инфляциянын кабыл алынгыс деңгээлде жогору экендиги акыйкат”, – деди Байден.

АКШ борбордук банкынын инфляцияга каршы күрөштөгү негизги ролуна ишара кылган Байден: “АКШ борбордук банкы ушуну эсепке алып, өз ишин кылат деп ишенемин”, – деп кошумчалады.

Байдендин айтымында, инфляция жана баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу глобалдык проблемалар коронавирус панедемиясы жана Россия президенти Владимир Путин тарабынан Украинада башталган согуш себептүү болууда. АКШ Эмгек департаменти бул инфляция 41 жылдан бери эң жогорку чегине жеткенин билдирди.

Комментарий: Глобалдык инфляция өсүп жатат. Бул инфляция капитализмдин кыйроосу жакындап келе жатканына ишара кылат. Себеби, дүйнөнүн биринчи мамлекети болгон Америка сыяктуу мамлекет ага каршы күрөштө алсыздык кылып жатканын далилдеди. Айрыкча, коронавирус кризиси капитализм хазаратынын айыптарын жана ал дүйнөгө өкүмдарлык кылууга жараксыз экендигин ачыктап коюшунун артынан бул жараян дагы да ылдамдаганы сезилди.

Бирок, Американын кыйроого жүздөнүп бара жатканы жаңылык эмес. Бүгүнкү күндө Американын социалдык, экономикалык жана аскердик тармакта о.э. билим берүү, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрө сыяктуу жергиликтүү тармактарда о.э. геосаясий маселелерде кризиске жүздөнгөнүн байкоо кыйын болбой калды. Президент Байден инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө АКШ кулап бара жатканын моюнга алып, аны мурунку абалына кайтаруу үчүн болгон күчүн жумшоого убада берген эле.

Көңүл бурууга арзый турган жери, Американын кулашы бир эле мамлекеттин эмес, балким бүтүндөй хазараттын кулашын түшүндүрөт. АКШ куласа, анын артынан бардык батыш мамлекеттери кулайт. Мисалы, Еврозонада жылдык энергия баасынын өсүшү себептүү инфляция апрель айында 7,5 %га т.а. эң жогорку рекорддук деңгээлге жетти. Акыркы 25 жылдын ичинде эң жогорку деңгээлге чыккан инфляция Францияда 5,4%, Испанияда 8,3%, Италияда 6,6%, Канадада 6,7​​%, Германияда 7,4%, Белгияда 9,3%, Грецияда 9,4%, Словакияда10,9 %, Нидерландда11,2 %, Латвияда13,2 %, Литвада16,6 % жана Эстонияда 19% га жетти.

Чехия статистикалык башкармалыгы апрель айындагы инфляция боюнча жарыялаган маалыматтарга ылайык, Чехиядагы энергия жана азык-түлүк баалары көтөрүлүшү себептүү жылдык инфляция 1993-жылдан бери эң жогорку деңгээлге чыкты. Данияда энергия жана азык-түлүктүн баалары көтөрүлүшү себептүү жылдык инфляция 1984-жылдан бери эң жогорку деңгээлге чыкты.

Ошондуктан, дүйнөлүк чоң өзгөрүүлөр болору о.э. бүгүнкү мамлекеттердин саясий курамы бузулары күтүлүүдө. Муну вакиъге байкоо салып турган киши ыктымалдан алыс деп эсептебейт. Мындай иштер тарыхта көп болгон. Буга мурдагы СССР мамлекетинин кулашын мисал келтирсек болот. Кудум ушундай эле Америка башчылыгындагы Батыш кулап бара жатканы бүт дүйнөгө белгилүү болуп калды. Бирок, бул нерсе кол куушуруп кулашын күтүп отура турган маселе эмес. Себеби, бир хазараттын кулашы, анын каршысына башка бир хазараттын чыгышын талап кылат. Капитплизм хазаратынын каршысында Ислам хазаратынан башкасы жок. Демек, бул мусулмандардан белди бекем бууп, кулап бара жаткан Батыш хазараты урандылары үстүнө Ислам хазаратын алып чыгуу үчүн олуттуу аракет кылууну талап кылат.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here