Баалар көтөрүлүшү жөнүндө фейк кабар тараткандар жазаланат

167
0

Баалар көтөрүлүшү жөнүндө фейк кабар тараткандар жазаланат

  Кабар: Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү каражаттардын кымбатташы боюнча жалган маалымат тараткан адамдарды аныктоо жана мыйзам чегинде жоопко тартуу боюнча тапшырма берди.

Министр бул нерсе  мамлекеттин экономикалык деңгээлин сактап калуу жана туруктуулугун камсыздоо үчүн зарыл деп эсептейт. Бул маселени ар бир жетекчи көзөмөлгө алышы керектиги жөнүндө тапшырма берилген.

Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик органдары, айыл башчылар, айыл өкмөттөр, акимдер, президенттин аймактардагы өкүлдөрү менен бирге коопсуздук иш мерчемдерин бекитип, азык-түлүктүн баасын жасалма көтөрүүгө жана чек аралардан сыртка азык-түлүк товарларын, дыйканчылыкта керектелүүчү каражаттарды ташып кетүүгө тыюу салынышы керектигин о.э. аткезчилик жолу менен мыйзамсыз ташууларга, айрым адамдардын экономикалык каатчылыкты пайдаланып мыйзамсыз байып кетүүсүнө жол бербөө иштери жүргүзүү керектигин белгиледи.

 “Азыркы учурда кабатыр болууга эч кандай негиз жок экендиги айтылсын. Кампаларда жана тиешелүү каражаттарды сактоочу жайларда азык-түлүк, тамак-аш, ошону менен бирге дыйканчылык продукциялары жетиштүү деңгээлде экендиги боюнча эл менен жолугушуу мезгилинде кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн”, – деди Улан Ниязбеков.

 Комментарий: Акыркы айларда Кыргызстанда азык-түлүк продукцияларынын баасы кескин кымбаттады. Ундун, өсүмдүк майынын, кумшекердин, кийинчерээк башка продукциялардын баалары кескин көтөрүлүшү элдин арасында дүрбөлөң пайда кылды. Расмий өкмөт бул абалды “негизги соода-өнөктөшүбүз болгон мамлекеттердеги кырдаал” менен актоого аракет кылды. “Өнөктөш мамлекеттердин” валютасы кескин кунсузданып кетиши улуттук валютага да таасирин тийгизди. Сом да рублдин артынан кунун жоготуп, 1  АКШ доллары 100 сомдон ашып кетти. Товарын доллардын курсуна карап сатуучу “ишкерлер” да бааны көтөрүштү. Натыйжада азык-түлүк продукцияларынын баасы да көтөрүлдү. 24-февралга чейин бир мүшөгү (50 кг) 1700-1800 сом болгон Казакстандын уну 2200 сомдон ашкан болсо, бир литри 140-150 сом болгон өсүмдүк майы 200 сомго чыкты, кумшекер болсо 100 сомго жетти. Арадан убакыт өтүп, доллардын курсу төмөндөп, ал тургай 24-февралга чейинки курстан да төмөн түшкөнүнө карабастан азык-түлүк продукцияларынын баасы түшпөдү.

 Бул орунда расмий өкмөт ар бир тармакта, анын ичинде, азык-түлүк продукцияларын монополия кылып алган “ишкерлерге” каршы күрөшүүнүн, жаңы өнөктөштөрдү табуунун жана мамлекетте таңкыс болгон продукцияларды алып келүүнүн ордуна, баалардын көтөрүлүшүнө болгон нааразылыкты бастырып, адамдарды коркутууга аракет кылууда. Тим эле Кыргызстанда баа көтөрүлбөстөн баары сонун болуп тургандай. Өкмөт адамдардын “оозун жабуу” менен өзү түшүп калган экономикалык кырдаалды жашырмакчы болуп жатабы же коркутуу жолу менен адамдардын бийликке карата күчөп бара жаткан нааразылыгын бастыруга аракет кылып жатабы?

Негизи мындай абалда сунуш жана талап ортосундагы тең салмактуулукту калыбына келтирүү зарыл. Ислам дини баалар ашыкча көтөрүлүп кетишинин алдын алуу жаатында эң туура чечимдерди берген. Ал үчүн алгач эч бир тармак монополия кылып алынышына жол берилбейт. Өлкөнүн ички мүмкүнчүлүктөрүнөн туура пайдаланып, айыл-чарба продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн кеңири шарттарды түзүп бериши керек. Фабрика жана заводдорду ачууга, аларды сырьё менен жетиштүү деңгээлде камсыздоого олуттуу көңүл бурулат. Эгер ушундан кийин да таңкыстык жүз берип, баалар түшпөсө чет өлкөдөн продукция алып келүү менен таңкыстыкты жоюуга аракет кылынат. Андай абалда “негизги соода-өнөктөштөрдүн” каш-кабагына карап отурууга болбойт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here