Бийликтин айттык “белеги”

330
0

Бийликтин айттык “белеги”

Массалык маалымат каражаттарында Жалалабад облусунун Аксы районунда исламий саясий Хизб ут-Тахрир партиясынын мүчөлөрү кармалганы тууралуу маалыматтар кабарланды. Бул тууралуу ММКларга УКМК билдирген.

Маалымат каражаттарында мындай делет: Атайын кызмат 12 киши 1-май күнү Кербен шаарында кезектеги жыйынга чогулганда кармалып, тергөө абагына киргизилгенин билдирди. Колго түшкөндөрдүн төртөө уюмдун лидерлери, сегизи активдүү мүчөсү экени айтылды. УКМК аларды диний сабактарды өткөрүп, интернет аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саноодо.

Учурдан пайдаланып, ушул кабардагы айрым контексттерге назарыңыздарды бурмакчыбыз:

– Кабарда: “УКМК аларды диний сабактарды өткөргөн деп шек саноодо” делет.

Демек, бул бийлик жана анын жүгүртөк органы болуп калган УКМК үчүн диний сабактарды өтүү кылмыш эсептелет экен да…

– Дагы кабарда: “…интернет аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саноодо” деп келет.

Маалым болгондой, дүйнөлүк кафир державалар нукура Исламга жана калыс мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн “экстремизм жомогун” ойлоп табышкан. Демек, бул окуя азыркы бийликтин да – мурунку өтмүшдөштөрүндөй эле – кафир кожоюндарына малайлык кылып, Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүү багытын алганын түшүндүрөт. Эске сала кетсек, буга чейин кабыл алынган жаңы диний концепцияда мамлекеттин “светскийлигин” ашырууга өзгөчө катуу басым жасалган эле. Белгилүү болгондой, светтик мамлекет дегени – бул динди турмуштан, мамлекеттен, саясаттан ажыраткан, демократия маскасын жамынган капиталисттик түзүмдөгү мамлекет дегени.

Эми окуянын жеринен алынган кабар менен тааныштырсак, ал мындайча болгон. 1-май күнү кечинде 11 жигит бир жайда айтты майрамдап олтурушкан. Саат 22-23 аралыгында УКМК кызматкерлери алардын үстүнө бастырып киришкен. Ушул эле убакта башка бир жүгүртөктөр дагы бир жигитибиздин үйүнө барышкан. Натыйжада жигиттердин бардыгын өкүмзордук көрсөтүшүп алып кетишкен. УКМКчылар жигиттерибизди алып кетмекчи болуп жатышканда, үй ээсиинин ата-энеси жана аялы алардын алып кетүүсүнө каршы болушкан. Ошондо УКМК кызматкерлери бул үй-бүлө мүчөлөрүн акаараттап, ал тургай, кол көтөрүп, жигитти машинага күч менен олтургузушкан. Мындан кабар тапкан колу-коңшулар келип, 50-60 чакты адам машинанын алдын тороп, бул зордукчулдарга каршылык көрсөтүшкөн. Ошондо УКМК жүгуртөктөрү аларды да катуу акаараттап, аларды да камак менен коркутуп-үркүтүп, акыры жигитибизди алып кетишкен. Мына ушинтип, ушул мубарак Орозо Айт күнү биздин бийликтин өз мусулман калкына карата кылган “белеги” ушундай болду! Бул эле эмес, дагы бир окуя бул бийликтин мунафыктык кылып жатканын айгинелеп койду. Тактап айтканда, жылдагыдай эле орозо календарында “Айдын көрүнүшүнө карап Орозо айт күнү бир күн мурун болуп калышы мүмкүн” деп жазылышына карабастан, бул жылы да Айт күнү отуз күнгө ылайыкталып алдын ала белгилеп коюлду. Бирок, Аллахтын каалоосу менен, Рамазан айы 29унан жаңырып, айттын алгачкы күнү мамлекет белгилегенден бир күн мурун кирип келди. Ошентип, мамлекеттин катасы себептүү, ваажиб болгон Айт намазы өз убагында өтөлбөй калды. Ал эми, намазды өз убагында өтөө болсо, бул намаздын шарттарынын бири болуп саналат эле. Муну менен болсо, бийлик шаръий өкүмдү аткаруу үчун эмес, фитна-адаштыруу менен болсо да элдин көңүлүн алуу үчун айт намазына катышканы ачыкталып калды. О.э. бийлик муну менен кафир кожоюндарына кызмат кылып жатышканын да көрсөтүп койду. Анткени, империалист кафирлер бүткүл мусулмандардын бир күндө айтты белгилешине түрдүү фитналар менен каршы туруп келишет. Себеби, бул нерсе бүткүл дүйнө мусулмандары биримдигинин бир көрүнүшү болуп саналат жана бул биримдик бүткүл дүйнолүк империалисттик системага коркунуч туудурат.

Ошентип, мамлекет айтты туура белгилөөнүн ордуна, айтты туура белгилөөгө катышкан мусулмандарды камап, алардын социалдык тармактарда адамдарды туура айт менен кабардар кылууларын “экстремисттик материал” эсептеп олтурат.

Бул мамлекеттик бийликтин Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшү дайымкыдай эле эки максатта алып барылууда. Биринчиси, өз бийликтерин сактап калууда дин душмандары болгон кафир кожоюндарынын колдоосун алуу. Экинчиси, өздөрүнүн жаман башкаруусунан элди алаксытып, эл нааразылыгын “экстремизмге” буруу. Бирок, бийликтин бул эки максаты тең ишке ашпайт. Анткени, бул бийликке кожоюндук кылып жатышкан Россия, АКШ баштаган Батыш жана Кытай державаларынын бул өлкөгө карата карама-каршылыктуу өз кызыкчылыктары бар. Бийлик алардын кызыкчылыктарын эч качан шайкеш келтире албайт, ошондуктан, кожоюндары буларга эч качан ыраазы болушпайт жана кызматка жарабай калган күнү түкурүп ташташат. Буга чейин да, мындай “түкүрүк” бийликтердин далайын көрдүк. О.э. бийлик элдин нааразылыгын да динге каршы күрөшкө буруп жибере албайт. Анткени, мамлекет ар дайым эле “элдин койнун кулку жаңгакка толтуруп” жүрө албайт жана тезде эле эл бийликтин жалган убадаларынан тажайт. Мындан сырткары, калкыбыздын ал ансайын өз динине талпынып жатканы бийликтин мындай фитналарын улам жокко чыгарып бара берет.

Ошондуктан, бийлик Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүүсун токтотуп, өздөрү кайра өз Исламына жүздөнүүлөрү керек. Болбосо, бул кылмыштары үчүн Аллахтын алдында жана пенделеринин алдында да жоопкер болушат. Бул дүйнөдө пенделер алдында жооп берип калары жакын, инша Аллах, ахыреттеги азаптары болсо бу дүйнөдөгү жазаларынан да катуу болот.

Эй бийлик ээлери, биз силерди мына ушундан эскертебиз! Расулуллах A мындай деген:

«مَا مِنْ وَالٍ يَلِي رَعِيَّةً مِنْ الْمُسْلِمِينَ فَيَمُوتُ وَهُوَ غَاشٌّ لَهُمْ إِلَّا حَرَّمَ اللَّهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ»

«Аллах мусулмандарды башкарып, аларды алдаган абалда өлгөн ар кандай жетекчиге бейишти арам кылат» (Имам Бухарий риваяты).

Эй мусулман калк, силердин ишиңер болсо төмөнкүлөрдөн турат:

Расулуллах A айтты:

«Залим болсо да, мазлум болсо да боордошуңа жардам бер», деди. Я  Расулуллах, мазлумга албетте жардам беребиз, бирок, залимге кантип жардам беришибиз мүмкүн деп сурашканда, ал зат айтты:

«Колунан кармап токтотуп каласыңар» (Имам Бухарий риваяты).

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here