Аманат жана ыйман

270
0

(Өзгөртүү Исламий мамлекет үчүн мукаррар китебинен)

 Аманат жана ыйман

Ыймандын алсыздыгы аманатты жеткирүүдөн өзүн четке тартуунун эң кооптуу аамили болуп эсептелет:

Мына ушул тарыйкатты кармануудан жана аманат жеткирүүдөн тосо турган тоскоолдуктардын бири о.э. тайылуу жана бурулууну актай турган себептердин бири, албетте ыймандын алсыздыгы. Ыймандын алсыздыгы дилди кирдетет, аны кесел кылат. Ыймандын алсыздыгы жүрөктүн тынчтыгын жоготот. Натыйжада мындай жүрөк каалоого жана залалатка ээрчип кетет, Аллах сактасын.

“Бардык иштер Аллахтын колунда. Тирилте турган да, өлтүрө турган да Аллах Таала. Аллах каалаган пендесине ырыскыны кең кылып берет, каалаганына өлчөө менен берет. Жалгыз Аллах Таала гана пайда жана зыян жеткирүүгө кудуреттүү. Анын Өзү гана азиз кылуучу жана кор кылуучу. Нусрат Аллах тарабынан гана келет ”:

مَاأَصَابَمِنمُّصِيبَةٍفِيالْأَرْضِوَلَافِيأَنفُسِكُمْإِلَّافِيكِتَابٍمِّنقَبْلِأَننَّبْرَأَهَاۚإِنَّذَٰلِكَعَلَىاللَّهِيَسِيرٌ (22) لِّكَيْلَاتَأْسَوْاعَلَىٰمَافَاتَكُمْوَلَاتَفْرَحُوابِمَاآتَاكُمْۗ

Жерге да жана өзүңөргө да эч бир кырсык оор күн жетпес, бирок (жетсе) Биз аны пайда кылышыбыздан илгери Китепте (Лавхул-Махфузда жазылган) болот. Албетте, бул Аллага оңой. Тээ силер колуңардан кеткен нерсеге кайгырбагыла жана (Алла) тартуу эткен нерсе менен шаттанып (жеңилденип) кетпегиле”. [57:22-23].

Ыймандын алсыздыгы мына ушул ыйманды куру сөздөргө айландырып коёт. Бул сөздөрдү тил кайра-кайра кайталай берет. Бул сөздөр минбарларда жана сабактарда кайра-кайра айтыла берет. Бирок, башка кыйынчылык же мусибат түшкөндө, сыноо келгенде бул сөздөр амалда таптакыр көрүнбөйт.

Мына булардын бардыгын оозеки талкууларга, (акыйкаттарда эмес) сыпаттардагы талаш-тартыштарга жана муташабих (түшүнүү кыйын болгон) аяттарды изилдөөгө айландырып коюу – бул дилинде кири болгон кишилердин иши. Негизи, булар амалдардагы ыйманий мавкифтерде (позиция) көрүнө турган эң туура, чыныгы түшүнүктөр болуп эсептелет. Бул түшүнүктөр Аллах улуу, Аллах кудуреттүү, Ал ыйман келтирген кишилер менен бирге деген ыймандын бардыгына далалат кылат. Ошондуктан, өздөрүнчө акыйданы көрүп чыга тургандар, акыйданын маанилерине шарх берип, ыйманий, акыйдавий түшүнүктөрдү логикалык жана ыйманды суздаштыра турган такфирий (башкаларды кафирге чыгаруу) талкууларга айландырып койгондор, балээ-мусибат түшкөн маалда, балким, балээ түшпөй туруп сынып кетишет. Ошондуктан, бул калималарды тил сүйлөп жаткан болсо да, бул калималар жүрөккө орношуп калган болсо да, бирок бул калималарды амал тастыктабайт. Китептерде келет:

“Aлбетте, ыйман – бул жүрөккө орношкон жана амал аны тастыктаган нерсе”. Ошондуктан, заманыбыздагы ушул манхаж жетекчилерин көрүп жатканыбыздай, алар султандардын минбарларына жабышып алышат, өкүмдар жана кожоюндарын ыраазы кыла турган, Аллахтын каарын келтире турган фатваларды чыгарышат, куфр режимдеринин талабына ылайык жана алардын артынан инсан жана жин-шайтандардын талаптарына ылайык өз мавкифтерин өзгөртүп турушат. Мына ошентип, алар мусулмандарды адаштырышат. Куфр жана анын салтанатын түп-тамыры менен сууруп таштоого алып бара турган туура иштерден мусулмандарды чалгытышат. Аллах айтат:

هُوَالَّذِيأَنزَلَعَلَيْكَالْكِتَابَمِنْهُآيَاتٌمُّحْكَمَاتٌهُنَّأُمُّالْكِتَابِوَأُخَرُمُتَشَابِهَاتٌۖفَأَمَّاالَّذِينَفِيقُلُوبِهِمْزَيْغٌفَيَتَّبِعُونَمَاتَشَابَهَمِنْهُابْتِغَاءَالْفِتْنَةِوَابْتِغَاءَتَأْوِيلِهِۗوَمَايَعْلَمُتَأْوِيلَهُإِلَّااللَّهُۗوَالرَّاسِخُونَفِيالْعِلْمِيَقُولُونَآمَنَّابِهِكُلٌّمِّنْعِندِرَبِّنَاۗوَمَايَذَّكَّرُإِلَّاأُولُوالْأَلْبَابِ

Ал сага Китеп (Куран) түшүргөн Зат, ал (Китептен) ошол Китептин негизги маңызы болгон мухкам (ачык, айкын) аяттар да жана башка (Кыямат, бейиш, тозок жана ушулар сыяктуу нерселер жөнүндөгү) муташабих-түшүнүү кыйын болгон аяттар да (орун алган). Эми дилдеринде (Туура Жолдон) адашуу бар болгон кимселер (башка) адамдарды алдап фитна-бузукулукка салуу жана өз көңүлдөрү каалаган нерселерине ылайык бурмалоо үчүн Анын муташабих (түшүнүү кыйын болгон) аяттарынын аркасынан түшүшөт. Акыйкатта болсо андай аяттардын таавилин (маани-маңызын) Жалгыз Алла гана билет.Илимде бекем-күчтүү адамдар болсо: «Ал Китепке «ыйман келтиргенбиз. Бардык аяттары Раббибиздин даргөйүнөн түшкөн» дешет. (Мындан) акыл ээлери гана насыят алышат. [3:7]

Ошондуктан, эгер бекемдик балээге сабыр кылууну, напис-каалоого каршы чыгууну, мансаптарды, минбарларды жана айбандык каалоолорду курмандыкка чалууну талап кылса, бул жолду тандаган кишилердин акыйкат сөз жана акыйкат иш үстүндө бекемдик менен тура албашына таң калбаса да болот.

Ыймандын алсыздыгы дилдин кесели. Бул кесел: “Иштердин бардыгы Аллахтын колунда, жалгыз Анын Өзү гана пайда берүүчү, зыян жеткирү да Анын гана колунда”, – деген ыймандан алыстатат. Бул кесел каза жана кадарга болгон ыйманды да суздаштырат. Натыйжада, дили кесел бул бечара өзүнүн душманын күчтүү деп ойлойт. Аллахтын күчтүү жана улуу экендигин унутат. Аллахтын жолунда коркунучтар бар деп билет. Жалгыз Аллахка ибадат кылуу үчүн жаратылганын, азыр ал сыноодо экенин, ушул сыноодо болсо, мавкиф жана амалындагы бекемдиги менен нажат табышы важиб экендигин эстен чыгарат.  Ыйман “Аллахка дос бол, ошондо Ал да сага дос болот” деген негизден турушун унутат. Ошондуктан, Куръани Карим аяттары, Пайгамбарлар кыссалары жана алардын сийраттары тиги дили кесел адамдардын назарында эч бир тадаббур жана тафаккурсуз кыраат кылына турган жана жаттап алына турган турган куру аяттардан, этибарсыз окула турган кыссалардан жана ээрчүү шарт болбогон куру риваяттардан  туруп калат. Эгер кооп-коркунуч бастырып келсе, балээлер жакындашса же ырыскы, коопсуздук, дүйнө ырахаттары жана аларды тизгиндөө жөнүндөгү пикир өз тизгинин жоготуп, башы оогон жакка кетип калса, актануулар көбөйүп кетет, чегинүүлөр пайда болот, ээ болгон нерселери маанилүү болуп көрүнөт. Аллахтын буйрук жана кайтаруулары эсебине кафирлерди ыраазы кылып болсо да, ээ болгон бул маталарды сактап калууга умутулуулар болот. Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَاالَّذِينَآمَنُوالَاتَتَّخِذُواالْيَهُودَوَالنَّصَارَىٰأَوْلِيَاءَۘبَعْضُهُمْأَوْلِيَاءُبَعْضٍۚوَمَنيَتَوَلَّهُممِّنكُمْفَإِنَّهُمِنْهُمْۗإِنَّاللَّهَلَايَهْدِيالْقَوْمَالظَّالِمِينَ (51) فَتَرَىالَّذِينَفِيقُلُوبِهِممَّرَضٌيُسَارِعُونَفِيهِمْيَقُولُونَنَخْشَىٰأَنتُصِيبَنَادَائِرَةٌۚفَعَسَىاللَّهُأَنيَأْتِيَبِالْفَتْحِأَوْأَمْرٍمِّنْعِندِهِفَيُصْبِحُواعَلَىٰمَاأَسَرُّوافِيأَنفُسِهِمْنَادِمِينَ

Эй момундар, яхудий жана насранийлерди дос тутпагыла! Алардын кээ бирөөлөрү кээ бирөөлөрүнө дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте, Аллах залим коумду хидаят кылбайт. Демек, силер дилдеринде мараз-ооруусу болгон кимселердин бизге бирээр балээ жетишинен коркобуз, деген абалдарында алар (кафирлер) тарапка шашып жатышканын көрөсүңөр. Кана эми Аллах мусулмандарга жеңиш берсе же өз алдынан (бул мунафык кимселерди шерменде кыла турган) бирээр ишти келтирип, алар ичинде жашырынган нерселерине өкүнүп калуучуларга айланып калышса”. [5:51-52]

Ошондуктан, бул тайпадагы адамдардын эң туура амалий жолдон т.а. шаръий тарыйкаттан өздөрүн алып качышы, ар түрдүү орунсуз иштерди кылышы, өз ойлорун турмушта колдонуу үчүн ар түрдүү шылтоолорду ойлоп табышы эч бир таң калычтуу эмес. Дилинде кири, мерези болгон тиги ыйманы алсыздар өздөрүн оңдоочулар деп ойлошот, калыс экендигин баса белгилешет. Кийин болсо, мына ушул оңдоо жана өзгөртүү үчүн таруудай акылы бар, жамандыгына караганда жакшылыгы көп, Аллахтын кадарын билген жана Аллахка ыйманы бекем болгон  адам айтууга да батынбай турган манхаж жана жолдорду сунушташат. Ошондуктан, алар тараптан өкүмдарларды жараштыруу, аларды жакшы көрсөтүү, алардын кылган иштерин актоо, алардын иштерине шаръий түс берүүгө чакыруу сыяктуу өтө беймаани сунуштарды угабыз. Алардан алсыздыкты, зарылдыкты дааба кылуу, Үммөттү ардактоону дааба кылуу сыяктуу арзыбаган сунуштарды угабыз. Негизи, иш андай эмес. Тескерисинче, алардын бул сунуштары дүйнө маталарына жана өздөрүнүн көңүл-каалоолоруна жабышып алуу болуп эсептелет. Ошондуктан, алар өздөрү сезбеген абалда өздөрүн шерменде кылышат. Аллах Таала айтат:

أَرَأَيْتَمَنِاتَّخَذَإِلَٰهَهُهَوَاهُأَفَأَنتَتَكُونُعَلَيْهِوَكِيلًا (43)

أَمْتَحْسَبُأَنَّأَكْثَرَهُمْيَسْمَعُونَأَوْيَعْقِلُونَۚإِنْهُمْإِلَّاكَالْأَنْعَامِۖبَلْهُمْأَضَلُّسَبِيلًا

Кабар берчи, ким напси балээлерин кудай кылып алган болсо, сен анын үстүнөн өкүл – кароолчу болосуңбу?! (Жок сенин милдетиң напис балээсине кулдук кыла турган кишилерди бул кьшмыштарынан сактоо – коруу эмес, тескерисинче Биз сага жиберген вахийди пенделерибизге жеткирүү гана). Же сен алардын көптөрүн (акыйкат сөздү) уга алышат же түшүнө алышат деп ойлойсуңбу?! (Андай эмес, анткени) алар эч нерсе эмес, бар болгону үй айбандары сыяктуу. Жок, алар дагы да жолдон түгөл адашкан адамдар. [25:43-44]

أَفَرَأَيْتَمَنِاتَّخَذَإِلَٰهَهُهَوَاهُوَأَضَلَّهُاللَّهُعَلَىٰعِلْمٍوَخَتَمَعَلَىٰسَمْعِهِوَقَلْبِهِوَجَعَلَعَلَىٰبَصَرِهِغِشَاوَةًفَمَنيَهْدِيهِمِنبَعْدِاللَّهِۚأَفَلَاتَذَكَّرُونَ

(Эй Мухаммад), көңүл каалоосун өзүнө «кудай» кылып алган жана Алла аны билген соң жолдон аздырып, кулак менен көңүлүн мөөрлөп, көз алдына парда тартып койгон кишини көргөнсүңбү? Демек, аны Алла (жолдон аздырганы)нан соң ким хидаят кыла алат?! Акыры эскертме-үлгү албайсыңарбы?! [45:23](уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here