Кыргыз-өзбек чек арасында үч кыргызстандык каза болду

189
0

Кыргыз-өзбек чек арасында үч кыргызстандык каза болду

 Кабар: Кыргыз-өзбек чек арасында коңшу өлкөнүн аскерлери ок чыгарып, Кыргызстандын үч жараны каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

 Маалыматка ылайык, 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары кыргыз жарандарына карата курал колдонушкан.

 Өлгөндөрдүн бардыгы бир үй-бүлө мүчөлөрү болуп, 1974-жылы төрөлгөн атасы менен 1998 жана 2000-жылдары төрөлгөн уулдары болгон.

 Чек арачылардын огунан уулдары менен кошо каза тапкан кишинин эжеси Малика Ахмаджанованын айтымында,  иниси алты ай мурда эки уулун чогуу үйлөнткөн.

 Ала-Бука чек ара отрядынын командири Нурлан Эралиев окуя боюнча тууралуу билдиүү берип: “Окуя болгон жер Кыргызстандын аймагы. Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип атканы боюнча тергөө жүрүп жатат. Сүйлөшүү уланууда. Өлгөн жарандар дагы аткезчилик менен алектенген болушу мүмкүн”, – деди.

Окуя катталгандан кийин чоо-жайын тактоо максатында Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөргөн. Анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен жолугушууну 2022-жылдын 6-майында улантууну макулдашкан.

 Комментарий: Алгач, Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтан өзбек чек арачыларынын огунан каза болгон мекендештерибизди Өз рахматына алып, күнөөлөрүн кечиришин сурайбыз. Алардын артында калган жакындарына терең кайгыруу менен таъзия билдирип, көркөм сабыр тилейбиз.

Колонизатор кафирлер тарабынан ортобузга тартылган жасалма чек араларда канчалаган жарандар өлүп жатат. Буга чейин, 5-апрелде да кыргызстандык бир тууган ага-ини да өзбек чек арачыларынын огунан өлгөн эле. Ал окуяда да өлгөндөр контрабанда менен алектенгени айтылган.

Айылдарда жумушсуздук дңгээли жогору экендиги баарыбызга белгилүү. Өкмөт  айылда эле эмес, шаарларда да жарандарды жумуш менен камсыздай албай жатат. Натыйжада көпчүлүк адамдар акча табуу үчүн жумуш издеп чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө мажбур болушууда. Мына ушундай абалда чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүгү же шарты болбогон, чек ара аймагында жашаган жарандар чек арадан жүк өткөрүүгө мажбур болушу табигый көрүнүш. Негизи адамдардын чек арадан “мыйзамсыз” жүк өткөрүшүнө да өкмөт айыптуу. Себеби, чек арадагы ашыкча текшерүүлөр, коррупция жана бажы алымдарынын көптүгү адамдарды айланма жолдорду издөөгө мажбур кылат. Эми беш-алты сом табуу үмүтүндө ушул ишти кылгандар болсо чек арачылардын огунан өлүп жатат.

 Мындан тышкары, колонизатор кафирлер ортобузга жасалма чек араларды тартуу менен эле чектелбестен, аң-сезимибизди улутчулдук жана мекенчилдик сыяктуу бузук пикирлер менен уулап коюшту. Натыйжада кошуна жана диндеш болгон калктын өкүлдөрү өздөрүнүн бир Үммөт өкүлдөрү экендигин унутушуп, жер жана суу талашып бири-биринин канын төккөнгө чейин барышууда. Жыл сайын чек араларда ондогон бейкүнөө адамдар өлүп жатат. Президенттер болсо чек ара проблемалары чечилип жатканын, делимитация жана демаркациялоо иштери аяктап жатканын, кошуна мамлекеттер менен баланча пайыз чек ара тилкеси такталганын айтып мактануудан бошобой жатышат.

 Негизи, чек ара проблемалары аны тактоо, ортого тикендүү зым тартып, бекемдөө менен чечилип калбайт. Аны чечүүнүн бирден-бир жолу – бир Үммөт өкүлү болгон мусулмандар ортосундагы жасалма чек араларды алып салуудан жана колонизатор кафирлер зээнибизге сиңирип койгон улутчулдук жана мекенчилдик түшүнүктөрүнөн кутулуудан турат. Эгер ушул жолдо аракет кылбасак, мындай жаңжалдардын жана курмандыктарды берүүнүн аягы үзүлбөйт.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here