Жогорку Кеңеш казино боюнча мыйзамды биринчи окууда кабыл алды

216
0

Жогорку Кеңеш казино боюнча мыйзамды биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеген кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Өкмөт мыйзам долбоорун март айында демилгелеп, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштаган. Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маектеринде мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен.

“Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” деп аталган мыйзам долбоорунун максаты инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү экени шылтоо кылынууда.

Буга чейин айрым депутаттар Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Казино боюнча мыйзам долбоору капиталисттердин кызыкчылыгын көздөп сунушталып жаткандыктан, бийлик аны алга сүрөп жатат. 2012-жылы Кыргызстанда 100 миңдеген адамдын колу менен демилгеленип, кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө, ал эми тотализатор менен букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. Буга карабай көпчүлүк кумарканалар жашыруун же башка аталыштар менен иштеп келген.

Учурда жетекчи топтун кайрадан аны ачуу аракети, сол чөнтөккө топтолгон каражаттарды казинолор аркылуу жууп чыгарууну көздөп жатканын түшүндүрөт. Анткени, кумарканалардын қоррупция жана экономикалык кылмышкерлерге карата мааниси өтө чоң. Ал жерлерде корупциялашкан мамлекеттик кызматкерлердин арамдан тапкан акчалары жуулат. Бүт дүйнөдө кумарканалардын негизги кирешеси, ушуга окшогон ыплас иштерди аткарып берүү менен өнүгүп барат. Демек, кумаркана мамлекеттик кызматкерлер үчүн коррупция иштерин өнүктүрүүдө өтө маанилүү тармак болуп эсептелет.

Баарынан маанилүүсү, кумар оюндары Аллах Таала арам кылган амалдардан. Мааида сүрөсүндө мындай делет: “Эй момундар, арак (мас кыла турган ичкилик ичүү), кумар (ойноо), буттар (аларга сыйынуу) жана таякчалар (башкача айтканда таякчалар менен төлгө ачуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, (тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула!”. (Мааида, 90-аят).

Андыктан, ар бир мусулман адам кайсы бир ишке кадам коёрдо анын шаръий өкүмүн билиши парз. Ал эми, президент баш болуп, айрым депутаттар төш болуп айтып жаткан “пайдалар” кумарды арамдыктан чыгарып коё албайт. Исламий мамлекетте кумар менен алектенген адамдар таъзир жазасына тартылат. Анткени, башкалар бул жазаны көрүп, ошол кылмышты кылуудан тыйылышы максат кылынат. Мындан сырткары, кимде-ким кумар жолу менен пайда тапса, ал анын мүлкү болуп эсептелбейт, ошондуктан, ээсине кайтарылат. Ээси белгисиз болсо, Байтулмалга коюлат.

Демек, мусулмандар бул кылмыштуу аракетке болгон мүмкүнчүлүгү менен каршы туруусу керек. Расул алайхис салату вассалам мындай деген: «Албетте, Аллах Азза ва Жалла жеке адамдын амалы себептүү элди азаптабайт. Качан алар өз араларында мункарды көрүп туруп, аны четке кагууга кудуреттүү болуп туруп четке кагышпаса, мына ошондо Аллах жеке адамды да, элди да азаптайт».

Эй мусулмандар! Бийликтегилер акыретин дүнүйөгө алмаштырып жатканын көрүүдөсүңөр. Арамга жол ачуу менен ачык күнөө кылууга батынышууда. Эми качанга чейин аларды “кудай” кылып жүрөсүңөр? Алардын алсыз акылынан чыккан бузук мыйзамдарына качанга чейин моюн сунасыңар?

Адий ибн Хотим р.а айтат: «Мен Набий с.а.в алдына келгенимде ал киши «Бароат» сүрөсүндөгү мына бул аятты окуду: «Алар Алланы коюп өздөрүнүн даанышмандарын жана рохибдерин кудайлар деп билишти». [9:31] Жана ал зат мындай деди: «Адамдар аларга ибадат кылышпаган, бирок, алар эмнени адал дешкен болсо ошол нерсени адал эсептешкен. Эмнени арам дешкен болсо, ушул нерсени арам эсептешкен».

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here