Кумтөр боюнча эки айдан кийин маалымат берилет

49
0

Кумтөр боюнча эки айдан кийин маалымат берилет

 Кабар: “Кумтөр” алтын кениндеги соңку бир жыл ичиндеги ишмердүүлүк боюнча маалымат жалпы элге эки айдан кийин берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

 Жапаров социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына Эсеп палатасына “Кумтөрдүн” бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасы берилгенин жазып, “Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет” деди.

 Белгилүү болгондой, Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган.

 Садыр Жапаров 4-апрелде элге кайрылуу жасап, “Центера менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын, Кыргызстан андагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартарын жарыялаган жана мындан ары “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин билдирген.

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 21-мартта “Тышкы башкаруу киргизилгенде Кумтөрдүн эсебинде болгону 48 миң доллар болсо, жылдын аягында 220 миллион доллар таза киреше менен чыкты” деп билдирген.

 Комментарий: “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу Садыр Жапаров президенттикке келгенге чейин да, президент болуп шайлангандан кийин да көтөрүп келген эң негизги темалардын бири болуп келди. Буга чейин Кумтөр алтын кенинен канадалык компания гана пайда көрүп келди. Былтыр 17-майда Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча маселени кароо үчүн кезексиз жыйын өткөрүп анда “Кумтөр Голд” компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия даярдаган фильм көрсөтүлгөн. Ал фильмде “Кумтөр” алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, “Центерра” 11,5 миллиард доллар пайда көргөнү айтылган. Эгер Кыргызстан бийлиги алтын кенин чет элдик компанияга кош колдоп тапшырып койбостон, кетмен-күрөк менен казып алганда да мындан көбүрөөк пайда көрмөк.

“Центерра” Кумтөр кенине жумшаган чыгымын алда качан эле 10 эселеп кайтарып алган. Ал азыр кыргыз бийлигин “силерге каршы эч кандай дообуз жок, сотсуз эле өзүбүз келишип алабыз” деп алдап, кенди таштап чыгып кетсе да эч нерсе жоготпойт. Кыргызстан калкы үчүн болсо кайра калыбына келтире алгыс таасирлерди калтырып кетет. Азыр Жапаров иш сотко чейин барбастан, өз ара келишүү менен кен өзүбүзгө калды деп жатат. А бирок, ушуга чейин дээрлик жок кылынган Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн кайрадан калыбына келтирүү мүмкүн эмес. О.э. кенди иштетүүдө топтолгон уулуу калдыктардын табиятка жеткирген зыянын калыбына келтирүү да мүмкүн эмес.

 Былтыр 10-майда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту “Кумтөр” алтын кени Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндөгү таштанды сакталуучу жерлерди мыйзамсыз деп тапкан. Октябрь райондук соту канадалык компанияны Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

 Демек, кыргыз бийлиги Канада компаниясы менен макулдашып, доо-арыздан баш тартуу аркылуу Октябрь райондук соту милдеттендирген төлөмдөрдөн да баш тартууда. Жапаров бул келишимди кудум жеңиш катары көтөрүп чыгып жатканы менен, негизи бул жеңилүү жана элдин көзүн боёо гана. Кыргызстан калкы ушуга чейин “Кумтөр”дүн пайдасын көргөн жок. Себеби үстүбүздө капиталисттик түзүм тургандыктан, мындан кийин да пайда көрбөшүбүз анык.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here