Сириялыктарды мекенине кайтаруу долбоору

89
0

Сириялыктарды мекенине кайтаруу долбоору

Сирияда жүз берген кооптуу кырдаал себептүү Түркиядан баш баанек тапкан бир миллион сириялыкты мекенине кайтаруу боюнча долбоор даярдалып жатат. Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Идлибде курулган брикет үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу салтанаты учурундагы видеокайрылуусунда айтты.

Эрдоган: “…Азыр өлкөбүздө мейман болуп турган бир миллион сириялык боордошторубуздун ыктыярдуу түрдө кайтышын камсыздоочу долбоорду даярдап жатабыз. Биз бул долбоорду жергиликтүү жана эл аралык бейөкмөт уюмдар жардамында ишке ашырабыз”, “Бул долбоор үй-жайдан баштап күнүмдүк жашоонун бардык муктаждыктарына, мектеп жана оорукана, айыл чарбасынан өнөр жайга чейин өзүн өзү камсыздай турган экономикалык инфраструктурага ээ болот. Сириянын башка аймактары коопсуз абалга келген соң, биз ал жерде да ушул сыяктуу иштерди кылабыз жана ыктыярдуу түрдө кайтуу үчүн шарт түзүүгө аракет кылабыз деп үмүттөнөм”, – деди.

Комментарий: Сирия калкы баш баанек тапкан өлкөлөрдүн эң абзели Түркия болду. Эч бир калк сириялыктарга түркиялыктардай жардам бере албады. Муну сириялыктардын өздөрү да айтып жүрүшөт. Ислам акыйдасы менен сугарылган түрк калкы мазлум Сирия калкына кайрымдуулугун жетиштүү деңгээлде көрсөттү.

А бирок мамлекет жагынан карай турган болсок, Түркия өкмөтү мигранттар маселесине Исламий көз караштан эмес, балким саясий жана экономикалык чекиттен туруп карайт. Себеби, капитализм негизине курулган мамлекет башка калктар  тургай, өз калкына да бекерге жакшылык кылбайт, тескерисинче элден мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдаланууга аракет кылат. Түркияда эле эмес, бардык капиталисттик мамлекеттерде абал ушундай.

Илманийликке негизделген Түркия өкмөтүнүн назарында: “Сириялык мигранттар да Ислам динин карманышат. Ошондуктан, алар Ислам өлкөлөрүнүн ар биринде, анын ичинде Түркияда да кеңири жашоого укуктуу. Бул өлкөлөр алардын да өлкөсү болуп эсептелет. Батыш мусулман өлкөлөрү ортосунда сызып койгон чек аралардын кыпындай да мааниси жок”, – деген Исламий түшүнүктөргө орун жок. Ошондуктан, Түркия өкмөтү ушул кезге чейин мигранттар маселесине Исламий же инсаний көз менен эмес, саясий жана экономикалык көз менен карап келет.

Экономикалык жагы төмөнкүдөй, башаламандык себептүү Сириядан чыгып кеткен калк Европага барбашы үчүн Европа мамлекеттери Түркияга ири өлчөмдө каражат бөлдү. Мунун акысына Түркия качкындар үчүн Европага чыгуу жолдорун жаап коюуну моюнга алды. Европа акчанын бир бөлүгүн кечиктирген кезде Түркия өкмөтү “качкындарга Европа чек арасын кеңири ачып коёбуз” деп коркутушунун себеби да ушунда эле.

Саясий жагы мындай, Сирия маселеси эл аралык маселе болуп, бул маселенин негизги тизгини Американын колунда. Иран, Саудия, жана Россия мамлекеттери сыяктуу эле Түркия да Сирия маселесинде АКШнын көрсөтмөсү менен аракет кылып келет. Сирия майданында сириялыктар үстүнөн, аныгыраагы мусулмандар үстүнөн ойнолуп жаткан оюн региондогу мамлекеттер менен эле чектелип калган эмес, тескерисинче дүйнөдөгү чоң-кичине бардык мамлекеттердин ал жерде салымы бар. Бул нерсе, Түркия жүргүзүп жаткан саясат – эл аралык майданда Сирия маселесиндеги чечимдин бир бөлүгү экендигин түшүндүрөт.

Өткөн айда президент Эрдоган элчилерге уюштурулган ооз ачар дасторкону үстүндө “Сириялык боордошторубуз өз ыктыяры менен мекенине кайтышы үчүн колубуздан келген ишти кылып жатабыз” деген эле. Бүгүн болсо бир миллион сириялык мекенине кайтышы жөнүндө айтылууда. Бул саясат артынан, ушул кезге чейин мамлекеттик трибуналардан “жырткыч, канкор” деп сыпатталып келген Асад режими менен акырындап мамилелерди калыбына келтирүү үчүн кадамдар таштала башташы мүмкүн.

Кыскасы, сириялыктарды мекенине кайтаруу аракети Сирия маселеси жаңы баскычка өтүп жатканына жана Түркия өкмөтү бул жаатта акырындап саясий багытын өзгөртүп жатканына ишара кылат. А бирок, өз калкын жырткычтык менен кыргын кылуудан кайра тартпаган канкор Асад режими бийликте турганда, Сирияга кайтарылган качкындардын тагдыры жаман болору анык. Сирия разведкасынын башчысы интернет тармагында тараган видео кайрылуусунда: “Сириядан чыгып кеткен качкындар, силер баары бир бул жерге кайтып келесиңер. Мына ошондо айрымдарыңарды өлтүрөбүз, кээ бирлериңерди камакка алабыз, башкаларыңар болсо башын ийип, бизге моюн сунушат”, – деген эле. Мындай абалда ар түрдүү үгүттөр менен качкындарды Сирияга кайтарып жиберүү камкордук болуп эсептелбейт.

Кияёмуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here